Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июну №150
Бишкек шаарынын көчөсүн атоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндө» мыйзамына ылайык, Бишкек шаарында топонимика жана ысымдарды түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын 2014-жылдын 22-апрелиндеги жыйынынын № 2 протоколун эске алып, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын «Джал-23» кичи районундагы И. Ахунбаев көчөсүнөн «Онтарио» комплексине чейинки жаңы түзүлгөн көчөгө «Онтарио» аталышы ыйгарылсын (схема тиркелет).
2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте аншлагдарды орнотууну жүргүзсүн.
3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Б. Ж. Берикбаев), Бишкек шаардык архитектура жана шааркурулушу боюнча башкы башкармалыгы (Б. А. Абдиев) эсепке алуу, инвентаризациялык маалыматтарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шааркурулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэрине (Б. О. Дюшембиев) жүктөлсүн.
Төрага | М. А. Аманкулов |