Редакцияот 19.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кең-Арал айылдык Кеңешинин XXXIХ чакырылышынын кезектеги 2- сессиясы

 

2017-жылдын 19-январы № 2

Кең-Арал айылдык кеңешин жана туруктуу комиссиянын иш планын бекитүү жөнүндө

Кен-Арал айылдык кеңешинин XXXIХ -чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы, Кең-Арал айылдык кеңешинин жана туруктуу комиссияларынын иш пландарынын долбоорун карап талкуулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кең-Арал айылдык кеңешинин жана туруктуу комиссиялардын 2017-жылга бир жылдык иш планы бекитилсин.(тиркеме)

2. Иш-пландын аткарылышын көзөмөлгө алууга курамында 5 адамдан турган кеңешменин мүчөлөрү түзүлсүн

3. 2017-жылга түзүлгөн иш-план ар бир кварталда айылдык кеңештин сессиясында каралып иш-план боюнча жооптуулар өз убагында маалымат берүүсу милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин катчысы Н.Бейшеналиевага жүктөлсүн.

 

Төрага

И. Жумабеков

 

 

Кең-Арал айылдык кеңешинин  2017-жылдын 19-январындагы № 2 токтому менен бекитилген

 

Кең-Арал айылдык кеңешинин 2017-жылга карата бекитилген жылдык иш-планын кароо үчүн түзүлгөн кеңешменин курамы

1. Жумабеков И. –Айылдык кеңештин төрагасы,кеңешменин төрагасы

Мүчөлөрү:

2. К.Тыныбеков -айылдык кеңештин депутаты;

3. Д.Алымкулов -айылдык кеңештин депутаты;

4. Б.Темирбеков -айылдык кеңештин депутаты;

5. Н.Бейшеналиева -айылдык кеңештин катчысы;

 

Катчы

Н. Бейшеналиева