Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-октябры № 23/7
Административдик укук бузуулар боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин буйругуна жана Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 06-ноябрь 2015-жылдагы № 58 буйругуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын алдындагы административдик укук бузуулар боюнча комиссиянын типтүү жобосу жетекчиликке алынсын.
2. Талды-суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндө административдик укук бузуулар боюнча комиссия түзүлүп бекитилсин.(курамы тиркелет)
3. Атайын бекитилген типтүү жобого ылайык акр кандай укук бузууларды алдын алуу болтурбоо боюнча, түзүлгөн административдик укук бузуулар боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У Бердигуловко милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Молоев |
| Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 23-октябрь 2015-жылдагы № 23\7 токтомуна тиркеме
|
1. Касейинов А- жооптуу катчы, комиссиянын төрагасы
2. Бектуров К- соц адис, комиссиянын төрагасынын орун басары
3. Чукулуков А- жетектөөчү адңис, комиссиянын катчысы
4. Жунусов А- айылдык Кеңештин депутаты
5. Курманбаев Т- айыл башчы, комиссиянын мүчөсү
6. Исмаилов И- айылдык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
7. Акунбаев А- айыл башчы- комиссиянын мүчөсү
8. Асанакунов Н- айылдык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
9. Наркеев С- аймактык тескөөчү, комиссиянын мүчөсү
Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы
|
А Касейинов |
.