Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-августу № 18/6
Күмүш-Азиз айылынын тургуну Турдалиев Мамазаиттин арызын канааттандыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 12,13,25-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571 токтому менен бекитилген жобого ылайык, Күмүш-Азиз айылынын тургундарынын жана айыл кеңешинин депутаттарынын катышуусунда түзүлгөн 16.02.2015-ж. № 1-протоколун, айыл чарба жерлери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун, Сузак райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укутарды каттоо башкармалыгы тарабынан берилген 11.08.2015-жылдагы № 372-сандуу корутундусун, Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынын 04.04.2015-жылдагы № 89-корутундусун сессияда депутаттар талкуулап, жаран Турдалиев Мамазаиттин арызын канаттандыруу максатында Ырыс айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Күмүш-Азиз айылын тургуну Турдалиев Мамазаиттин жеке менчик 0,25 га жер тилкесине спорт аянтчасын куруу үчүн которууга макулдук берилсин.
2. Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан жер балансасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл жана суу чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Багишевке милдеттендирилсин.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т.М. Атакулов |