Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-июну № 2
Ак-Таш айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 16-июнундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 28-берененин 1-2 пунктуна, 37-берененин 1-2 пунктуна жана Ак-Таш айылдык кеңешинин регламентинин I I -бөлүгүнө ылайык Ак-Таш айылдык кеңешинин (бешинчи шайланган) 1-сессиясынын эсептөө комиссиясынын № 2 протоколунун негизинде Ак-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Таш айылдык Кеңешинин төрагалыгына Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Кадыров Мирбек Садырович шайланды деп эсептелсин.
2. Ак-Таш айылдык Кеңешинин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта аткарат.
3. Токтомдун көчүрмөсүн Кара-Суу райондук аймактык шайлоо комиссиясына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
Ак-Таш айылдык Кеңешине төрагалык кылуучу |
Х.Таиров |