Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 135/18-3
Токмок шаардык кеңешинин 15.04.2014-ж. 103/14-3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“Токмок турак жай колдонуу участогу” муниципалдык ишканасынын директору Т.Алыбаевдин 29.10.2014-ж. № 23 кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык Кеңешинин 15.04.2014-ж. 103/14-3 “Көп батирлүү турак үйлөрдүн техникалык кармоосуна жана тейлөөсүнө тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтомунун 1-п. төмөнкүдөй редакцияда жазылсын:
“2015-жылдын 1-мартынан баштап, “Токмок турак жай колдонуу участогу” муниципалдык ишканасынын көп батирлүү турак үйлөрдүн техникалык кармоосуна жана тейлөөсүнө тариф айына 1 ч.м. жалпы аянт үчүн 2с.20т. (эки сом жыйырма тыйын) өлчөмүндө бекитилсин”.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Р. Таманбаев |