Редакцияот 20.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Будалык айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы

 

2016-жылдын 20-апрели № 1/9

Будалык айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын түзүп бекитүү жөнүндө

Будалык айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушу менен Будалык айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Будалык айылдык кеңешинде төмөндөгүдөй туруктуу комиссияларын түзүлүп бекитилсин. (тиркелет)

· Мыйзамдуулукту сактоо, укук тартибин чындоо,кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана этика боюнча туруктуу комиссия

· Билим берүү, спорт, ден-соолук,жаштар иштери жана маданий массалык иштерди уюштуруу боюнча туруктуу комиссия

· Айыл чарбасы,жер агрардык маселелер,экология жаратылышты коргоо, өзгөчө кырдаалдар,жол, транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссия

· Жергиликтүү бюджет,муниципалдык менчик, салык маселелери боюнча туруктуу комиссия.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, туруктуу комиссияларга милдеттендирилсин.

 

Төрага

С. Рахматов

 

 

Будалык айылдык кеңешинин №1/9 токтомуна №1 тиркеме

 

Будалык айылдык кеңешинде туруктуу комиссияларын

Курамы:

Мыйзамдуулукту сактоо, укук тартибин чындоо,кылмыштуулукка кашы курөшүү жана этика боюнча туруктуу комиссия

1. Караев Сагын -комиссиянын төрагасы

2. Мурзакулов Нургазы - комиссиянын мүчөсү

3. Омонов Зайырбек - комиссиянын мүчөсү

Билим берүү, спорт, ден-соолук,жаштар иштери жана маданий массалык иштерди уюштуруу боюнча туруктуу комиссия

Арапбай уулу Улан -комиссиянын төрагасы

Топчуева Асел - комиссиянын мүчөсү

Алиев Медер - комиссиянын мүчөсү

Айыл чарбасы,жер агрардык маселелер,экология жаратылышты коргоо,өзгөчо кырдаалдар,жол, транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссия

1. Алиев Шерик -комиссиянын төрагасы

2. Каримов Залкар - комиссиянын мүчөсү

3. Аринов Сагын - комиссиянын мүчөсү

Жергиликтүү бюджет,муниципалдык менчик, салык маселелери боюнча туруктуу комиссия.

1. Аринов Сагын -комиссиянын төрагасы

2. Мурзакулов Нургазы - комиссиянын мүчөсү

3. Арапбай уулу Улан - комиссиянын мүчөсү

 

Жооптуу катчы

Ж. Осмонова