Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-декабры № 01-5/133
Департаментин штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу Департаментин 2015-жылга киреше бөлүгү 900000(тогуз жүз миң) сом акча каражатын түзүп анын ичинен жер тилкелерин ижарага берүүдөн 800 000(сегиз жүз миң) сом акча каражатын жана сатуудан 100 000(бир жүз миң) сом акча түшөөрүн, чыгаша бөлүгү 548 000(беш жүз кырк сегиз миң) сом акча каражатын түзүп анын ичинен; департаментин 4 штаттык бирдигине айлык акы үчүн 399 000(үч жүз токсон тогуз миң) сом акча каражаты, социалдык фондко чегерүүлөр 59 000(элүү тогуз миң) сом акча каражаты, сапар чыгымы үчүн 60 000(алтымыш миң) сом акча каражаты жана 30 000(отуз миң) сом акча каражатын түрдүү чыгым, калган 352 000(үч жүз элүү эки миң) сом акча каражатын жергиликтүү бюджетке которуу боюнча муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысы Ч.Осоровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31 жана 32-беренесине жана муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин Жобосуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысы Ч.Осоровдун маалыматын эске алынсын.
2. Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин төрт штаттык бирдиги № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Муниципалдык менчикти башкару Департаментинин 2015-жылга чыгаша бөлүгү № 1 тиркмеге ылайык 548 000(беш жүз кырк сегиз миң) сом суммада жана киреше бөлүгү 900 000(тогуз жүз миң) сом сумма өлчөмүндө бекитилсин.
4. Департаментин аткарган иштери боюнча жарым жылда бир жолудан кем эмес шаардык Кеңешке отчёт берип туруу жагы Департаментин башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б. Артыков |
| БЕКИТИЛДИ Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 29-декабрындагы кезектеги XXIII сессиясынын № 01-5/133 токтомуна № 1 тиркеме
|
Кочкор-Ата шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу
Департаментинин 2015-жылга штаттык бирдиги жана чыгаша, киреше бөлүгү
№ | Ээлеген кызматы | Штаттык бирдиги | Айлык маянасы (миң сом менен) |
1 | Департаменттин башчысы | 1 | 12,0 |
2 | Жер аянттары боюнча башкы адис | 1 | 8,0 |
3 | Бухгалтер | 1 | 6,0 |
4 | Айдоочу | 1 | 2,5 |
| Жалпысы: | 4 | 28,5х14оклад=399,0 |
Департаменттин киреше бөлүгү
№ | Кирешенин аталышы | Түшүүчү акча каражаттын суммасы (миң сом менен) |
1 | Жер аянттарын ижарага берүүдөн | 800,0 |
2 | Жер аянттарын жеке менчикке сатуудан | 100,0 |
| Жалпысы: | 900,0 |
Департаменттин чыгаша бөлүгү
№ | Статьялардын аталышы | Статьянын коду | Сумма (миң сом менен) |
1 | Эмгек акы үчүн | 2111 | 399,0 |
2 | Социалдык фондко чегерүү | 2121 | 59,0 |
3 | Сапар чыгымы үчүн | 2111 | 60,0 |
4 | Түрдүү чыгымдар үчүн | 22156900 | 30,0 |
| Жалпысы: |
| 548,0 |