ТоктомКүчүндө

Токмок шаардык кеңешинин 2015-жылдын 19-февралындагы № 135/18-3 «Токмок шаардык кеңешинин 15.04.2014-ж. 103/14-3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция19.02.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН III ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XVIII СЕССИЯСЫ

 

2015-жылдын 19-февралы № 135/18-3

Токмок шаардык кеңешинин 15.04.2014-ж. 103/14-3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

“Токмок турак жай колдонуу участогу” муниципалдык ишканасынын директору Т.Алыбаевдин 29.10.2014-ж. № 23 кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаардык Кеңешинин 15.04.2014-ж. 103/14-3 “Көп батирлүү турак үйлөрдүн техникалык кармоосуна жана тейлөөсүнө тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтомунун 1-п. төмөнкүдөй редакцияда жазылсын:

“2015-жылдын 1-мартынан баштап, “Токмок турак жай колдонуу участогу” муниципалдык ишканасынын көп батирлүү турак үйлөрдүн техникалык кармоосуна жана тейлөөсүнө тариф айына 1 ч.м. жалпы аянт үчүн 2с.20т. (эки сом жыйырма тыйын) өлчөмүндө бекитилсин”.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Р. Таманбаев