Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 387 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун негизги талаптарын, ченемдерин жана эрежелерин аныктайт.
Ушул Жобонун колдонулушу шаарларда жана башка калктуу конуштарда жайгашкан объекттердин аталыштарын кошпогондо, Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттердин аталыштарын белгилөө, ченемге келтирүү, колдонуу, каттоо, эсепке алуу жана сактоо жаатындагы иштерге жайылтылат.
2. Ушул Жобо төмөнкүлөрдүн тартибин регламенттейт:
- географиялык объекттердин аталыштары жаатындагы маселелерди чечүүнү;
- географиялык объекттердин аталыштарын жана алардын аталышын өзгөртүүнү белгилөөнү, географиялык объекттердин аталыштары жаатындагы бирдиктүү ченемдерди жана эрежелерди аныктоону;
- географиялык объекттердин аталыштарын эсепке алууну жана каттоону;
- географиялык объекттердин аталыштарын ченемге келтирүүнү жана колдонууну;
- географиялык объекттердин аталыштары жаатындагы иштерди каржылоону.
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
- географиялык объекттердин аталыштары - географиялык объекттерге ыйгарылган жана аларды айырмалоо жана таануу үчүн кызмат кылган географиялык аталыштар;
- географиялык объекттердин аталыштарын белгилөө - географиялык объекттердин учурдагы аталыштарын аныктоо, географиялык объекттерге аталыштарды ыйгаруу жана географиялык объекттердин аталыштарын өзгөртүү;
- географиялык объекттин аталышын ченемге келтирүү - географиялык объекттин эң көп колдонулган аталышын тандоо жана ушул аталыштын колдонулган тилде жазылышын аныктоо.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүдөй географиялык объекттерди: тоо системаларын, тоо кыркаларын, тоо чокуларын, капчыгайларды, мөңгүлөрдү, түздүктөрдү, өрөөндөрдү, аралдарды, жарым аралдарды жана кургактыктын рельефинин башка элементтерин; көлдөрдү, дарыяларды, булуңдарды, кысыктарды жана башка жер үстүндөгү көлмөлөрдү; табигый-тарыхый облустарды; суу алдындагы тоо кыркаларын, чуңкурларды, ойдуңдарды, тайыздыктарды жана суу алдындагы рельефтин башка элементтерин; пайдалуу кен чыккан жерлерди; геоморфологиялык комплекстерди; түзүмдүк-геологиялык жана ландшафттык бирдиктерди; өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын түркүмдөрүнүн, түрлөрүнүн же башка таксономиялык категорияларынын жайылуу аймактарын (ареалдарын); облустарды, райондорду, шаарларды, айылдык аймактарды жана башка калктуу конуштарды, аянттарды, проспекттерди, көчөлөрдү, парктарды жана башка ушул сыяктуу объекттерди атоого жана өзгөртүп атоого болот.
5. Географиялык объекттерди атоо жана өзгөртүп атоо мамлекеттик кызыкчылыктарды, ошондой эле географиялык, тарыхый, улуттук, турмуш-тиричилик жана башка жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
Географиялык объекттерди атоо жана өзгөртүп атоо менен байланышкан маселелерди кароодо улуттук идеологияны өнүктүрүү жана чыңдоо маселелери артыкчылыктуу тартипте эске алынат.
II. Географиялык объекттерге аталыштарды ыйгаруу
6. Географиялык объекттердин учурдагы аталыштары расмий картографиялык, маалымдама басылмалары жана башка булактар боюнча жергиликтүү калкты, географтарды жана башка адистерди сурамжылоо жолу менен аныкталат.
7. Кыргыз Республикасында аталыштар төмөнкүдөй объекттерге ыйгарылат:
- жаңы түзүлгөн административдик-аймактык бирдиктерге;
- жаңы калктуу конуштарга;
- аталышы жок физикалык-географиялык объекттерге.
Ыйгарылуучу аталыштар географиялык объекттердин жана айлана-чөйрөнүн эң мүнөздүү белгилерин чагылдырууга, эки-үч сөздөн ашпаган, туунду сөздөрдү оңой түзүүгө жана топонимиканын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
8. Кыргыз Республикасында объекттерди өзгөртүп атоого төмөнкүдөй учурларда жол берилет:
- эгерде бир катар бир түрдүү географиялык объекттердин аталыштары бирдей болгон учурда, бул чарбалык же башка иште кыйынчылыктарды жаратса;
- айрым объекттерге жоголгон, бирок буга чейин жана азыркы учурда кеңири белгилүү болгон географиялык аталыштарды кайтарып берүү максатында.
9. Ушул пунктта аныкталган критерийлерге ылайык административдик-аймактык бирдиктерге, калктуу конуштарга жана аты аталбаган географиялык объекттерге географиялык объекттерди ачууга, изилдөөгө, өздөштүрүүгө же негиздөөгө түздөн-түз катышкан адамдардын аттары, ошондой эле көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, илимдин, маданияттын өкүлдөрүнүн жана мамлекет алдында өзгөчө эмгек сиңирген тарыхый инсандардын ысымдары ыйгарылат. Аларга төмөнкүлөр кирет:
- географиялык объекттерди ачууга, изилдөөгө жана өздөштүрүүгө түздөн-түз катышкан, эл аралык жана мамлекеттик деңгээлде таанылган, экономикалык жана илимий натыйжалары мамлекеттин жана коомдун өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон адамдар;
- жогорку мамлекеттик кызматтарды жана республикалык деңгээлдеги мамлекеттик органдардын жетекчилеринин кызмат орундарын ээлеген, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө, калыптандырууга жана өнүктүрүүгө түздөн-түз салым кошкон, элдин бакубатчылыгынын деңгээлин жогорулатууга жана коомду өнүктүрүүгө багытталган максаттарды иш жүзүндө ишке ашырган адамдар;
- калктын жашоосун жакшыртууну өнүктүрүү багытындагы процесске, тынчтыкты сактоого салым кошкон тарыхый инсандар, коомдук ишмерлер;
- илимий ачылыштары дүйнөлүк, эл аралык, мамлекеттик масштабдагы илимий коомчулук тарабынан ири илимий ачылыштардан деп таанылган, анын практикада колдонулушу коомду жана мамлекетти өнүктүрүүгө, ошондой эле улуттун өз аң-сезимин өнүктүрүүгө, адамдын коомдогу өзүнүн ролун билүүсүнө өбөлгө түзгөн окумуштуулар;
- дүйнөлүк маданиятта, кыргыз элинин маданиятында жогорку баалуулукту чагылдырган өзүнүн чыгармалары жана аткарган ролдору аркылуу дүйнөлүк жана эл аралык коомчулук тарабынан таанылган маданияттын өкүлдөрү;
- өмүргө коркунуч туудурган жагдайларда аскердик, кызматтык же жарандык парзын аткарууда жан аябаган эрдикти, туруктуулукту көрсөткөн адамдар;
- Кыргыз Республикасынын жана СССРдин төмөнкү мамлекеттик сыйлыктары жана мамлекеттик сый-акылары менен сыйланган адамдар:
"Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы, Советтик Союзунун Баатыры жана Социалисттик эмгектин Баатыры наамдары, үч даражадагы "Манас" ордени, Ленин, үч даражадагы Даңк, үч даражадагы Эмгек даңкы (СССР) ордендери менен сыйлангандар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаттары, СССРдин Ленин жана Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттары.
Административдик-аймактык бирдиктердин жана калктуу конуштардын, ошондой эле аталышы жок географиялык объекттердин сунушталган атоолорунун же өзгөртүп атоолорунун жогоруда көрсөтүлгөн белгиленген критерийлерге ылайык келиши Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корутундуларынын негизинде, ошондой эле тиешелүү чөйрөлөрдөгү илимий-коомдук уюмдардын жана көз карандысыз эксперттердин пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу административдик-аймактык түзүлүш маселелерин жана географиялык аталыштарды кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан каралат (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия), анын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуш киргизилет.
Географиялык объекттерди атоодо же өзгөртүп атоодо бир эле административдик-аймактык бирдиктин чегинде жайгашкан бир нече объекттерге бир эле аталышты ыйгарууга тыюу салынат.
10. Физикалык-географиялык объекттерди, ошондой эле облустарды, райондорду, шаарларды, айылдык аймактарды, башка калктуу конуштарды атоо жана өзгөртүп атоо Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
Чек ара тилкесинде жайгашкан физикалык-географиялык объекттерди атоо жана өзгөртүп атоо өзгөчө учурларда гана жүргүзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашылууга тийиш.
Административдик-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды атоо жана өзгөртүп атоо менен байланышкан маселелерди кароодо административдик-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды атоо жана өзгөртүп атоо олуттуу чыгымдарды алып келерин, байланыш, транспорт ишканаларынын ишинде кыйынчылыктарды алып келерин, жергиликтүү калкка ыңгайсыздыктарды жаратарын, ошондой эле кээде этностук топтордун жана уруулардын ортосундагы чыр-чатактуу жагдайларга алып келерин эске алуу менен аларды терең жана ар тараптуу изилдөө зарыл.
Проспекттерди, аллеяларды, аянттарды, шаардык же айылдык парктарды, бульварларды, көчөлөрдү жана аллеяларды атоо жана өзгөртүп атоо жергиликтүү коомчулуктун пикирин эске алуу менен кабыл алынган жергиликтүү кеңештердин чечимдеринин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Аталган объекттерди атоо жана өзгөртүп атоо менен байланышкан маселелерди кароодо тиешелүү атоолордун жана өзгөртүп атоолордун максатка ылайыктуулугу жана негиздүүлүгү эске алынат.
11. Административдик-аймактык бирдиктерди, калктуу конуштарды, физикалык-географиялык объекттерди атоо жана өзгөртүп атоо жөнүндө сунуштар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, юридикалык жана жеке жактары тарабынан киргизилет жана аймагында бул объекттер жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберилет.
Сунушта географиялык объекттерди атоого жана өзгөртүп атоого чыгымдардын төмөнкүдөй негизделген маалыматтары жана эсептөөлөрү камтылууга тийиш:
- объекттин жайгашкан жери;
- тиешелүү административдик борборго, жакынкы темир жол станциясына жана почта бөлүмүнө чейинки аралык;
- атоонун, өзгөртүп атоонун же аталышты жоюунун себептери;
- укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтер;
- калктын саны жана курулуш планынын болушу (калктуу конуш үчүн).
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жергиликтүү коомчулуктун пикирин аныктайт, зарыл чыгымдар жөнүндө жергиликтүү коомчулукка маалымдайт, андан кийин географиялык объекттерди атоо же өзгөртүп атоо жөнүндө келип түшкөн сунушту жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизет. Жергиликтүү кеңеш жергиликтүү коомчулуктун пикирин эске алуу менен чечим кабыл алат, ал жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жиберилет.
Жергиликтүү мамлекеттик администрация тиешелүү чечим кабыл алгандан кийин материалдарды Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жиберет.
Сунуш Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан жактырылган учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты документтерди Ведомстволор аралык комиссияга жиберет.
Сунуш жактырылганда Ведомстволор аралык комиссия тарабынан мыйзамдын долбоору иштелип чыгат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети сунушту жактырган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет.
Почта-телеграф мекемелери жана темир жол станциялары жайгашкан калктуу конуштарды өзгөртүп атоодо Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары өзгөртүп атоону облустук байланыш органдары жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы менен макулдашууга милдеттүү.
12. Проспекттерди, аллеяларды, аянттарды, шаардык же айылдык парктарды, бульварларды, көчөлөрдү жана тар көчөлөрдү атоо жана өзгөртүп атоо ушул Жобонун 10-пунктунун төртүнчү абзацынын жоболорун эске алуу менен 11-пунктунда белгиленген эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары аталган объекттерди атоо жана өзгөртүп атоо жөнүндө сунушту ар тараптуу изилдеп чыккандан, тиешелүү иштерди жүргүзүүгө чыгымдарды эсептөөдөн, ошондой эле калкка маалымдоодон жана сурамжылоо өткөрүүдөн кийин сунушту негиздөө жана чыгымдарды эсептөө менен тиешелүү жергиликтүү кеңешке өтүнүч жиберет.
Жергиликтүү кеңеш атоо жана өзгөртүп атоо жөнүндө сунушту жактырган учурда тиешелүү чечим чыгарат, анын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы бул объекттерди атоо жана өзгөртүп атоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзөт.
13. Масштабы 1:100000 жана андан чоңураак болгон карталарга биринчи жолу гана түшүрүлүүчү физикалык-географиялык объекттерге аталыштар Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары менен макулдашуу боюнча топографиялык сүрөткө тартууну аткарган уюмдар тарабынан ыйгарылат, эгерде объект бир нече облустардын аймагында болсо, анда аталышы Ведомстволор аралык комиссия жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашылууга тийиш.
Жогоруда аталган физикалык-географиялык объекттерге аталыштарды ыйгарууга бардык болгон картографиялык, маалымдама материалдарды изилдөө, жергиликтүү тургундарды сурамжылоо жолу менен ушул объекттин аталышы жок экендигин кылдат текшергенден кийин гана уруксат берилет. Ыйгарылуучу аталыш объектти айлана-чөйрөдө өзгөчөлөп турган анын табигый өзгөчөлүгүн чагылдырышы керек, эгерде мындай өзгөчөлүгү жок болсо, мурдагы аталышты жакын жайгашкан, бирок окшош эмес башка объектке которсо же өткөрүп берсе болот.
III. Географиялык объекттердин аталыштарын эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү
14. Физикалык-географиялык объекттердин учурдагы жана ыйгарылуучу аталыштары милдеттүү түрдө катталууга жана эсепке алынууга тийиш. Кыргыз Республикасынын физикалык-географиялык объекттеринин аталыштарын эсепке алуу жана каттоо жер ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан географиялык аталыштардын электрондук банкын жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырылат. 1:100000 жана андан чоңураак масштабдагы топографиялык сүрөткө тартууну аткарган бардык уюмдар ыйгарылган атоолор жана өзгөртүп атоолор жөнүндө маалыматты жер ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүүгө милдеттүү.
15. Аймагы укук белгилөөчү документ менен, ал эми аталышы мыйзам менен аныкталган калктуу конуштар катталууга жана эсепке алынууга тийиш. Кароосуз калган калктуу конуштар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун негизинде, ал эми башкалар менен бириккен калктуу конуштар мыйзамдын негизинде каттоодон чыгарылат.
16. Административдик-аймактык бирдиктердин жана калктуу конуштардын аталыштарындагы катталган өзгөртүүлөр жана жоюулар жөнүндө маалымат жер ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жиберилет.
IV. Географиялык объекттердин аталыштарын ченемге келтирүү жана колдонуу
17. Географиялык объекттердин аталыштарын ченемге келтирүү жана колдонуу географиялык объекттердин аталыштарын кыргыз тилинде колдонуунун эрежелерине жана салттарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Орус тилинде географиялык объекттердин аталыштарын ченемге келтирүү жана колдонуу белгиленген тартипте бекитилген географиялык аталыштарды орус тилинде берүү боюнча нускаманын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Документтерде, картографиялык же башка басылмаларда географиялык объекттердин кыргыз жана орус тилдеринде ченемге келтирилген аталыштары колдонулат.
18. Физикалык-географиялык объекттердин аталыштарынын бирдиктүү транскрипциясы географиялык аталыштардын транскрипциясы жөнүндө нускамалар жана эрежелер жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен географиялык аталыштардын сөздүктөрү, маалымдамалары менен камсыз кылынат, Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалануу үчүн милдеттүү болуп саналат.
V. Географиялык объекттерди атоо жана өзгөртүп атоо жаатындагы иштерди каржылоо
19. Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоого жана өзгөртүп атоого чыгымдар объект жайгашкан аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен демилгелөөчү тараптын ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде бардык чыгымдарды көрсөтүү менен демилгелөөчү тараптын эсебинен же жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
VI. Корутунду
20. Административдик-аймактык бирдиктерди, калктуу конуштарды жана физикалык-географиялык объекттерди ушул Жобону бузуу менен жүргүзүлгөн атоо жана өзгөртүп атоо жараксыз деп таанылат.