Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-февралы № 4-1
Ак-Коргон айылдык аймагынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылууну жөнгө салуу жөнүндө
Ак-Коргон айылдык аймагынын айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айылдык аймагында жергиликтүү калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн "Ак-Коргон Тазалык" муниципалдык ишканасы менен ичүүчү таза суу пайдалануучулар ортосунда атайын келишимдин негизинде иш алып баруу жагы белгиленсин.
2. "Ак-Коргон Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан ичүүчү таза суу пайдалануучуларга ичүүчү таза суусун жеткирип берүү боюнча тиркемеге ылайык тарифи бекитилсин.
3. "Ак-Коргон Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан ичүүчү таза сууну пайдалануучуларга жеткирип берүү боюнча тиркемеге ылайык атайын тарифи Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук бөлүмү менен макулдашылсын.
4. Аталган токтом Жалал-Абад облустук "Акыйкат" гезитине жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүно милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Коргон айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Матхаликов Дониерга милдеттендирилсин.
Төрага |
Т. Отаханов |
Ак-Коргон айылдык Кеңешинин
"24" -февраль 2015-жылкы
№4-1 токтомуна тиркеме
1. Суу эсептегич аркылуу жеткирилип берилген 1 м3 ге - 20 (жыйырма) сом.
2. Көчөдөгү суу түтүктөрүнүн суу пайдалануучулар үчүн айына:
- Ак-Коргон айылы үчүн - 30 (отуз) сом;
- Падек айыл үчүн - 50 (элүү) сом;
Ак-Коргон айылындагы көчөдөгү суу түтүктөрү орточо 10 үй-бүлөгө 1 ден туура келет, Падек айылындагы көчөдөгү суу түтүктөрү орточо 6 үй-бүлөгө 1 ден туура келет.
3. Суу эсептегич коюлгуча ар бир суу түтүгүнөн - 150 сом.
4. Суу эсептегич коюлусуунан баштап, суу түтүктөрүнөн пайдалангандыгы үчүн айына - 300 (үч жүз) сом.
5. Суу эсептегичтердин пломбасын же болбосо краниктерди бузуу үчүн биринчи жолу - 3000 (үч миң) сом, экинчи жолу - 5000 (беш миң) сом, үчүнчү жолү - суу түтүгү үзүлөт.
6. Жаңы суу түтүгүн түшүрүп берүү келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы
|
А.Адашов |