Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-январы № 2/5
Жаңы-Алай айыл өкмөтүңүң 2013-2017-жылдарга карата социалдык –экономикалык өнүгүүнүн стратегиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүңүң 2013-2017-жылдарга карата социалдык –экономикалык өнүгүүнүн стратегиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 6 - шайланган кезексиз 2 - заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүңүң 2013-2017-жылдарга карата социалдык –экономикалык өнүгүүнүн стратегиясына өзгөртүүлөрдү киргизилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А. Исмаиловго,көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | О. Акбашов |
| Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 6 - шайланган кезексиз заседаниесинин 27-январь 2017-жылдын №2/5 токтомуна тиркеме №1 |
Жаны-Алай айыл өкмөтүңүң 2013-2017-жылдарга карата социалдык –экономикалык өнүгүүнүн стратегиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү.
Айыл чарба техникалары жетишсиз айрыкча комбайн.
Жаны-Арык айылында насостук станцияны УОСтун балансасына өткөрүү.
Турак жай куруу учун Мады участкасындагы 46 га жер аянтын трансформациялоо боюнча иш жүргүзүү.
Жаны-Алай айылындагы С.Ашимов атындагы орто мектебинин имаратынын эскилиги,талапка жооп бербегенине байланыштуу жаны имаратын курууну баштоо.
Уроон, жер семирткичтердин аздыгы жана күйүүчү майдын кымбаттыгы.
Жаны-Алай айылына 60 орундуу бала бакчанын имаратын курулушуна долбоор жазып,бейөкмөт уюмдар менен иштөө.
Жаны-Арык айылындагы И. Умаров мектебинин спорт залынын курулушун баштоо.
Жаңы-Арык айылына ФАПтын жаны имаратын куруу.
Жаны-Алай айылына УДТ тобун врач менен камсыз кылуу.
Жаны-Алай айылындагы Курманжан Датка,Алымбек Датка көчөлөрүнө электр столбаларын,зымдарын тартуу.
Ички жолдорго шагыл төгүү.
Жаны-Арык айылындагы Жаңы-Арык балдар бакчасынын короосун тосуу жана ойноо площадкасы менен камсыз кылуу.
Ички арыктарга латокторду жайгаштыруу.
Жаны-Алай жана Жаны-Арык айылдарына интернет байланышын тартуу.
Көчөлөрдү жарыктандыруу
Жооптуу катчы | А. Мамаева |