Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 01-10/5
Баткен шаар мэриясынын жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» 2011-жылдын 15-июлдагы №101 мыйзамынын 31-беренесинин 8-пункутуна ылайык, Баткен шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 23-мартында 4-чакырылыштын кезектеги 13-сессиянын №2-3/14 токтому менен бекитилген «Баткен шаарынын мэриясын жобосуна» өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндөгү мыйзамынын жаңы радакциясына ылайык, «Баткен шаар мэриясынын жобосу» жөнүндөгү шаар мэриясынын сунуштаган жобосун угуп, талкуулап чыгып Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Баткен шаарынын мэриясынын” жаңы редакцияда иштелип чыгылган жобосу, толуктоолор жана өзгөртүүлөр менен бекитилсин. (жобо тиркелет)
2. Баткен шаар мэриясынын жаңы редакцияда кабыл алынган жобосу шаар калкына шаардык “Өрүк зар” газетасы аркылуу аркылуу жеткирлсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы Ж.Алдашовага тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |
| Баткен шаардык Кеңешинин 2017-жылдын “17” “03_” №01-10/5 токтому менен бекитилген |
Баткен шаарынын мэриясы жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жобо
II. Негизги максаты жана иш чарасы
III. Укуктары жана милдеттери
IV. Баткен шаардык мэриясын реорганизациялоо жана ликвидациялоо.
I. Жалпы жобо
1.1 Баткен шаарынын мэриясы - жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруу органынын функцияларынын жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча мэрдин ишин камсыз кылат.
Шаардын аймагында чарбалык жана экономикалык жактан башкаруу үчүн, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо максатында башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы катары мэрия түзүлөт.
Баткен шаарынын мэриясынын юридикалык адреси:
720100,Баткен шаары, Исамидин Жусупов көчөсү №46
1.2 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мэр мэриянын аппарат кызматкерлерин дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.
Башкаруу органынын жоопттуу кызматкери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун административдик муниципалдык кызматкери болуп саналат.
Шаардын мэриясынын курамына түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөр кирет.
1.3 Мэриянын аппараты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген бөлүмдөрдөн жана секторлордон турган башкаруу органы болуп саналат.
1.4 Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актылары, Баткен шаарынын мэриясынын Жобосу Аппараттын ишмердигинин укуктук негизин түзөт.
1.5 Мэрдин ишмердигин, уюштуруу, укуктук, маалыматтык-аналитикалык жана башка жактан камсыздоо аппараттын негизги максаттары болуп саналат.
1.6 Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын, КР Президентинин жана Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Баткен шаарынын мэриясынын актыларын кыйшаюусуз аткарылуусун, мамлекеттик жана коомдук тартипти аппарат камсыз кылат.
1.7 Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы коллегиясынын отурумунун курамы мэр тарабынан бекитилет,коллегиянын төрагасы мэр болуп саналат жана коллегия ишмердүүлүгүн жүргүзөт, коллегиянын отурумунда каралуучу маселелер мэрдин буйругу менен бекитилет жана маселе коюлган айларда же кварталда отурум өткөрүлүп каралып, чечим кабыл алынат. Коллегиянын отуруму кеминде бир кварталда бир жолу өткөрүлөт.
1.8 Аппарат Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы коллегиянын отурумдарын, структуралык бөлүм башчылары менен өткөрүлүүчү кеңешмелердин, мэриянын алдындагы туруктуу комиссияларынын отурумдарын, башкаруу документтеринин долбоорлорун даярдоону уюштурат, кабыл алынган токтомдордун жана буйруктардын аткарылышын көзөмөлдөйт, перспективалык жана башка пландарды иштеп чыгууну, мэриянын ишмердигин документациялык камсыздоону камсыздап, мекеме, уюмдарга методикалык жардам көрсөтөт.
1.9 Аппарат өзүнүн функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
мекемелерден жана кызмат ээлеринен ишке керектүү түрдүү маалыматтарды, анын ичинде кабыл алынган тартипте жашыруун кагаздарды талап кылууга;
аныкталган кемчиликтерди четтетүү үчүн структуралык бөлүмдөрдүн катышуусу менен мэриянын жетекчилиги менен макулдашып, тиешелүү текшерүүлөрдү өткөрүүгө;
шаарда жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдары жана башка мекемелер, уюмдар жана шаар тургундары үчүн мэрдин катышуусу менен жана анын тапшырмасы боюнча көрсөтмөлөрдү берүүгө.
1.10 Мэриянын аппараттынын иш жүргүзүү маселелери мэриянын аппарат жетекчисине жүктөлгөн.
1.11 Аппараттын түзүлүшү жана штаттык структурасы мэр тарабынан аныкталат, аппаратты жана шаардын башкаруу органдарын камсыздоо шаардын бюджетинен жүргүзүлөт.
Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысы мэр болуп саналат. Мэрдин ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011-жылдын 15-июлундагы №101 сандуу мыйзамы менен аныкталат.
1.12 Мэр өзүнүн аткаруу функцияларын токтомдор жана буйруктарды даярдоонун тартиби мэриянын иштөө регламенти менен аныкталат.
1.13 Мэр өзүнүн аткаруу функцияларын ишке ашыруу максатында аткаруу бийлигинин аймактык жана структуралык бөлүмдөрүн түзөт жана алардын курамын, жоболорун бекитет.
1.14 Мэр өз ыйгарым укуктарынын чегинде токтомдорду жана буйруктарды кабыл алат, алар шаардын аткаруу бийлигинин бардык деңгээлдери, атуулдар жана шаардын ичиндеги бардык чарба жүргүзүүчү объектилер тарабынан аткарулуучу токтомдорду жана буйруктарды кабыл алат.
1.15 Мэриянын жетекчилигин төмөнкүлөр түзөт:
биринчи вице-мэр;
вице-мэр;
аппарат жетекчи.
Шаардын биринчи вице-мэри мэр жок учурда аны алмаштырат жана шаардын мэри жүктөгөн милдеттерди аткарат.
Шаардын вице-мэрлери жана аппарат жетекчиси шаардын мэринин алдында алар аткара турган функциялар үчүн жооп берет.
II. Негизги максаты жана иш чарасы
2.1 Баткен шаарынын мэриясы шаардын жашоо-турмушун камсыз кылуучу тутумдардын иштөөсүн жана өнүгүүсүн, шаардыктарга социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштурат.
2.2 Шаар бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана шаардык кеңеште бекитилгенден кийин аны аткарат.
2.3 Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн, калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана шаардык кенеште бекитилгенден кийин алардын аткарылышын камсыз кылат.
2.4 Шаардын өнүгүшү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат.
2.5 Тарых, архитектура жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат.
2.6 Шаар жерлерин жана муниципалдык менчик объекттерин сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана алар шаардык кеңеште бекитилгенден кийин аларды жүзөгө ашырат.
2.7 Ишканаларды менчиктештирүүгө жана тийиштүү орган менен макулдашуу боюнча социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык багыттардагы объекттерди, ошондой эле алардын иштөөсү үчүн зарыл болгон жабдууларды баланска алууга катышат, турак жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана ыңгайлаштыруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат.
2.8 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаар курулушунун башкы планын иштеп чыгат жана турмушка ашырат, табигый кырсыктардын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларды болтурбоо, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-иштиктүү иш-чараларды жүзөгө ашырат.
2.9 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
III. Укуктары жана милдеттери
3.1 Баткен шаардык мэриясы шаардын жашоо-турмушун камсыз кылуу боюнча муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин ишине жетекчилик кылат, бул иштин натыйжасы үчүн жооп берет.
3.2 Мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин координациялайт, алардын жетекчилерин дайындоого макулдук берет, буга судьялар, прокурорлор, улуттук коопсуздуктун мамлекеттик органынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен башка жогоруда көрсөтүлгөн аймактык бөлүмдөрдүн кызмат адамдары өздөрүнүн милдеттерин талаптагыдай эмес аткарган учурда аларды кызматтан четтетүү жөнүндө маселе коюуга укуктуу.
3.3 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаардык кеңеш менен макулдашуу боюнча шаардын вице-мэрлерин, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.
3.4 Жергиликтүү маанидеги масалелерди, ошондой эле өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды башкарууну жүзөгө ашырат, буга жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарына тиешелүү масалелер кирбейт.
3.5 Өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ойдогудай аткарууну уюштуруу үчүн түздөн-түз жооп берет.
3.6 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында, өкүмөттүк эмес, коомдук жана башка уюмдарында жана чет өлкөлөрдө шаардын атынан иш алып барат.
3.7 Кызматка киришкенден үч айдан кечиктирбестен шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын долбоорун иштеп чыгууну камсыз кылат жана аны бекитүү үчүн шаардык кенешке сунуш кылат.
3.8 Шаардык кенешке шаардык бюджеттин долбоорун сунуш кылат, шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчикти жана бюджеттен тышкары фонддун каражаттарын пайдалануу, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө шаардык кенештин алдында жылына эки жолудан кем эмес отчет берет.
3.9 Шаардык курултайда калкка өз ишинин натыйжасы жөнүндө эки жылда бир жолудан кем эмес маалымат берет.
3.10 Мыйзамга ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча шаардык кеңешке сунуш киргизет.
3.11 Шаардык кенештин сессиясын чакыруу жөнүндө сунуш киргизет, анын ишине катышат.
3.12 Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Президенке белгиленген тартипте өтүнүч кылат.
3.13 Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
IV. Баткен шаардык мэриясын реорганизациялоо жана ликвидациялоо.
4.1 Баткен шаарынын мэриясы реорганизациялоодо укуктары жана милдеттери укук алуучуга өткөрүлөт.
4.2 Баткен шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде жоюлат.
4.3 Баткен шаарынын мэриясы реорганизация жана ликвидациялоодо кызматкерлердин укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралат.
Баткен шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси |
Б.Токсонбаев |