Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-марты № 18/5
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014-жылга карата бюджетинин аткарылышы, 2015-жылга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Өмүрбеков Урматтын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылга карата жасаган иш-аракеттери канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылга карата бюджеттин киреше бөлүгү 1020000 сом, чыгаша бөлүгү 1020000 сом өлчөмүндөгү долбоору бекитилсин.
3. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 2015-жылга иш план графиги бекитилсин.
4. Чолпон айылдык аймагынын айыл окмотуно караштуу жайыт пайдалануучулар учун мал башына алынуучу жайыт акысы, мал багуучулардын кочуп-конуу мооноттору, бадачы-малчылар учун мал башына алынуучу эмгек акылары тиркемеге ылайык бекитилсин.
(тиркеме тиркелет)
5. Жайыт билетин албай,жайыт пайдалануучулар бирикмеси менен келишим түзбөгөн жайыт пайдалануучуларга жайыт берүүгө жана пайдаланууга тыюу салынсын.
Төраганын орун басары | Б. Жапаров
|
Депутаттардын Чолпон айылдык Кеңешинин 24.03.2015-ж.
№18/5 токтомуна тиркеме
1) Көчуп конуу мөөнөттөрү
–Ортоңкү жайыттарга көчүп чыгуу мөөнөттөрү 20-апрелден 01- майга чейин;
–Ыраакы жайыттарга көчүп чыгуу мөөнөтү 30- майдан, 10-июнга чейин;
–Ыраакы жайыттардан ички жайыттарга көчүп түшүу мөөнөтү 10-октябрдан баштап.
2) Мал башына алынуучу жайыт акысы
-Майда жандык (кой. эчки) башына-12-00сом;
-Бодо малга (уй, жылкы башына-60-00 сомдон;
- Торпок-тайга- 40-00 сомдон.
3) Бадачы малчылардын эмгек акысы:
- Бодо малга (уй-жылкы)мал башына -300-00 сомдон;
- Майда жандык (кой,эчки) мал башына- 30-00 сомдон.
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы
|
У.Өмүрбеков
|