Редакцияот 16.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы

 

2017-жылдын 16-февралы № 3

Могол айылдык Кеңешинин жана туруктуу комиссияларынын 2017-жылга түзүлгөн иш-пландарын бекитүү

Могол айылдык Кеңешинин жана туруктуу комиссияларынын 2017-жылга түзүлгөн иш-пландарынын долбоорлору менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги III-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Могол айылдык Кеңешинин 2017-жылга түзүлгөн иш-планы № 1-тиркемеге  ылайык бекитилсин.

2. Иш-пландын аткарылышын камсыз кылуу Могол айылдык Кенешинин катчысы Б.Алыбаевага милдеттендирилсин.

3. Могол айылдык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын 2017 -жылга түзүлгөн иш-пландары № 2,3,4,5-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Иш-пландарынын аткарылышын камсыз кылуу туруктуу комиссияларынын төрагаларына милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Р.Юлдашовко жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Омурзаков

 

 

Тиркеме № 1

 

Могол айылдык Кеңешинин 2017-жылга карата

ИШ ПЛАНЫ

 

№

Каралуучу иш пландардын мазмуну

Убактысы

Ким даярдайт

1

1. Могол айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга аткарылышы жана 2017-жылга түзүлүшүн, 2018-2019-жылдарга божомолун бекитүү.

2. Могол айылдык Кеңешинин иш планын бекитүү.

3. Туруктуу комиссияларынын иш пландарын бекитүү

4. Айыл аймагынын 2017-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү.

 

 

 

 

I-кв

 

 

 

 

Депутаттык топ

2

1. Кылмыштуулукту алдын алуу чаралары жана айыл аймагын тейлеген милициянын участкалык инспекторлорунун аткарган иштеринин отчетун угуу

 

 II -кв

 

Депутаттык топ

3

1. Могол айылдык Кенешинин аймагындагы социалдык обьекттердин учурдагы оңдоодон чыгарылышы жана кышка даярдыгы жөнүндө.

 

 III -кв

 

Депутаттык топ

4

Могол айыл аймагынын 2017-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча отчетун угуу.

 

 

IV- кв

 

 Депутаттык топ

 

 

Тиркеме № 2

 

Элге билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын 2017-жылга карата

Иш планы

 

№

Каралуучу иш пландар жана мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Кимдер даярдайт

1

2017-жыл «Ыйман, адеп жана маданият» жылан карата иш чараларды өткөрүлүшүнүн абалын көзөмөлдөө.

Жыл ичинде

Депутаттык топ

2

Жаштарга билим берүү жана жаштар менен иш алып баруу чаралары

1-5-9 айларда

Депутаттык топ

3

Калктын саламаттыгын сактоо жугуштуу оорулардын алдын алуу

2-3-4-9 айларда

Депутаттык топ

4

Мектептердин кезектеги ремонтун жүргүзүү, шашке чай берүү абалын текшерүү

2-4-9-10 айларда

Депутаттык топ

5

Жаштар арасында миграцияны азайтуу жана жумуш ордун түзүү чаралары

2-4-9-10 айларда

Депутаттык топ

6

Айылдык кеңешинин аймагындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелердин кышка даярдыгын көрүү

9-10-11 айларда

Депутаттык топ

7

Электр тармактары боюнча жана байланыш бөлүмдөрүнүн иштөө абалын кароо.

2-7-12 айлар

Депутаттык топ

8

Электр энергиясын эсептөө жана акчасын төлөөнү почта бөлүмүнө которуу боюнча иш алып баруу.

Жыл ичинде

Депутаттык топ

9

Билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде иштеп жаткан кызматкерлердин социалдык абалын кароо, билим денгээлин жогорулатуу боюнча иш чараларын кароо, маданият мекемелеринин жана кызматкерлеринин ишин жана иштоо тартибин кароо.

Жыл ичинде

Депутаттык топ

10

Калктын саламаттыгын сактоо боюнча балдарга жугуштуу ооруларды алдын алууга эмдөөлөрдү жүргүзүү абалы

Жыл ичинде

Депутаттык топ

11

Жаштар арасында спорттук мелдештер, маданият иш чараларды уюштуруунун жүрүшү жөнүндө

Жыл ичинде

Депутаттык топ

12

Жакыр жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн социалдык абалын жана аларга берилүүчү жөлөк акча материалдык жардамдардын берилүүсүнүн абалын кароо

Жыл ичинде

Депутаттык топ

13

Жаш үй-бүлөлөргө там арка жер аянтын бөлүп берүүнү кароо

Жыл ичинде

Депутаттык топ

14

Той жана өлүмдөрдөгү ашыкча чыгымдарды жана ысырапкорчулукту жоюу жана жөнгө салу,

Жыл ичинде

Депутаттык топ

15

Гуманитардык жардамдарды крийтерийге ылайык берилүүсүн көзөмөлдөө.

Жыл ичинде

Депутаттык топ

16

Окубай жүргөн балдарды мектепке тартуу боюнча иш чараларды жүргүзүү

Жыл ичинде

Депутаттык топ

17

Тоголок жетим жана мүмкүнчүлүгү чектелген абалы оор болгон балдардын абалын кароо.

Жыл ичинде

Депутаттык топ

18

Айыл аймактын ички жолдорун оңдоо иштерине көзөмөл жүргүзүү

Жыл ичинде

Депутаттык топ

19

Ижара акы менен бирге социалдык төлөмүн төлөө шарттарын түзүү жана ишке ашыруу.

Жыл ичинде

Депутаттык топ

 

 

Тиркеме № 3

 

Могол айылдык Кеңешинин экономика, план, бюджет, өнөр жай, курулуш, транспорт жана элге кызмат көрсөтүү боюнча Могол айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиянын 2017-жылга карата

Иш планы

 

№

Каралуучу иш пландар жана мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Кимдер даярдайт

1

Могол айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата түзүлгөн бюджетин талдоо жана сессияга алып чыгуу

I- квартал

Депутаттык топ

2

Могол айыл аймагындагы мекемелердин жылдык отчётун жана проблемаларын угуу.

II- квартал

Депутаттык топ

3

Айыл аймагында кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.

Ар квартал сайын

Депутаттык топ

4

Инвестицияларды кароо жана аларды эффективдуу пайдалануусуна көмөк көрсөтүү.

Ар квартал сайын

Депутаттык топ

5

Айыл өкмөтүндө отуп жаткан тендерлерге катышу.

Ар квартал сайын

Депутаттык топ

6

Экономикалык кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү.

Ар квартал сайын

Депутаттык топ

7

Могол айыл аймагында жайгашкан мекеме, иш-каналарга жана элге берилген бюджеттен каралган акча каражатын көзөмөлдөө.

Ар квартал сайын

Депутаттык топ

 

 

Тиркеме № 4

 

Могол айылдык Кенешинин алдындагы мыйзамдуулук жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиянын 2017-жылга карата иш планы

№

Каралуучу иш-пландар жана мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Ким даярдайт

1

Коомдук тартипти сактоо жана алардын алдын алуу максатында иш алып баруу.

А) Мыйзамсыз спирттик ичимдиктердин сатуунун эрежелерин тартипке салуу.

Б)Түнкү рейдерди тез-тез өткөрүү.

В)Коомдук жайларда жумуш убагында спирт ичимдигин ичип жүргөндөргө мыйзам чегинде адмистративдик айып пулдарды салу абалын кароо

 

1-4 квартал

 

Туруктуу комиссия.

Участкалык инспектор.

2

Могол айыл аймагында ар бир айылда түзүлгөн аксакалдар сотторунун жүргүзгөн иштери жөнүндө

Ар бир кварталда

Туруктуу комиссия

3

Могол айыл аймагындагы тартиптин сакталышы боюнча милициянын участкалык инспекциясынын жүргүзгөн иштери жөнүндө.

А)Милициянын участкалык инспекциясынын отчетторун угуу.

Б) Азыркы учурда мал уурулук көбөйүп кеткендигине байланыштуу кандай чараларды аткарып жатат жана алдында турган иштери жөнүндө маалыматын угуу.

 

 

 

 

Ар бир кварталда

 

 

 

Туруктуу комиссия.

Участкалык инспектор

4

Могол айыл аймагынын алдындагы коомдук тартипти бузгандар менен профилактикалык иш алып бару жана жекече иш жүргүзүү.

А) Ар бир айылдын аксакалдар комитети менен коомдук тартипти сактоо боюнча иш алып баруу.

Б)Жаштар уюму менен биргеликте дайыма иш алып барып туруу.

В)Аялдар комитети менен тыгыз байланышта иш алып баруу.

Г) Мектеп рекети жана диний экстремизм, улуттар аралык тартипти сактоо боюнча иш алып баруу.

 

1-4 квартал

 

Туруктуу комиссия

5

Могол айыл аймагында коомдук тартипти бузгандарды биринчиден Аксакалдар соту жана Депутаттар аркылуу чечуу колго алынсын жана чечүүгө мумкунчулук болбосо, анан ички иштер органына кайрылуу иштерин жүргүү боюнча иш алып баруу.

 

 

1-4 квартал

 

 

Туруктуу комиссия

6

Туруктуу комиссиянын аткарган иштери жөнүндө жылдык отчетун угуу.

Жыл аягында

Туруктуу комиссия

 

 

Тиркеме № 5

 

Могол айылдык Кенешинин алдындагы агрардык азык түлүк, токойчулук жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын 2017-жылга карата иш планы

№

Каралуучу иш пландар жана мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Ким даярдайт

1.

Ачы токой чарбасынын 2015-жылда аткарган иштеринин отчетун угуу.

 1-квартал

Депутаттык топ

2.

Токойду сактоо боюнча жургузулуп жаткан иштеринин абалын.

 2-квартал

Депутатык топ

3.

Ижарага берилген жерлердин айдалбай калышы жана зыяндуу ото чөптөрдөн арылуу, которуштуруп айдоо боюнча иш алып баруу

 3-квартал

Депутаттык топ

4.

Могол айыл аймагындагы социалдык абалы начар үй-бүлөөлөргө жана социалдык объектерге кышка карата отун менен камсыз болуу абалы жөнүндө.

 4-квартал

Депутаттык топ