Загрузка документа…
(Токтогул шаардык кеңешинин 2016-жылдын 1-мартындагы № 71 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-марты № 38
Токтогул шаардык кеңешинин 02.05.2014-жылдагы № 3 токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынына ылайык, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаттарынын 18.11.2014-жылдагы сунушун карап, талкуулап, Токтогул шаардык кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаттарынын сунушу жактырылып, “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизилсин.
2. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Раманкулов Тынчтыкбек Аскарович “Билим берүү, медицина, маданият, спорт, жаштар саясаты, экология-санитардык абал, мамлекеттик стандарт боюнча” туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылып, “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо жагы “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясына (М.Солтоева) тапшырылсын.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
К. Дербишев |