Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-марты № 71
Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын аталыштарын жана курамын өзгөртүп түзүү жана бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына, Токтогул шаардык кеңешинин Регламентине ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын аталыштарын өзгөртүү жана курамын өзгөртүп түзүү жөнүндө сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогоруда айтылгандардын негизинде Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төмөндөгү өзгөртүлгөн аталышы жана курамы жактырылып, бекитилсин.
2. “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясы:
Төрайымы: Солтоева Мира Анарбековна
Мүчөлөрү: Болгонбеков Болот Турдуевич
Сыргабаев Ормонбек
Чоюбекова Анархан Сарыпбековна
Раманкулов Тынчтык Аскарович
“Билим берүү, медицина, маданият, калктын социалдык абалы, даректүү жардам жана жумушсуздук, экология-санитардык абал, мамлекеттик стандарт боюнча” туруктуу комиссиясы:
Төрайымы: Ондошова Майрамкан
Мүчөлөрү: Джоробаева Гулсара Абдуллаевна
Исраилов Адыл Токтомушевич
Чалбаева Нурия Сарматовна
“Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чындоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиясы:
Төрагасы: Исаков Максат Муктарбекович
Мүчөлөрү: Өмүржан уулу Мирбек
Аблесов Мирлан Амантурович
Кубатов Улан Асылбекович
“Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясы:
Төрагасы: Орозов Айбек Талантбекович
Мүчөлөрү: Сыдыков Абдымомун Нурказакович
Молдоказиев Нурбек Таштанбекович
Карасартов Туратбек Акималиевич
Давлеталиев Ибраим Сатарович
3. Токтогул шаардык кеңешинин компетенциясындагы баардык маселелерди алдын ала кароо, даярдоо, кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, көзөмөл жүргүзүү бардык туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнүн жана төрагаларынын (М.Солтоева, М.Ондошева, М.Исаков, А.Орозов) милдети экендиги баса белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын жооптуу катчы (С.Наралиева) контролго алсын.
5. Токтом мамлекетти тилде кабыл алынды.
6. Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 02.05.2014-жылы I уюштуруу сессиясында кабыл алынган № 03 токтому, 14.03.2015-жылы кезектеги VII сессиясында кабыл алынган № 38 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
7. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | К. Дербишев |