Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Будалык айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын кезексиз 2-заседаниеси
2016-жылдын 26-майы № 2/1
Будалык айылдык Кеңешинин 2016-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Будалык айылдык Кеңешинин 2016-жылга карата түзүлгөн иш планы менен таанышып жана талкуулап Будалык айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык айылдык Кеңешинин 2016-жылга карата Будалык айыдык Кеңешинин типтүү Регламентинин 1-бөлүгүнүн 1.2 пункттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 4-главасынын 28-беренесинин 4-пунктуна таянып, 31-беренесине ылайык иш планы түзүлүп ,бекитилсин.( тиркелет.)
2. 2016-жылга карата түзүлгөн иш пландын аткарылышын камсыз кылуу жана аткарылышы боюнча берип туруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана тиешелүү адистерге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көмөлдөө бардык туруктуу комиссияларга милдеттендирилсин.
Төрага | С. Рахматов |
Будалык айылдык кеңешинин 2016-жылдын кийинки кварталдарына түзүлгөн
II-квартал
2016-жылдын Тарых жана маданият жылына айыл өкмөтүндөгү аткарылып жаткан уюштуруучулук иштер жөнүндө.
2016-жыл Айылдык кеңештин Июнь айы туруктуу комиссиясы.
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында айыл өкмөтүндөгү салыктын бардык түрлөрүнөн жана кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерди ижарага берүүдөн түшүүчү ижара акыларынын өндүрүлүшүнүн абалы жөнүндө.
2016-жыл Айылдык кеңештин Июнь айы туруктуу комиссиясы.
III Квартал
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерге билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча иштери жана мектепке чейинки билим беүү мекемелеринде аткарылып жаткан иштери жөнүндө.
2016-жыл Айылдык кеңештин сентябрь айы туруктуу комиссиясы.
Айыл өкмөтүндө каада- салт ырым- жырымдарды тойлорду өткөрүүдө ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча түзүлгөн комиссиянын жүргузуп жаткан иштери жөнүндө.
2016-жыл Айылдык кеңештин сентябрь айы туруктуу комиссиясы.
IV Квартал
Будалык айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин долбоорун түзүү жөнүндө .
2016-жыл Айылдык кеңештин декабрь айы туруктуу комиссиясы.
Будалык айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын социалдык- экономикалык пландын аткарылышы 2017-жылга социалдык- экономикалык планды долборлоо жөнүндө.
2016-жыл Айылдык кеңештин декабрь айы туруктуу комиссиясы.