Загрузка документа…
Кант шаардык кеңешинин
2018-жылдын 21-декабрындагы № 81/XII-27 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КАНТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-декабры № 104/XIX-26
Кант шаардык Кеңешинин жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 21-беренесине ылайык Кант шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык Кеңешинин жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиңия башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык Кеңешинин регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына (Решетникова Н.Я.) жүктөлсүн .
Председатель | А.К.Шайлдабеков |
|
Кант шаардык кеңешинин токтомуна тиркеме №104/Х1Х 23.12.2014ж.
|
Кант шаардык кеңешинин ЖОБОСУ
Глава 1. Жалпы жоболор
Глава 2. Шаардык кеңештин компетенциясы
Глава 3. Шаардык кеңештин ишинин ачыктыгы
Глава 4. Шаардык кеңештин нормативдик укуктук актылары
Глава 5. Шаардык кеңештин түзүмү жана органдары
Глава 6. Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
Глава 7. Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
Глава 8. Шаардьж кеңештин туруктуу комиссияларынын отурумдары
Глава 9. Депутаттык фракңия
Глава 10. Шаардык кеңештин мамлекеттик бийлик органдары менен ез ара мамилеси
Глава 11. Шаардык кеңештин жобосуна езгертүүлөр менен толуктоолорду киргизүү тартиби жана шаардык кеңештин ишинин токтотулушу
Глава 1. Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештер тууралуу» Мыйзамына ылайык Шаардык кеңеш шаардын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
Шаардык кеңеш өз иш-милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамында көрсөтүлгөндөй белгиленген мөөнөттө өткөрүлүүчү өзүнүн биринчи сессиясынын күнүнөн тартып аткара баштайт жана өз ишин кийинки чакырьлыштагы жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы өткөрүлгөн күнү токтотот. Чакырылыштын мөөнөтү төрт жыл.
1.2. Шаардык кеңеш компетенциясына таандык болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамындагы маселелерди өз алдынча чече алат, кабыл алынган чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат, ал чечимдердин ишке ашырылышына көзөмөл салат жана юридикалык жактын макамына ээ.
1.З. Шаардык кеңештин Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келбеген жана өз ыйгарым укугунун чегинде кабыл алынган чечимдери Кант шаарынын аймагында жайгашкан бардык мекемелер, ишканалар жана уюмдар тарабынан, шаардык өзүн-өзү башкаруу органынын кызмат адамдары, Кант шаарында жашап турган жарандар жана жарандыгы жок жактар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылышы керек.
1.4. Шаардык кеңештин жана анын органдарынын иш тартиби Кыргыз Республикасынын Конституңиясы, мыйзамдары, жана башка нормативдик укуктук актылары учурдагы жобо тарабынан аныкталат.
Шаардык кеңештин ишинин негизги уюштуруучу-укуктук формасы болуп сессия саналат.
1.5. Шаардык кеңештин жобосу шаардык кеңештин ыйгарым укугунун ишке ашырылыш тартибин, анын уюшулушу менен ишмердик маселелерин, шаардык кеңештин органдарынын түзүлүшүн, ошондой эле анын текшерүү ишмердигинин проңедурасы менен тартибин аныктайт.
1.6. Шаардык кеңештин ишмердиги мыйзамдуулуктун, коллегиалдуулуктун, саясый көп түрдүүлүктүн жана көп партиялуулуктун, объективдүүлүктүн, депутаттар тарабынан маселелерди кенен талкуулоо жана чечимдерди кабыл алуу принңиптерине негизделет. Чакырылган адамдар каралган маселелерди талкуулоого катыша алышат. Шаардык кеңештин сессиясы ачык өткөрүлөт.
1.7. Шаардык кеңеш өз укуктары менен милдеттерин Кыргыз Республикасынын Конституңиясы, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын макамы жөнүндөгү» Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдары менен нормативдик укуктук актылары, учурдагы жобо тарабынан аныкталган кепилдиктердин негизинде тоскоолдуксуз ишке ашыра алат.
1.8. Кант шаардык кеңешинин юридикалык адреси: 725000 Кыргыз Республикасы, Чуй областы, Кант шаары , Московская көчөсү № 8, телефон 03132 54814, факс:55890.
Глава 2. Шаардык кеңештин компетенциясы
2.1. Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык төмөнкү маселелерди карап чыгып, алар боюнча чечим кабыл алат:
1) жергиликтүү деңгээлдеги башкаруу тартибин аныктоо;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы тууралуу жоопкатты бекитүү; бюджеттин аткарылышы бюджеттик эмес фондуларды колдонуу тууралуу маалыматтарды угуу;
3) аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, калкты социалдык коргоо тууралуу программаларды бекитүү жана алардын ишке ашышын көзөмөлгө алуу;
4) жергиликтүү салыктарды, чогултууларды, алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган шарттарда аларга ченемдерди (ставка) коюу;
5) жергиликтүү коомчулуктун муниципалдык менчигин колдонуу, анын ичинде муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен да колдонуу тартибин аныктоо; муниципалдык менчикти колдонууга көзөмөл салуу;
6) Кант шаарынын мэринин ишмердиги тууралуу жоопкатты угуу;
7) депутаттардын ыйгарым укугун мыйзам тарабынан бекитилген учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) жергиликтүү коомчулуктун уставын бекитүү;
9) Кант шаарынын административдик-аймактык түзүмү боюнча сунуштарды мамлекеттик бийликтин дал келген органдарына киргизүү максатында иштеп чыгуу;
10) Шаардык кеңештин терагасын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматынан бошотуу, Шаардык кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
11) Шаардык кеңештин Регламентин кабыл алуу;
12) чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө;
13) Өкмөт тарабынан аныкталган типтүү нормативдердин негизинде Кант шаарынын мэриясынын түзүмүн жана штаттык тизмесин бекитүү;
14) муздак сууну, суу тутукчөлөрүн, жылуулук камсыздоосун колдонуу, ошону менен бирге таштандыларды чогултуу, ташып кетүү жана жок кылуу боюнча тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык бекитүү;
15) спирт ичимдиктери менен тамекилерди сатуу убактысы менен орду боюнча чектөөнү аныктоо, зарылдыкта тыюу салуу; ритуалдык иш-чараларды өткөрүү эрежелерин аныктоо;
16) ирригаңиялык тармактарды, үйдүн тегерегиндеги тилкелерди кармоо тартибин аныктоо;
17) Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана жергиликтүү коомчулуктун уставына ылайык дагы башка маселелерди чечүү.
Глава 3. Шаардык кеңештин ишинин ачыктыгы
3.1. Шаардык кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран шаардык кеңеш тарабынан бекитилген регламентке ылайык сессияларга катышууга укугу бар
3.2. Шаардык кеңеш, эгерде каралуучу маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо, жабык сессияны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат.
3.3. Шаардык кеңеш сессиялардын датасы жана күн тартиби жөнүндө жарандарды алдын ала кабардар кылуу боюнча бардык чараларды көрүүгө, алардын сессияга кириши үчүн бардык шарттарды түзүүгө, ошондой эле көрүлгөн чаралар тууралуу жергиликтүү жамаатка маалымдоого милдеттүү.
Глава 4. Шаардык кеңештин нормативдик укуктук актылары
4.1. Шаардык кеңештин нормативдик укуктук актылары токтом түрүндө кабыл алынат.
4.2. Шаардык кеңештин токтомдору сессияда, Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.
4.3. Шаардык кеңештин токтомуна Шаардык кеңештин төрагасы кол коёт. Шаардык кеңештин төрагасы иш ордунда болбогон учурда Шаардык кеңештин токтомдоруна, билдирүүлөрүнө жана кайрылууларына Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары кол коет.
Глава 5. Шаардык кеңештин түзүмү жана органдары
5.1. Кант шаардык кеңеши 31 депутаттан жана Кант шаардык кеңешинин аппаратынан турат-жоопту катчы, башкы адис, жетектөчү адис.
5.2. Кант шаардык кеңеши юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдарменен өздөрүнн компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укутуу.
Глава 6. Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
6.1. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары Шаардык кеңештин ишин алып барууга тиешелуу болгон маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо учун, Шаардык кеңештин чечимдерин ишке ашьфууга катышуу, ал чечимдердин Кант шаарынын аймагында жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышын кеземвлдве учун тузулвт.
Шаардык кеңеш тарабынан убактылуу комиссиялар да тузулвт.
6.2. Комиссиянын тизмесин, алардын сандык тутуму менен шайлоо тартибин Шаардык кеңеш аныктайт. Шаардык кеңеш ыйгарым укугун етеп турган мввнвттв зарыл учурларда туруктуу жаңы комиссияны тузе, кыскарта жана мурда тузулгвндврун кайра тузуп жана алардын тутумуна взгвртуулврду киргизе алат.
6.3. Туруктуу комиссия шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен тузулвт. Шаардык кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат. Туруктуу комиссия мүчөлөрү бирдей укукка ээ. Туруктуу комиссиянын мүчөлөгүнө Шаардык кеңештин төрагасы менен анын орун басары шайлана албайт.
6.4. Туруктуу комиссия төраганы шайлайт. Комиссия өз ишмердигинин негизги багыттары боюнча ички комиссияларын түзө алат.
6.5. Туруктуу комиссиянын жана Шаардык кеңештин терагасынын сунушу боюнча Шаардык кеңеш туруктуу комиссиянын тутумуна өзгөртүү киргизе алат.
6.6. Туруктуу комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укугу өзүнүн өтүнүчү боюнча, жана милдетин аткарууга мүмкүн болбогон шарттарда Шаардык кеңеш тарабынан мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
6.7. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын укугу, милдеттери, аны уюштуруу жана ишмердик тартиби Шаардык кеңештин Регламенти жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдуу актылары тарабынан аныкталат.
6.8. Шааардык кеңештин туруктуу комиссиялары ишмердигине окумуштууларды, адистерди, тажрыйбалуу ишмерлерди жана башка жактарды тарта алат.
6.9. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары өз компетенциясына тиешелүү болгон маселелер боюнча зарыл чечимдерди кабыл алат.
6.10. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары Кант шаарынын аймагында жайгашкан мекемелер менен уюмдардын ыкчам чарбалык ишмердигине кийлигишүүгө укугу жок.
6.11. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары:
1) Шаардык кеңештин кароосуна киргизилген Кант шаарынын экономикалык, социалдык жана улуттук-маданияттык өнүгүүсү менен байланышкан суроолорду дайындоого катышат.
2) Кант шаарынын социалдык-маданий жана өндүрүштү инфратүзүмүн өнүктүрүү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун экономикалык негизин бекемдөө маселелери боюнча шаардык кеңешке сунуш киргизет;
3) Кант шаарынын аймагынын жана бюджетинин экономикалык өнүгүү пландарынын долбоорлорунун пландардын-аткарылышы жана бюджеттердин ишке ашышын алдын ала карал чыгат, алар боюнча өз эскертүүлөрүн даярдайт жана зарылдыкта аларды Шаардык кеңешке сунушташат;
4) Шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин жана Уставдын талаптарынын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана Шаардык кеңештин регламенти тарабынан сунушталган дагы башка ыйгарым укуктарын ишке ашырат.
6.12. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүлөрүнө тиешелүү болгон маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, мекемелердин, ишканалардын жана Кант шаарынын аймагында жайгашкан уюмдардын жетекчилери менен адистеринин пикирлери менен сунуштарын угууга укуктуу.
6.13. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын отурумдары комиссиянын иш планына ылайык чакырылат.
6.14. Туруктуу комиссиялардын отурумдарында бул комиссиянын мүчөлөрү болбогон Шаардык кеңештин депутаттары добуш берүү укугу менен катыша алат.
6.15. Туруктуу бир нече комиссияга тиешелүү болгон маселелер комиссиялардын демилгеси, ошондой эле Шаардык кеңештин ташпырмасы менен комиссиялар тарабынан биргелешип даярдалат жана каралат.
6.16. Туруктуу комиссиянын мүчөлеру өз тутумунан ачык добуш берүү аркылуу төраганы жана төраганын орун басарын шайлашат жана аларды Шаардык кеңеш ачык добуш менен бекитет. Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көбүнүн добушуна ээ болгон төрага жана төраганын орун басары шайланган болуп саналат.
6.17. Туруктуу комиссияларды дал келген комиссиялардын төрагалары жетектейт. Туруктуу комиссиялар Шаардык кеңештин алдында жооптуу болуп, ага жоопкат тапшырып турат. Туруктуу комиссиялардын чечимдери шаардык кеңештин сессиялары тарабынан жокко чыгарылышы мүмкүн.
6.18. Шаардык кеңеш зарыл учуларда компетенциясна кирген маселелерди иштеп чыгуу жана алдын ала кароо, ошондой эле аларды изилдеп талдоого алуу үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат. Убактылуу комиссия өзүлөрү үчүн даярдалган маселелерди кароо боюнча башкы комиссия болуп саналат.
6.19. Убактылуу комиссия Шаардык кеңештин туруктуу комиссиясы үчүн бекитилген тартипке ылайык ишмердигин алып барат.
Глава 7. Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
7.1. Шаардык кеңештин кароосуна киргизилген Кант шаарынын экономикалык, социалдык жана улуттук-маданияттык өнүгүүсү менен байланышкан суроолорду дайындоого катышат.
7.2. Кант шаарынын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфратүзүмүн өнүктүрүү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун экономикалык негизин бекемдөө маселелери боюнча шаардык кеңешке сунуш киргизет.
7.3. Кант шаарынын аймагынын жана бюджетинин экономикалык өнүгүү пландарынын долбоорлорун, пландардын аткарылышы жана бюджеттердин ишке ашышын алдын ала карал чыгат, алар боюнча өз эскертүүлөрүн даярдайт жана зарылдыкта аларды Шаардык кеңешке сунушташат.
7.4. Шаардык кеңеш кабыл алынган чечимдерге жана башка укуктук ченемдик актыларга көзөмөл жүргүзөт.
7.5. Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана Шаардык кеңештин регламенти тарабынан сунушталган дагы башка ыйгарым укуктарын ишке ашырат.
7.6. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүлөрүнө тиешелүү болгон маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын мекемелердин, ишканалардын жана Кант шаарынын аймагында жайгашкан уюмдардын жетекчилери менен адистеринин пикирлери менен сунуштарын угууга укуктуу.
Глава 8. Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын отурумдары
8.1. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын отурумдары комиссиянын иш планына ылайык чакыртылат.
8.2. Туруктуу комиссиялардын отурумдарында бул комиссиянын мүчөлөрү болбогон Шаардык кеңештин депутаттары добуш берүү укугу менен катыша алат.
8.3. Туруктуу бир нече комиссияга тиешелүү болгон маселелер комиссиялардын демилгеси, ошондой эле Шаардык кеңештин тапшырмасы менен комиссиялар тарабынан биргелешип даярдалат жана каралат.
8.4. Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү өз тутумунан ачык добуш берүү аркылуу төраганы жана төраганын орун басарын шайлашат жана аларды Шаардык кеңеш ачык добуш менен бекитет. Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көбүнүн добушуна ээ болгон төрага жана төраганын орун басары шайланган болуп саналат.
8.5. Туруктуу комиссияларды дал келген комиссиялардын төрагалары жетектейт. Туруктуу комиссиялар Шаардык кеңештин алдында жооптуу болуп, ага жоопкат тапшырып турат. Туруктуу комиссиялардын чечимдери шаардык кеңештин сессиялары тарабынан жокко чыгарылышы мүмкүн.
8.6. Шаардык кеңеш зарыл учуларда компетенциясына кирген маселелерди иштеп чыгуу жана алдын ала кароо, ошондой эле аларды изилдеп талдоого алуу үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат. Убактылуу комиссия өзүлөрү үчүн даярдалган маселелерди кароо боюнча башкы комиссия болуп саналат.
8.7. Убактылуу комиссия Шаардык кеңештин туруктуу комиссиясы үчүн бекитилген тартипке ылайык ишмердигин алып барат.
Глава 9. Депутаттык фракция
9.1. Депутаттык фракция - бул Шаардык кеңешке шайланган депутаттардан түзүлген биримдик.
9.2. Шаардык кеңештин депутаттары депутаттык фракцияга (мындан ары -фракция) биригишет. Шаардык кеңеште фракциялардын коалициясы түзүлгөндүгү тууралуу расмий жарыялап, депутаттык мандаттын жарымынан көбүнө ээ болгон фракция же фракциялар коалициясы Шаардык кеңеште көпчүлүк болуп саналат. Фракциянын же көпчүлүк фракциялык коалициясынын тутумуна кирбеген фракция Шаардык кеңеште азчылык болуп саналат.
9.3. Депутаттык фракциялар бирдей укукка ээ.
9.4. Депутаттык фракция фракциянын тутумуна кирүүгө каалоосун билдирген депутаттардын чечими боюнча бардык учурларда түзүлүшү мүмкүн. Шаардык кеңештин депутаттары шаардык кеңештин депутаттык фракциясын түзүүгө укуктуу. Фракция Шаардык кеңештин төрагасына депутаттык фракциянын түзүлгөндүгү тууралуу, анын аталышын, тутумун, жетекчинин аты жөнүн көрсөтүү менен билдирүү сунуштайт. Депутаттык фракция түзүлгөндүгү тууралуу билдирүүгө фракциянын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.
9.5. Фракцияны каттоодон өткөрүү анын түзүлгөндүгү тууралуу жазуу формасындагы билдирүү келип түшкеө эки күн ичинде ишке ашырылат.
9.6. Шаардык кеңештин депутаты бир гана фракциянын мүчөсү болууга укугу бар.
9.7. Регламентке ылайык катталбаган фракция фракциянын укугуна ээ боло албайт.
9.8. Фракциянын иш тартиби жана депутаттын фракциядан чыгуу шарттары фракциянын өзү тарабынан аныкталат.
9.9. Фракциялар коалицияга бириге алышат. Коалицияга биригүүнү каалаган фракциялар ошол фракциялардын макулдугун түзүшөт.
9.10. Фракция өз талапкерин Кант шаарынын мэрлиги кызматына көсөтүүгө укугу бар.
Глава 10. Шаардык кеңештин мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилелси
10.1. Шаардык кеңеш жергиликтүү мамлекеттик администрация менен өз ара мамилелери иш-милдеттеринин чегин ажыратуу, кеңешке жана жергиликтүү мамлекеттик админстарцияга өздөрүнө таандык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарды берүү принцибинин негизинде түзүлөт.
10.2. Мамлекеттик бийлик органдары шаардык кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз.
10.3. Шаардык кеңеш тиешелүү мамлекттик администрациянын компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз.
10.4. Аймактардын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелер боюнча шаардык кеңеш сессиянын ишине, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына катышуу үчүн тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, админстрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү администрациялардын өкүлдөрүн чакыра алат.
10.5. Жергиликтүү мамлекеттик администрация аймакты өнүктүрүүнүн турмуштук маанилүү маселелер боюнча ез чечимдерин шаардык кеңеш менен консултациялашат жана жазуу жүзүндө макулдашат
Глава 11. Шаардык кеңештин жобосуна өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү тартиби жана шаардык кеңештин ишинин токтотулушу
11.1. Шаардык кеңештин жобосуна өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү тууралуу туруктуу комиссиялар же Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен киргизилген сунуштар Шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилип, эң биринчилерден болуп каралат.
11.2. Шаардык кеңештин жобосу жөнүндө түшүндүрүү жана аны сактоону көзөмөлгө алуу Шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын бирине тапшырылат.
11.3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда шаардык кеңештин ыйгарым укугу токтотулат.
11.4. Эгерде шаардык кеңештин ыйгарым укугу токтосо, шаардык кеңештин иш процесинде пайда болгон бардык финансылык жана башка докуметтери Кыргыз Республикасынын Мызамдарында талап кылгандай сакталат жана колдонулат.
Кант шаардык кеңешинин жоопту катчысы |
Д.Ш.Байсалова |