Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-марты № 18/6
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата жазгы талаачылык жумуштарына даярдыктын жүрүшү, айдап себүү өнөктүгүнө техника ээлерине эмгек акысынын өлчөмүн, чыгымдалган күйүүчү-майлоочу майлардын көлөмүн бекитүү жөнүндө
Чолпон айылдык аймагынын айыл окмотунун жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча жетектөөчү адис Доскулов Кубаттын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүндө 2015-жылдын жазгы талаачылык жумуштарын уюшкандыкта аткарууга карата дыйкан чарба башчылары, айыл чарба техникаларынын ээлери менен жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, иш алып баруу жагы айыл башчыларына милдеттендирилсин.
2. Жазгы талаачылык жумуштарын аткарууда механизаторлордун эмгек акылары, күйүүчү-майлоочу майлардын өлчөмдөрү тиркемеге ылайык белгиленсин.
(Тиркеме тиркелет)
Төраганын орун басары | Б. Жапаров
|
Депутаттардын Чолпон айылдык Кеңешинин 27.03.2015-ж.
№ 18/6 токтомуна тиркеме
№ | Аткарылуучу жумуштар | Эмгек акысы 1га жерге (сом) | Күйүүчү майдын өлчөмү 1 га жерге (литр)
|
1 | Кош айдоо | 1000-00 | 25 |
2 | Тегиздөө | 300-00 | 10 |
3 | Тырмоо | 200-00 | 10 |
4 | Бир жолу себүү | 350-00 | 10 |
5 | Эки жолу себүү | 450-00 | 15 |
6 | Арык тартуу | 70-00 | 3 |
7 | Үрөн тазалоо 1 тонна үчүн | 500-00 | - |
8 | Үрөн дарылоо 1га жерге | 125-00 | - |
Үрөн тартууга:1га жердин тукумуна 50-00 сом,
күйүүчү май аралыкка жараша.