Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-февралы № 19/1
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2015-жылга карата иш планын түзүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2015-жылга карата түзүлгөн иш планын окуп, таанышып Семиз-Бел айылдык Кеңешинин регламентинин 3-бөлүгүнүн 9-главасына ылайык Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2015-жыл үчүн иш планы бекитилсин (тиркеме тиркелет)
2. Бекитилген иш пландын аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Өмүровага милдеттендирилсин.
Төрага | М.Букамбаев
|
|
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 6-февраль 2015-жылдагы №19/1 токтомуна тиркеме
|
№ п/п | Карлуучу маселелер | аткарууга жооптуулар | Даярдоого жооптуулар |
| I-квартал | ||
1 | 2013-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө | ФЭБ башчысы А.Касымова | Туруктуу комиссия ФЭБ бөлүмү |
2 | Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтундөгү ФАП башчыларынын жүргузгөн иштери жөнундө | ФАП башчылары | туруктуу комиссия
|
3 | Жайыт комитетинин 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө. | Жайыт комитети | туруктуу комиссия |
| II-квартал | ||
1 | Ветеринардык тейлөө адисинин калк арасында мал чарбасындагы малдын жуугуучу оорулардын алдын алуу жана жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | Ветеринардык адис М.Исаев Вет сервис Ө.Исаков | туруктуу комиссия |
2 | Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүндө көрктөндүрүү жашылдандыруу иштеринин жүрүшу жөнүндө | айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл башчылары | туруктуу комиссия |
| III-квартал | ||
1 | Мектептердин кышка карата даярдыктарынын бүткөрүлушү жонүндө | ФЭБ башчысы, мектеп директорлору | туруктуу комиссия |
2 | Семиз-Бел айыл аймагындагы клуб башчыларынын аткарган иштери жөнүндө | клуб башчылары | туруктуу комиссия |
| IV-квартал | ||
1 | Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевдин 2015-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө | айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл өкмөтүнүн аппараты | туруктуу комиссия |
2 | Жайыт комитетинин 2015-жылга карата жүргүзгөн иштери жөнүндө | Жайыт комитетинин төрайымы | туруктуу комиссия |
3 | Семиз-Бел айылдык Кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдор жана туруктуу комиссиялардын кабыл алган чечим, токтомдорунун аткарылышы жөнүндө | айылдык Кеңештин төрагасы, туруктуу комиссиянын төрагалары | Айылдык Кеңештин төрагасы |