КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VI чакырылыштагы) кезектеги ХХV сессиясы
2015-жылдын 11-ноябры № 25/9
Көк-Жаңгак шаардын мэринин № 129-0 10.11.2015-ж.кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары шаардын мэри Ж.Юсуповдун № 129-0 10.11.2015-жылдагы кайрылуусун жана Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 08.05.2006-жылдагы 10/3 кабыл алынган токтом менен таанышып мурдагы шаардын базарынын жер участогун муниципалдык менчике кайтарып алуу жөнүндө карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VI чакырылыштагы) кезектеги ХХV сессиясы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 10- беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын 08.05.2006-жылдагы Х-сессиясынын 10/3 кабыл алынган токтому жокко чыгарылсын.
2. Жер участогу Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571 токтомуна ылайык «Көк-Жаңгак кыймылы» коомдук бирикмесинин кайрылуу катындагы маселе шаардын жер комиссиясында мыйзамдуу турдо каралып чечилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Ж.Юсуповго жана Көк-Жаңгак шаардык экономика-өндуруш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссияга (Т.Айтиевге) тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К. Курбанов |