Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-декабры № 69/11-3
Токмок шаарындагы үй жаныбарларын жана канаттууларды кармоонун» эрежесин бекитүү жөнүндө
Токмок шаарынын Шаардык чарба муниципалдык башкармалыгынын башкаруучусу Н.С.Сыдыгалиевдин өтүнмөсүн карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ», «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, ошондой эле туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Токмок шаарындагы үй жаныбарларын жана канаттууларды кармоонун» эрежеси бекитилсин (тиркелет).
2. Ушул токтомду Шаардык чарба муниципалдык башкармалыгы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, өнөр жай, курулуш, архитектура, унаа жана турак-жай коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. вице-мэри Ж.Ж.Шамыралиевге жүктөлсүн.
Төрага | Р.Таманбаев |
| Токмок шаардык Кеңешинин 2013-жылдын “12” декабрда №69/11-3 токтому менен бекитилген
|
Курулуш ченемдери жана эрежелеринин “Шаар куруу” бөлүмүнүн эрежелери 2.07.01-89 п.2.19., ошондой эле САНПИНдин 2.1.2.586-96, Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамдарынын,Ветеринардык мыйзам чыгаруу,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 10-августундагы №377 Токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ветеринардык инспекциясы жөнүндө жобонун негизинде Токмок ш. үй жаныбарларын жана канаттуларын кармоо эрежелери иштелип чыккан.
Эрежелер Токмок ш. эпизоотехникалык жана эпидемиологиялык бейпилдикти камсыздоо боюнча, жаратылышты коргоомаселесиндеги ветеринардык –санитардык чечимдердин, мамлекеттик, коомдук, чарбачылык жана атайын иш-чаралар комплексин камтыйт.
Токмок ш. аймагындагы, ведомстволордун карамалыгына, менчик формасына карабай,жаныбарларды жана канаттуларды кармоо, колдонуу жана уулоо, ошондой эле жаныбарлардан жана чийки малдарданкелип чыгуучу азыктардыөндүрүү, даярдоо, иштеп чыгаруу, транспортировкалоо, сактоо жана сатууменен алек болгон,бардык юридикалык жана жеке жактар бул эрежени аткарууга милдеттүү.
Токмок ш. төмөнкүлөргө уруксат берилет:
I.Мал короодо ар бир малга бөлүп койгон жайда өнүмдүү жаныбарларды жана канаттууларды жеке үйлөрдүн аймагында төмөнкү санда:
1. Эки уйду, бир жашка жетпеген музоолору менен, же төрт торпокту байлоого;
2.Эки ургаачы чочкону үчайга чейинки төлү менен, же алты башын байлоого;
3.Он баш койду алты айга чейинки төлү менен;
4.Беш чоң калтардыалты айга чейинки төлү менен;
5.Он норканы,коенду,нутрийди алты айга чейинки төлү менен;
6.Канаттуларды (тоок, өрдөк, каз, үндүк) 50 башка чейин, эки айга чейинки жөжөлөрдү 300 башка чейин;
II.Көп батирлүү үйлөрдө өнүмү жок үй жаныбарлардыкармоо:
1.Бир итти эки айга чейинки төлү менен;
2.Эки мышыкты бир жарым айга чейинки төлү менен;
Бардык жаныбарлар ээсинин менчиги болуп саналат, жана бардык менчиктей эле мыйзам чегинде корголот.
Жарандардын саламаттыгына, же жаныбар жана канаттуу мүлкүнө зыян келтирүү, мыйзамда белгиленген тартипте орду толтурулат.
Токмок ш. борбордук ишмер бөлүгүндө (жылкы, ири жана майда мүйүздүү малдар,чочко)өнүмдүү жаныбарларды кармоого жана жаюуга, айдап өтүүгө төмөнкү даректерде тыюу салынат:
-түндүк жактан –Гагарин көчөсү;
-түштүктөн – Жантаев көчөсү;
-чыгыштан –Шамшы көчөсү;
-батыштан – Ибраимов (Горький);
-ошондой эле шаардын 1-3 кичирайондорунда.
Өнүмдүү жаныбарлардытөмөнкү көчөлөр алып өтүүгө уруксат берилет:
-айланып өтүүчү көчө, С.Ибраимов, Шамшы көчөлөрү менен мал базарга чейин.
1.Ведомстволордун карамалыгына, менчик формасына карабай,жаныбарларды жана канаттуларды кармаган жарандар жана ишканалар, уюмдартөмөнкү эрежелердиаткарууга милдеттүү:
1.1.Мектептерден, мектепке чейинки мекемелерден, дарылоо мекемеринен, соода, коомдук тамактанууишканаларынан, 50метрден жакын эмес,ошондой эле жакын турган турак –жай үйүнүн терезе эшиктерине 15 метрден жакын эмесатайын жабдылган жабык жайларда, жаныбарлар жана канаттулар каралыш керек.
1.2.мезгили менен дубалдарды актап туруу, жазгы- жайкы мезгилде терезелерин жана эшиктерине тор тосуу жана мал жана канаттуулар кармалган жайларды күнүгө тазалоо менен жуу, алдын алуу дезинфекциялоону жана дезинсекциялоону жүргүзүү.
1.3.шаардын акыр-чикир таштандылары жаткан жерге жумасына бир жолудан аз эмес алып чыгуу менен,кыктар үчүн сактагычтар жабдулансын.
1.4.жаныбарларды жана канаттуларды пландаштырылган жана пландаштырылбаган дарылоо-алдын алуу иш-чараларды өткөрүү үчүншаардын ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлерине көрсөтүү.
2.Жаныбарлардын жана канаттулардын ээлерине тыюу салынат.
2.1.Малды жана канаттууларды көп батирлүү үйлөрдө, чогуу колдонуучу короолордо, дарылоо (кооздогуч жана тажрыйба кылынуучу жаныбарлар кармоочу мекемелерден жана виварийлертышкары), балдар жана башка мекемелерде, ошондой эле коомдук тамактануу жана соода ишканалардын аймагында кармоого;
2.2. Малды жана канаттууларды көчөлөрдө, көк шиберлерде, парктарда жана жарандардын эс алуу жайларында жаюуга;
2.3.Малды жана канаттууларды фонтандардын, суу түтүк колонкасыныналдында, бассейндерде,көлдөрдө жана башка коомдук колдонуучу жерлерде сугарууга жана жуунтууга;
2.4.Шаардык ветеринардык кызматына билдирбей малды алып кирүүгө жана чыгарууга.
2.5.Шаардык ветеринардык кызматынын жана жеригиликтүү администрациясынын уруксаты жок жеке адамдар тарабынан уулуу жана жырткыч жаныбарларды кармоого;
2.6.Ветеринардык көзөмөл органдарынын уруксаты жок жана атайын мал союлуучу жайларда эмес малды массалык түрдө союу;
2.7.Шаардык ветеринардык кызматынын уруксаты жок малды жана канаттуларды сатуу-сатып алуу, аукцион, көргөзмө, жарманке өткөрүүгө.
3.Жаныбарлардын ээлери милдеттүү:
3.1.Токмок ш. ветеринардык башкармалыгы аркылууиттер менен мышыктарты жыл сайын 1-декабрына чейин каттоо жана кайра каттоо, милдеттүү түрдөгү паспортизациялоого.
3.2.Шаардын ветеринардык даарылоочу жайларына,нускамага ылайык, бир жылда бир жолу чумага, кутуруу оорусунакаршы вакцинациялоого, милдеттүү лабораториялык изилдөөлөр менен, эхинококкозго каршы дегельминтизациялоого жылына 4 жолу иттер менен мышыктарты алып келүүгө.
3.3.Иттерди сейилдетүүдө ветеринардык-санитардык жана санитардык –гигиеналык ченемдерин колдонууга.
3.4.Иттердин бардык тукумдарын тумшук кап кийгизүү менен гана, ит жетелеген кыска кайыш, атайын ушуга көрсөтүлгөн жерлерде сейилдетүүгө;
3.5.Короолор шартында иттерди,алардын качып кетүүсүн жана адамдарды, жаныбарларды тиштеп алуусуна жол бербөө үчүн, бекем байлануучу чынжырлар менен кармалсын.
3.6.Шаардык ветеринардык кызматына билдирүү менен, иттер менен мышыктарды мындан аркы кармоо мүмкүнчүлүгү жок болгон учурларда, же алар өлүп калса, жаныбарларды ыңгайлаштыруу комбинатына тапшырууга.
3.7.Иттер (мышыктардын) ооруп калганда, алардын адамды же жаныбарларды тиштеп алган убактарында жашаган жайы боюнча ветеринардык дарылоо жайларына билдирүүгө;
3.8.Көп батирлүү турак жай үйлөрүндө иттердин ээлери тынчтыкты камсыздаш керек.
4.Тыюу салынат:
4.1.Коомдук тамактануу жана соода,тирчилик тейлөө ишканаларынын жайларында, көк шиберлердин, парктардын, базарлардын, сууга түшүүгө ыңгайлуу жайык жээктердин, балдардын оюн аянтчаларынын аймагында жана башка коомдук колдонуучу орундарда иттерди кармоого жана сейилдетүүгө;
4.2.Чогуу кирүүчү жана чыгуучу мейманкана типиндегибатирлерде, аз балалуу жатаканаларда, жатаканаларда иттерди жана мышыктарды кармоого;
4.3.Көп батирлүү турак жай үйлөрүндө кошуналарынын медициналык каршы көрсөтүүсү бар (аллергия ж.б.с.) болсо жаныбарларды кармоого;
4.4.Подъездерде, тепкич чарчаларында, лифтерде, ошондой эле балдардын аянчаларында, жолдордо, тратуарларда иттерди сейилдетүүгө жана кирдетүүгө тыюу салынат.
4.5.Жаныбарларды фонтандардын, суу түтүк колонкасыныналдында, бассейндерде, көлдөрдө жуунтууга;
4.6.Шаардык ветеринардык кызматынын макулдугу жок көргөзмө, уяларын жана башка көрсөтүүчү иш-чараларды өткөрүүгө;
4.7.Ветеринардык күбөлүгү жана каттоо документтери жок жаныбаларды шаардын чегинен тышкары чыгарууга, киргизүүгө, сатууга, сатып алууга.
4.8.Иттерди коомдук унааларда, лифтерде, жетелөөчү иттерден башкасын, алып жүрүүгө.
4.9.Соо эмес адамдардын иттерди сейилдетүүгө алып чыгуусуна.
5.Коомдук Кеңештер, ТЖМЭШтер, кварталдык комитеттер, ТТЖКБ МИ,кондоминимумдар:
5.1.Жыл сайын биринчи апрелге Токмок муниципалдык ветеринардык кызматына өнүмдүү жаныбарлардын башынын саны (жылкы,ири жана майда ийри мүйүздүүлөр, чочколор, коендор) канаттуулар, иттер,мышыктар боюнча маалымат берет.
5.2.Ушул эреже менен киргизилген өнүмдүү жаныбарларды кармооготыюу салынган, аймактарды көзөмөлдөйт.
5.3.Жолбун иттер менен мышыктарды уулоочуларга көмөк көрсөтүү.
5.4.Каттоодон жана иттердин кутуруу оорусунакаршы вакцинациядан жашырган ээлери боюнча жана аларды кармоо эрежелерин бузгандыгы жөнүндө мергенчилер коомуна жана шаардын ветеринардык кызматына, Ички иштер бөлүмүнөбилдирет.
5.5.Турак жай үйлөрүнүн аймагында тиешелүү санитардык абалды кармоону камсыздайт.
5.6.Жолбун иттер менен мышыктарды уулоочу, атуучууюмдарга өзүнүн аймагында жолбун иттердин менен мышыктардын бардыгы жөнүндө билдирет жана тапшырма жазат.
5.7.Көрүнүктүү жерде жарандарды тааныштыруу үчүн ушул Эрежени, каттоону, кайра каттоонужүргүзүүчү жана жаныбарларды дарылоочу, жолбун иттер менен мышыктарды уулоочу уюмдардын, ветеринардык мекемелердин дареги жана телефону көрсөтүлүп илинет.
5.8.Мамлекеттик жана муниципалдык ветеринардык инспекторлорго өз кызматтык милдеттерин аткарууда каршылык көрсөтүүчү жооптуу адамдарга Мыйзамда каралган чараларды кабыл алууну камсыздоо менен, мамлекеттик жана муниципалдык ветеринардык инспекторлорго мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандары алардын кызматтык милдеттерин аткаруудатажрыйбалуу жардам көрсөтүүгө милдеттүү.
5.9.шаардын аймагында ветеринардык- санитардык, санитардык-гигиеналык ченемдеринин талабы колдонуу менен малды союуга аянтчаларды, ошондой эле иттерди сейилдетүүгө аянтчаларды уюштурат.
5.10.Жаныбарлардын ээлери тарабынан кармоо эрежелери бир нече жолу бузулса, тургундардын жамааттык доосу болгон учурлардажергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарынын административдик комиссиясытиешелүү чараларды кабыл алат.
6. Токмок ш. КИК
6.1.Жолбун иттер менен мышыктарды,ошондой эле ушул Эреженин 3.4.п. көрсөтүлгөн (жолбун иттер деп, алардын тукумуна, карамалыгына жана дайындалышына карабай, көзөмөлсүз көчөлөрдө, базарларда, бактарда, көк шиберлерде, ж.б. коомдук орундарда, ошондой эле ээсинин батиринен тышкары жүргөн мышктар саналат) кармоого шарты жок иттерди кармайт, атат жана алардын өлүктөрүн жок кылат.
6.2.Кармалган жолбун иттер жана мышыктар төмөнкү шарттарды колдонуу мененжок кылуу керек:
-адамдарды жана жаныбарларды тиштеп алган иттер, алардын үстүнөн 10 күн ветеринардык кароодон кийин, жок кылына алат.
-бардык калган кармалган иттер, жарандардын өз жаныбарларын издеп кайрылууларына мүмкүнчүлүк берүү үчүн, аларды кармагандан кийин 3 күндөн кийин жок кылынат.
6.3.Шаардын ветеринардык кызматынын талабы менен бардык убакта батирлерден жана башка жерлерден оорулуу жана кутуруу оорусуна күмөндүү иттерди жана мышыктарды алып кетет.
7.Муниципалдык ветеринардык кызмат төмөнкүлөргө милдеттүү:
7.1.Кыргыз Республикасынын ветеринария жөнүндөМыйзамын жанатиешелүү укуктук мамилелерди жөнгө салуучу, башка ченемдик-укуктук актыларды колдонууга;
7.2.Жаныбарлардын эпидемиясына каршы,ветеринардык –санитардык, алдын алуу жана башка жаныбырлардын жана канаттуулардын жугуштуу ооруларынын пайда болушунун алдын алуу, таралышы жана жоюулушу боюнча иш-чарларды уюштурат жана жүргүзөт.
7.3.Ушул эрежени, жаныбарларды кармоонунветеринардык –санитардык эрежелерин, малды ташуу, союу жана сатуу боюнча жаныбарлардын ээлери колдонуусуна көзөмөл жүргүзөт, ошондой эле белгиленген тартипте ветринардык күбөлүктөрдү жана жаныбарларга жана сатуучу азыктарга маалым кат берүүгө.
7.4.Адамдар жана жаныбарлар үчүн жалпы жугуштуу жана инвазиондук оорулар аныкталган учурларда, шаардын санитардык-эпидемиологиялык станцияларына тиешелүү иш-чараларды кабыл алуу үчүн ыкчам билдирүүлөрдү жиберет.
7.5.Шаардын санитардык-эпидемиологиялык станциялары менен биргелешип 1.1.пунктун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
7.6.Кошумча тапшырмасы жок кызматтык күбөлүк көрсөтүүчү ветеринардык көзөмөл объектилерине контрол жүргүзүү.Менчик формасына карабастан, юридикалык жана жеке жактарга,аткарүү үчүн милдетүү, текшерүүдө ачылган ветеринардык –санитардык эрежелерди бузууларынжоюу жөнүндө көрсөтмөнү берүүгө;
7.7.Ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, чарбалардын, короолордун эпизоотикалык жана ветеринардык–санитардык абалын аныктоого зарыл жооптуу адамдардан жана жеке жарандардан маалыматтарды жана документтерди,ошондой эле жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын пайда болушунун,таралуусуналдын алуу жана жоюлушун камсыздоо боюнча алардын ветеринардык Мыйзамда, Мамлекеттик ветеринардык Департаментинин чечимдеринин, Токмок Шаардык Кеңешинин депутаттарынын жана мэриянынбуйруктарын, ж.б. укуктук-ченемдик актыларында каралган ченемдердинаткарылышын талап кылууга.
7.8.Карантиндин башка ветеринардык–санитардык Эрежелердин шарттарын бузуучуларын административдик жоопкерчиликке тартуу.
7.9.Ветеринардык мыйзамда каралган учурларда даярдап коюуну, эт азыктарын жана чийки эттерди алып чыгууну, ошондой элекөрсөтүлбөгөн орундарда малды жана канаттууларды союга, жаныбалар жана мал азыктарын менен соода жүргүзүүгө тыюу салууга.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жанаКыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик Кодексине ылайык кызматтык адамдарга жана жарандарга ушул Эреже алар тарабынан бузулган учурлардаадминистративдик жоопкерчиликке тартуу жанаадминистративдик жазапул салуугамилдеттүү.
Ушул Эреженин аткарылышына көзөмөл жүргүзүүчү кызматтык адамга,мыйзамдуу ишкердигинетоскоол кылуу максатында, кандайдыр бир түрдө таасир көрсөтүүчү мамлекеттик органдар, кызмат адамдары, коомдук уюмдар жана жарандар Кыргыз Республикасынын Мыйзамынаылайык жоопкерчиликке тартылат.
Мамлекеттик органдарындагы кызмат адамдарынын укуксуз аракеттерине даттанууКыргыз Республикасынын Мыйзамынаылайык жүргүзүлөт.
Жооптуу катчы | Р.Кадыркулова |