Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-февралы № 17/7
Чолпон айылынын күн батыш тарабындагы жаңы отурукташып жаткан көчөнүн тургундарынын 08.01.2015-жылдагы № 1 Протоколу жөнүндө
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн соц.адиси А.Боогачиевдин Чолпон айылынын күн батыш тарабындагы жаңы отурукташып жаткан көчөнүн тургундарынын (он үч түтүн) көчөгө Султанов Осмонкулдун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү жалпы чогулушунун 08.01.2015-жылдагы №1 протоколу маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.08.2008-жылдагы№ 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объектилерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби” жөнүндөгү жобосунун II- бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнүн талаптарына ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Чолпон айылынын күн батыш тарабындагы жаңы отурукташып жаткан көчөнүн тургундарынын суроо-талаптары канааттандырылып, көчөгө Султанов Осмонкулдун ысымы ыйгарылып, “Осмонкул Султанов” атындагы көчө деп аталсын.
2. Осмонкул Султановдун урпактары кочөнүн ирээттүүлүгүн (жолун тегиздөө, түнкү жарыкты иштетүү, ж.б.) колго алуу жагы милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Акматов
|