Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-октябры № 81/24-6
Үлүштүк (дем берүүчү) грантка 2016-жылдын шаардык бюджеттин эсебинен каражат бекитүү жөнүндө
Кара-Көл шаарынын мэри М.Д.Койчиевдин: “Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан бөлүнүүчү үлүштүк (дем берүүчү) грантка 2016-жылга шаарыбыздан даярдалган 3(үч) долбоорго шаардык бюджеттин эсебинен үлүш катары каражат бөлүү жөнүндө” шаардык кеңешке жолдогон кайрылуусун жана бул маселе боюнча шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.С.Жетешикованын билдирүүсүн угуп, талкуулап Кара- Көл шаардык кеңешинин кезексиз XXIV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кара-Көл шаарынын мэри М.Д.Койчиевдин; “Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан бөлүнүүчү үлүштүк (дем берүүчү) грантка 2016-жылга шаарыбыздан даярдалган 3(үч) долбоорго шаардык бюджеттин эсебинен үлүш катары каражат бөлүү жөнүндө” шаардык кеңешке жолдогон кайрылуусу жана бул маселе боюнча шаардык кеңештин бюджет , экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.С.Жетешикованын билдирүүсү эске алынсын.
2. Бул токтомдун №1-тиркемесиндеги Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан бөлүнүүчү үлүштүк (дем берүүчү) грантка 2016-жылга шаарыбыздан даярдалган 3(үч) долбоорго шаардык бюджеттин эсебинен үлүш катары шаардын “Өнүгүү бюджетине” 5 100,0миң сомдук каражат “Кара-Көл шаарынын 2016-жылга шаардык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” шаардык кеңештин токтомуна киргизилип бекитилсин.
3. Бул токтомдун №1-тиркемесиндеги бекитилген иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан жактырылып, үлүштүк (дем берүүчү) грант бөлүнгөн учурдан тартып 2016-жыл ичинде аткарылышы шаардык мэрияга (Койчиев М.Д.), ШММБна (Сарбалаев К.С.) жана 2016-жылдын ШММБна бекитилген шаардын “Өнүгүү бюджетине” тиешелүү тактоо (“уточнение”) киргизип, бюджеттин балансташканын эске алып мыйзам чегинде каржылоо шаардык каржы бөлүмүнө (Осмонкулов Ж.Т.) жүктөлсүн.
4. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( Жетешикова Г.С.) жүктөлсүн.
Төрага
| М.К. Женбеков |
| Тиркеме №1 Бекитилди: Шаардык кеңештин 27.10. 2015-ж. №81/24-6 токтомуна |
Миң сом
№ | Долбоордун аталышы | Жалпы суммасы | Жергиликтүү бюджеттен каржыланышы | “Үлүштүк (дем берүүчү)” гранттардын эсебинен каржыланат |
1. | Шаардык “Энергетик” маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүүгө |
4 900,0 |
1 900,0 |
3000,0 |
2. | “Шаардагы “Энергетик” эс алуу паркын реконструкциялоо” |
4 700,0 |
1 700,0 |
3000,0 |
3. | “Шаардын Серый көчөсүндөгү футбол аянтчасынын жанындагы фонтан жана бассейнди реконструкциялоо |
4 500,0 |
1 500,0 |
3000,0 |
|
| 14 100,0 | 5 100,0 | 9000,0 |
Аппарат жетекчи
| Нурматова К.И. |