Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-майы № 4
“Кызыл-Туу” жайыт комитетинин 2015-жылга карата бюджети жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын жана 2009-жыл 26-январь №30 “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 4-6-8-10-беренелеринин негизинде “Кызыл-Туу” жайыт комитетинин төрагасы Т.Исаковдун маалыматын угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кызыл-Туу” жайыт комитетинин 2014-жылдагы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. “Кызыл-Туу” жайыт комитетинин 2015-жыга карата түзүлгөн бюджети №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жайыттарды мыйзамдуу пайдалануу жана токтомдун аткарылышын колго алуу жагы “Кызыл-Туу” жайыт комитетинин торагасы Т.Исаковго милдеттендирилсин.
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрайымы | Т. Наримбетова |
Киреше бөлүк
1. Жайыт жерлеринен түшкөн акчалай киреше (8105 га) - 780200 сом
Чыгаша бөлүк
Төраганын маянасы- 10 айга 7000 сомдон 70000 сом
Төраганын орун басарынын маянасы- 10 айга 5500 сомдон 55000 сом
Бухгалтеринин маянасы- 10 айга 5500 сомдон 55000 сом
Адисинин маянасы-10 айга 5500 сомдон 55000 сом
Кок-Арт жана Кызыл-Суу жайлоосунда турган постто турган жумушчунун маянасы- 2 айга 4000 сомдон 8000 сом
Соцфонд төлөмдөрү- 10 айга 4105 сомдон 41055 сом
Жайыт жерлеринин салыгы- 12 айга 10818 сомдон 129810 сом
Сатуу салыгы 3%- 12 айга 2034 сом
Таза кирешелерден алынуучу салык- 12 айга 1008 сомдон 12098 сом
Эмерек жана инвентар сатып алуу- 20000 сом
Жайыт инфрасруктураларын жакшыртуу (жол, көпүрө)- 197831 сом
Транспорттук чыгымдар- 6500 сом
Электро энергия чыгымдары- 5000 сом
Кенсе товарлар, компьютер кызматы- 9000 сом
Сапар чыгымдары- 8000 сом
Башка чыгымдар- 30000 сом
Бардык чыгымдар- 780200 сом