Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-марты № 16-4
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн 2015-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндө
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн 2015-жылга каралган бюджетин бекитүү маселесин айылдык округунун финансы боюнча адистери, айыл башчылар, бюджеттик мекемелеринин жетекчилеринин катышуусу менен такталып түзүлгөн бюджет айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алар тарабынан киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн эске алып депутаттардын Төлөйкөн айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата социалдык –экономикалык жактан өнүгүү программасын болжолдуу планы жактырылсын.
2. 2015-жылга Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалары 16905,0 миң сом суммасында белгиленсин.
3. 2015-жылга Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын кирешелер жана чыгашалары 460,0 миң сомго белгиленсин.
4. 2015-жылга Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн бюжетинин кирешелеринин түзүү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар аныкталсын. 2015-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде 1-кезекте колго алынган статьяларга (эмгек акы, соц. фонд) каржылануусу белгиленсин.
5. Айыл өкмөткө 2015-жылдын бюджетине берилүүчү толуктоо грант 5026,8 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
6. 2015-жылга бюджеттин чыгаша болугу башкаруу аппараттын каржылоосуна 6613,3 миң сом, айыл чарбасына 380,0 миң сом, турак жайга 5994,0 миң сом, библиотекага 212,2 миң сом, маданиятка 755,0 миң сом, бала-бакчага 365,2 миң сом, билим берүүгө 1520,4 миң сом, соц. жардамга 1064,9 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
7. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн атайын каражаты 460,0миң сом бала бакчага жумшалсын.
8. КРнын 2013-жылдын 8-июлундагы №403 токтомунун негизинде Төлөйкөн айыл өкмөтүнө башкаруу аппаратынын жалпы штат бирдиги 31, анын ичинен айыл башчы 4, жан тейлөөчү кызматкерлер 4 бекитилсин.
9. 2014-жылдан Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн эсебинде калган 7745,0 миң сом акча каражаты -7385,0 турак жай бөлүмүнө , 60,0 миң сом билим берууго, 300,0мин сом социалдык камсыздоого жумшалгандыгы белгиленсин.
10. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн 2016-2017-жылдарга карата түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомолу бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
11. Төлөйкөн айылдык округунун бюджетинин сметасынан ашыкча тушкон бөлүгү толугу менен айылдык округдун эсебинде калтырылып,социалдык обьектилерине жумшалаары белгиленсин.
12. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Төлөйкөн айыл өкмөтунун башчысы А.Абдукаримовго жүктөлсүн.
13. 2014-жылга Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүмүнүн аткарылышы жактырылсын.
Төрага | И. Ажиматов |