Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-январы № 5
Дөбөлү айылынын мал чарбасы боюнча климаттын өзгөрүүсүнө багытталган 2014-2016-жылдарга карата Ыӊгайлашуу иш планын бекитүү жөнүндө
Дебелу айылынын мал чарбасы боюнча климаттын өзгөрүүсүнө багытталган 2014- 2016-жылдарга карата ыӊгайлашуу иш планын бекитүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргызстандын тоолуу аймактарында жааматтардын климаттын өзгөрүү таасирлерине туруктулугун жогорулатуу» долбоору боюнча Дөбөлү айылынын мал чарбасы боюнча климаттын өзгөрүүсүнө багытталган 2014-2016-жылдарга карата Ыӊгайлашуу иш планы бекитилсин. (№1 тиркеме тикелет)
2. Тийиштуу долбоорлорго конкурска катышуу учун, айылдагы коомдук бирикмелер аркылуу тиешелүү иш кагаздары даярдалып өткөрүлсүн.
3. Конкурска катышууга долборлорду даярдап өткөрүү учун жумушчу топ түзүлсүн. (№2 тиркеме тиркелет)
4. Долбоорлордун ишке ашышына көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчы Ибраимакун уулу Жанышбекке тапшырылсын.
Төрага | К.Исаков
|
| № 1 тиркеме
|
Айылдагы климаттын озгоруусу м-н байланыштуу коркунучтар /тобокелдер | Климаттын озгоруусунун кесепеттери копчулук учурда айыл чарба тармактарына терс таасирин тийгизип келет. Мезгилдин тез-тез озгоруп кетуусу барган сайын кобойуудо. Мисалга алсак биздин ороондо акыркы жылдары мезгилдин мооноттулугу озгоруп жылуу мезгил кутуусуздон суука айланып жай мезгилинде да кардын жаап салышы. Жай мезгилиндеги жылуулуктун жылдан-жылга жогоруулашы кургагчылыка алып келуудо. Кату шамалдын жана ношорлогон жамгырлардын кобойушу жердин кыртышынын бузулушуна алып келуу коркунучунда. Жогоруда айтылган климаттын озгоруусунун кесепетинен мал-чарбачылыкта ар турдуу малдын ооруларынын кобойушуно шарт тузулот. Тушумдуулук томондоп, алган айыл чарба продукциябыздын сапаты начарлап, жергиликтуу калктын жашоо шартына терс таасирин тийгизуудо. Табигый кырсыктардын кескин кобойуусуно (сел, кар кочку, жер кочку, агын суулардын нугунан чыгышы) алып келуу коркунучунда турат. | |||||||||
Ынгайлашуу максаттары | Учурда биздин эн негизги максаттарыбыздын бири, жылдан-жылга терс жакка озгоруп жаткан климатка ынгайлашуу же болуп жаткан озгоруулордун терс таасирин азайтуу. Климаттык озгоруулор тууралуу элдин малыматтуулугун жогорулатуу. Жергиликтуу денгээлдеги ынгайлашуу чараларын колго алуу жана жергиликтуу бийликтин элге колдоо корсотуусу. Айыл чарба системасына колдоо корсотуу, эгиндердин турлорун же сортторун алмаштыруу, эрте бышчуу сортторун жана турлорун айдоо. Тоют даярдоону жакшыртуу жана малдын ден соолугуна кам коруу, аба ырайынын озгоруусуно каршы туруктуулугун жогорулатуу, малдын асылдуулугун артыруу. Шамалдан сактануу максатында тал-теректерди остуруу, токойчулуктуу кенейтуу жана узак моонотту дарактарды остуруу. Суу чарбасын башкаруу, сугат тажырыйбаасын жакшыртуу жана инфраструктурасын ондоо. Сууну сарамжалдуу пайдалануу, ысыраптуулукту азайтуу (тамчылатып сугаруу). Жайыттарды туура пайдалануу, сактоо жана калыбына келтируу. Абанын озгоруусуно каршы туруу максатында теплицаларды куруу. Кундун энергиясынан алынуучу кун батареяларын колдонуу ошону менен бирге СО2 нын (комур кычкыл газы) абага ташталуусун азайтуу. Озгочо кырдаалдарга даяр болуу жана табигый кырсыктарды алдын алуу. | |||||||||
Учурдагы ынгайлашуу чаралары | Климаттын озгоруусунон келип чыккан малдын ар турдуу ыланын аалдын алуу максатында эмдоо (ваксинация) жургузулуп жатат. Жасалма жол менен малды уруктандыруу, климатка ылайык асыл тукумдуу малдын турун кобойтуудо. Климаттын озгоруусуно туруктуу жана сапаттуу малдын турлорун алып келуудо. Жайыт комитети малчылар менен бирге жайыт жерлерин деградацияга учуратбоо максатында жайыттарды которуштуруп (рацияналдуу) пайдалануу иштерин жургузуудо. Айыл окмот менен биргеликте айыл тургундары катуу шамалдан сактануу жана айыл ичин корктондуруу багытында жашылдандыруу, тал теректерди олтургузуу чараларын коруудо. Жылдан жылга катуу шамалдын кобойгонуно байланыштуу жеке кожолук денгээлде элдер уйлоруунун чатырларын бекемдоодо.
| |||||||||
Ынгайлашуу стратегиясы | Учурдагы койгой | Сунушталган ынгайлашуу чарасы | Жайгаш-уусу | Жергиликтуу коомдун салымы | Сырткы комоктошуу керекпи? Эгер керек болсо, кандай турдо керек? | Потенциал-дуу шериктештер | Аткаруу моноту | Жыйын-тыгы | Жооп-керчиликтуу | Приори-теттуулук |
Айыл денгээлинде | Климаттын озгоруусун кесепеттери жана учурда болуп жаткан терс таасирлер жонундо элге маалымат жетишсиз. | Маалымат борборун ачуу, интернет аркылуу керектүү маалыматтарды алып элге жеткирүү, анкета, буклеттерди иштеп чыгуу, коомдук угуларды откоруу. Семинар, тренинг өтүү, кино филимдерди көрсөтүү | Доболу айылы айыл өкмөттүн имаратындагы атайын бөлүнгөн кабинет | Кызыктар адамдар, окуучулар, коомдук угуларга элдин келип активдуу катышып беруусу | Акча каражат жагынан жардам, интернет түйүнүн ачууга жана компьютер, түстүү принтер ж.б сатып алуу үчүн | Айыл окмот, Донорлор | 2014 – 2016 жыл ичинде | Учурда болуп жаткан ж/а боло турчу климаттын озгоруусунон келип чыккан кесепеттери жонундо, ыӊгайлашуу, алдын алуу маалымат алышат, | Жумушчу топ, Айыл окмот башчысы | Айыл тургундары маалымат алышат ж/а оздорунун ой пикирлери менен болушуп кандай чара колдонуш керектигин айтышат. Ынгайлашуу чаралары жонундо кам корушот. |
Айыл денгээлинде | О Токтосунов орто мектебинин коросунда жайгашкан чакан метео станция, тегерек чети курчалган бирок метео приборлордун жетишсиздигине байланыштуу толук кандуу иштебейт. | Метеорологиялык станцияны ишке киргизу жана радио узел орнотуу Аба-ырайынын озгоруусуно байкоо жургузуу, Радио узел аркылуу элге маалымат таркатуу | О Токтосунов орто метебинин короосунда | Климаттын озгоруусу жонундо байкоо жургузуп келе жаткан география мугалими, мектеп жамааты, кызыктар адамдар | Комоктоштор керек Метео станцияны ишке киргизу учун жетишпеген жабдуулар менен камсыздоо | Айыл окмот, комоктоштор, Нарын гидро метео станция | 2014 2017 жылдары | Климаттын озгоруусуно байкоо жургузулот. Алдыда болотурчу аба ырайы жонундо маалыматты элге радио узел аркылуу жеткирилет. | Мектеп директору, география мугалими. | Айыл тургундары алдыда боло турчу аба ырайы жонундо маалымат алышат. Ынгайлашуу чараларын корушот. |
Айыл денгээлинде | Кундун кату ысып кеткендигине байланыштуу акыркы жылдары токойлордон орт чыгып кетуудо. Орту очурудо кыйынчылык жаралат. Климаттын туруксуздугунан ношорлогон жамгырлар да кобойду. Жаандын кесепетинен агын суулар нугунан чыгып сел журуп кетчуу коркунучу да бар. Озгочо кырдаалдарга даярдык боюнча материалдык база жок (курок, мешок, чатыр, орт очуруучу балондор, балта, спец кийимдер) | Табигый кырсыктардан сактануунун жолдорун уйротуудо буклет брошюркаларды иштеп чыгуу, Мектеп окуучуларына кошумча сабактарды отуу. Элге тушундуруу иштерин жургузуу. | Доболу айылында айыл окмоттун имаратында. О Токтосунов орто мектебинде, Бала бакчаларда. | Озгочо кырдаалдар боюнча адис | Материалдык жактан жардам керек. | МЧС, Айыл окмот, Озгочо кырдаалдар боюнча адис | 2014-2017-ж | Озгочо кырдаалдарга даяр болуу аларды алдын алуу. | Озгочо кырдаалдар боюнча адис, айыл окмот. | Ардайым озгочо кырдаалдарга даяр болуу |
Айыл денгээлинде | Биздин ороондо кыштын суук болушу кардын калын жаашы кыштын узактыгы 4-5 айга созулушу, айыл тургундарына жана мекемеде иштеген кызматкерлерге, бала бакчадагы жаш балдарга оор кыйынчылыктарды жаратат. Аны менен бирге электр энергиясынын тез-тез очушу, кубаттулугу аз болуп жылытуу системасы начар. | Кундун энергиясын пайдалануу, кун батареаларын орнотуу. Аны менен бирге СО2 нын абага ташталышын азайтуу. | Айыл окмоттун имараты, Небере келечеги балдар бакчасынын 2 корпустуу имараты. | Айыл окмоттун оздук салымы, Жумушчу куч. | Кун батареалары боюнча окутуу, материалдык каржылоо. | Айыл окмоту, бала бакча жетекчилери, комоктоштор, донорлор | 2014-2017 жылдар ичинде | Жылытуучу системасы жок айыл окмоттун имаратын жылуулук менен камсыз болушу. СО2 азайышы. Бала бакчанын узгултуксус электр энергиясы менен камсыздалат. | Айыл окмот башчысы, жумушчу топ | Экологиялык жактан таза, кундун энергиясын колдоонуу, кун батареаларына элдин кызыгуусун арттыруу, кундун энергиясын колдонуга отуу. СО2 азайышы. Узгултуксуз электр энергиясы менен камсыз болуу. |
Айыл денгээлинде | Тоолу аймак болгондугуна байланыштуу бадыран, помидор, калемпир ж.б бышпайт. Сатып алган жашылчалар сапатсыз, кымбат жана ар дайым эле сатып алууга мумкунчулук жок. | Теплица куру. Жыл бою бала бакчанын тарбиялануучуларын витаминдуу жашылча менен камсыз кылуу. | Небере-Келечеги балдар бакчасынын огоротуна. | Окмоттон оздук салым, жумушчу куч. | Жашылча жемиштерди остуруу ну окутуп уйротуу, материалдык жактан каржылоо. | Бала бакча жетекчиси, комоктоштор, донорлор | 2014 2017 жыл ичинде | Биздин келечегибиз болгон бала бакчада тарбияланып жаткан 70тен ашык балдарыбыз жыл бою витаминдуу жана экологиялык жактан таза жашылча менен камсыз болушат. | Айыл окмот, жумушчу топ, заведущий. | Витаминдуу азыктануу, сапаттуу жана экологиялык жактан таза жашылча менен камсыз болушат. Оздоруно жетиштуу болу пандан ашкан жашылчаларын айыл тургундарына сатып комокчу чарба катары колдоно алышат. |
Суу ресурстары. | ||||||||||
Айыл денгээлинде | Сугат каналдырынын башталышы тоонун (Тоо Жайлоо) этегинде жайгашканына байланыштуу жаз мезгилинде кардын тез ээришинен, тоо кочкунун кесепетинен, каналдардын усту ачык тосулбагандыктан каналдар толуп суу нугунан чыгып айдоо жерлерди, айылды каптап кету коркунучунда. Дыйкандардын айдап себуу иштерине да тоскоолдуктарды жаратууда | Сугат сууну сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу Ички каналдарды тазалоо, копуроо салу,сугат иштерин тура жургузуудо канал, каналдардын устун бетон плиталар менен жаап, тамчылатып сугарууга отуу. | Доболу айылынТоо Жайлоо жана Доболу каналдары. | Жумушчу куч. Оздук салым | Материалдык жактан каржылоо | Айыл окмот, СПА, комоктоштор | 2014-2017-жылдар ичинде | Суунун жерге синип суужоготулар азайат. Сугат иштери убагында жургузулуп дыйкандаргы пайда алып келет. Тамчылатып сугаруунун негизинде жер кыртышынын бузулушуна жол берилбейт. | А/о башчысы, жер ээлери СПА | Сугат суу жеткиликтуу жана оз убагында берилет.Суу жоготуулар азайат, |
Урон базасын уюштуруу. | ||||||||||
Айыл денгээлинде | Жер кыртышынын абалы жылдан жылга начарлоодо. Айдап себилип жаткан урондордун сапаты ото начар, тушумдуулук аз, кыштын узактыгы 4-5 айга созулгандыгына байланыштуу мал-жандыгыбыз 5-6 ай колдо багылат, копчулук учурда камдап алган тоютубуз жетпей малдар арык, которум же айласыз сатууга тура келет. | Жер кыртышынын абалын жакшыртууда коп жылдык чопторду остуруп, сапаттуу урон менен камсыз болу.Жерди которуштуруп айдоо, сапаттуу урондорду пайдалануу. Урон базасын уюштуру. | Доболу айыл аймагында | Техника, Адам кучу, сугат айдоо жерлер. | Материалдык жана техникалык, ресурс | Донорлор | 2014 2017 жыл ичинде | Тушумдуулук жакшыраат, сапаттуу урон менен камсыз болобуз. Эканомикалык жактан дыйкандардын кирешеси жакшырат. Малга тоют камдоодо кыйынчылыктар азайат. | Айыл окмот, дыйкандар | Жер кыртышы жакшыраат, малга тойут камдоодо мумкунчулук тузулот, тушумдуулук жогорулайт. Киреше кирет. |
Жайыттарды рационалдуу пайдалануу. | ||||||||||
Айыл денгээлинде | Азыркы мезгилде жайыт пайдалануучулардын копчулугу ички жайыттарды пайдаланышууда, ошондуктан жайыттар деградацияга учуроодо. Ал эми алыскы жайыттардын жолдору талапка жооп бербейт. | Жайыттарды рационолдуу пайдалануу Алыскы жайыттарга жолдордуу, копуроолордуу жана башка инфраструктураларды ондоо. | Доболу айыл аймагында | Техника, Адам кучу | Жолдорду жана копуроолорду ондоого материалдык жардам | Донорлор | Жайыттарды пайдалануу планынын негизинде. | Алыскы жайыттарга жол ачылат, малчылардын кочуп кону кыйынчылыктары женилдейт. | Айыл окмот, жайыт комитети, малчылар | Жайыттар рационалдуу пайдаланылат, отту болот, деградация коркунучу азайат. Жайлоого чыккан малдар семиз жакшы абалда тушушот. |
Мал чарба жана ветсервис | ||||||||||
Айыл денгээлинде | Малдын тукумдуулук сапаты экономикалык жактан эн начар. Асыл тукумдуу малдын турун массалык турдо кобойтууго шарт жок. Ветеринардык эпизотикалык иш чараларды комплекстуу турдо откозууго шарт жок. Айыл аймагындагы мал чарбачылыгынын так базасын тузуудо (ИНН, карточка) жана иш кагаздарын алып барууда кыйынчылыктар жаралууда. | Климатка ынгайлуу асыл тукумдуу малдарды жайылтуу Ветеринардык сервистерди жакшыртуу Асыл тукумдуу малдарды кобойтуу, малдын ар турду ооруларын алдын алууда ветеринарлык комплекс куруу. | Доболу айыл аймагында | ПИО жана жеке вет сервистердин жетишсис турдо жабдык тары бар. А/о тарабынан комплекс курууга жер болунуп берилет. Эмгек салымы. | Донорлор керек. Ветеринарлык комплексти курууга, веет сервиске жабдууларды алууга материалдык жактан каржылоо. Коплекстуу компьютер керек. | Донорлор | 2014 2017 жылдар ичинде | Климаттын озгоруусунон келип чыккан малдын ар турдуу ыланын алдын алуу иш чаралары комплекстуу турдо жургузулуп турат. Эпизотиялык абал туруктуу болот | ПИО, Вет сервис, А/О вет адиси, МДКТ-н мучолоруу | Малдын сапаттуулугу жогрулайт, Фермерлердин экономикалык жактан кирешеси жакшырат. Зооноздук орулар менен курошуу жакшы натыйжаалуу болот. Жугуштуу ыландар азайат. |
Жашылдандыруу. | ||||||||||
Айыл окмот денгээлинде | Жашылдандыруу иштери жургузулот бирок кочоттор сапатсыз жана кечиктирилип берилет, бурдоп кеткен кочоттор отургузулгандан кийин куурап калат. | Питомник уюштуруу , жашылдандыруу. Ар бир мекеменин айланасына жана борбордук кочого бак дарактарды отургузуу. Айыл тургундарына кочотторду таратуу. | Айыл ичинде | Питомникти уюштурууда № 30 кесиптик лицейдин студентери мугалимдери черенкаларды отургузуу боюнча жардамберет | Питомникти курууда акча каражаттан жардам жана аймактын климатына тура келген кочоттор менен камсыздоо | Донорлор, комоктоштор | Жыл сайын | Абанын тазаланышын камсыздайт, катуу шамалдан сактайт. Жердин эрозияга учуроосуна тоскоол болот. СО2 азайышына өбөлгө түзөт. | Жумушчу топ, Мекеме кызматкерлери, жашоочулар, а/о. | Айылга корк берет, аба тазаланат, кату шамалдан сактайт. Күндүн уулу нурларынан сактоочу абанын катмары калыбына келет.
|
Кожолук денгээлде | Кутулбогон кату шамалдын кесепетинен уйлордун чаатырларын учуруп кетуудоо. 2013-жылы жаз айларында кату шамал айылдагы 5-6 уйдун жана мектептин чаатырын учуруп талкалап кеткен. | Ар бир тутун айылдын жашоочусу чатырларын бекемдоо. Мектептин жана мекемелердин чатырларын бекемдеп чыгуу. | Айыл ичинде. | Эмгек кучу. |
| Айыл окмот, МЧС | 2014 2017 жыл ичинде | Катуу шамалга жана ношорлогон жамгырларга даяр болобуз. Экономикалык жактан чыгымдар азайыт. Коркунучтардан арылабыз. | Айыл тургундары. А/о |
|
Токойчолорду калыбына келтируу. | ||||||||||
Айыл окмот денгээлинде | Кичи чакан токойчоо элдер тарабынан отунга кыйылып жок болууда. | Таш Добо токойчосун сактап калуу жана калыбына келтируу. Ирригация системаларын куруу. | Доболу айылында Таш Добо аймагында. | Жумушчу куч. Багуу жана козомолго алуу. | Сапаттуу кочоттор менен камсыздоо. Финансы жактан каржылоо | Токой чарбачылыгы, комоктоштор, Донорлор | 2014-2017 жыл ичинде | Токойчо калыбына келет, экологияга тийгизген он таасири болот. | А/О, Токой чарба мекемелери, Озгочо кыдаалдар боюнча кызматкерлери. | Климаттын озгоруусуно терс таасирлери азайат. |
Тазалык, таштандыларды иретке келтируу. | ||||||||||
Кожолук денгээлде | Жылдан жылга таштандылардын кобойуушу жана туш келди жерлерге ташталышы. Таштанды тогуло турган жайдын айланасы курчоого алынган эмес. Таштандылар чегинен чыгып тогулуп жана шамал аркылуу айланасы булганып жатат. | Таштандыларды иретке келтируу Таштандыларды сортоп болууп, убагында тазалап чыгаруу жана атайын таштандыларды тогуучу жайга таштоо. Тушундуруу иштерин жургузуу, айыл окмот тарабынан козомолго алуу. | Доболу айылында. Кызыл добо участогундагы эски карьер | А/окмоту, ден соолук комитети жана оз-ара козомолдуко алуу. | Рекультивация, таштанды тогуулучу жайдын айланасын курчоо учун материалдык жардам жана техникалык жардам. | Экология башкармалыгы, донорлор | 2014-2017-жылдар ичинде | Айлана чойрого терс таасирлер азаят, таштандылар оз убагында тазаланат. Санитардык гигиеналык абал жакшырат. Карьер курчого алынса , таштандылар чегинен чыкпай тогулот. | Айыл окмот, ден соолук комитети, Айыл тургундары | Айлана чойрого терс таасирлер азаят, таштандылар оз убагында тазаланат. |
Төрага | К.Исаков |
| № 2 тиркеме
|
Ч Эшенова – Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Инвестициялар боюнча адиси, тобтун төрайымы.
Мүчөлөрү:
А Токтогазиев – Дөбөлү айыл өкмөтүнүн мал чарба жана ветеринария боюнча жетектөөчү адиси.
Б Токталиев – Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча жетектөөчү адиси.
К Кененбаев – Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адиси.
У Молдоибраев – Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Аскер учет боюнча адиси.
Ж Султаналиев - Дөбөлү айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы.
И Дүйшебаев – Жеке ветеринар адиси.
К Турганбаев – Жеке ишкер.
З Жаналиев - №30 кесиптик лицеинин мугалим мастери.
Ж Бокоев – Айылдык кеӊешинин депутаты.
Н Тохтоева – Аялдар кеӊешинин төрайымынын орун басары.
Төрага | К.Исаков |