Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-октябры № 4
Калктан, мамлекеттик жана башка комерциялык мекемелерден тириличик таштандыларын чыгарууга тарифтин көтөрүлүшү жөнүндө
“ККИК”ААК директору Ю.В.Владимировдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашылган «Калктан, мамлекеттик жана башка комерциялык мекемелерден тириличик таштандыларын чыгарууга тарифтин көтөрүлүшү жөнүндө» маалыматын угуп, бюджет, муниципалдык менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча; өндүрүш, курулуш, транспорт жана кичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча турктуу комиссиялардын биргелешкен чечиминин негизинде, Кара-Балта шаардык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “ККИК”ААК директору Ю.В.Владимировдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашылган «Калктан, мамлекеттик жана башка комерциялык мекемелерден тириличик таштандыларын чыгарууга тарифтин көтөрүлүшү жөнүндө» маалыматын угуп, бюджет, муниципалдык менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча; өндүрүш, курулуш, транспорт жана кичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча турктуу комиссиялардын биргелешкен чечими эске алынсын.
2. 2015-жылдын 1 октябрынан тартып калктан, мамлекеттик жана башка комерциялык мекемелерден тириличик таштандыларын чыгарууга тариф, № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдети бюджет, муниципалдык менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча; өндүрүш, курулуш, транспорт жана кичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча турктуу комиссияларына жуктөлсүн.
Төрага | Т.Б. Суюмбаев |
| № 1 Тиркеме Бекитем Кара-Балта шаардык кеңештин төрагасы _______________ Т.Б.Суюмбаев « 16 » октябрь 2015ж.
|
Аталышы | Ченем бирдиги | Тариф (салык каттосуз) |
Калк | сом 1 м3 | 112-75 |
Бюджеттик жана башка уюмдар | сом 1 м3 | 143-77 |