Загрузка документа…
(Жумгал айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-февралынын № 5 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-январы № 4
Жумгал жана Лама айыл аймактарында таштандыларды төгүүчү жайлар жоктугуна байланыштуу жер аянтын карап,бөлүп берүү жөнүндө
1.Жумгал айыл аймагына караштуу Жумгал, Лама айылдарында элдин таштанды төгүүчү жайдын жоктугуна байланыштуу жер аянты элдин ден-соолугуна жана калкка коопсуздук келтирилбегендей жана экологиянын талаптарына ылайык Жумгал айылына Кара-Таш участкасынан 1 га жер аянтчасы ,Лама айылына кичи
Кара-Жон участкасынан 0,30 га(сотых) жер аянтчасы таштанды төгүүгө , пайдаланууга берилсин.
2.Таштанды төгүүчү аянттардын жерлерин аныктоо , жерлерди ченеп берүү жана жер боюнча чечим, буйруктарын чыгарып берүү жагы Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Болоталиевге милдеттендирилсин.
4.Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппартынан каттоодон өткөрүлүп ,jumgal.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси У.Нуркуловго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Санташов |