Редакцияот 08.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз  XXII сессиясы 

 

2015-жылдын 8-августу № 22/14

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын ичинде бекитилген  бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча өзгөртүү киргизүү  жөнүндө

Керме-Тоо айыл өкмөтү тарабынан даярдалып, айыл өкмөтүнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн 2015-жылга индикативдик божомолуна кошумча өзгөртүүлөр даярдалып, Керме-Тоо айыл өкмөтү тарабынан сунуш кылынып, атайын комиссияда талкууланып, айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары тарабынан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын ичинде кошумча түшкөн кирешелердин эсебинен жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселени Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын ичинде жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин планы, кошумча түшкөн кирешелеринин эсебинен жыл башына бекитилген планга карата, 297,3 (эки жүз токсон жети миң үч жүз) сом суммасында артыкчылыгы менен бекитилсин. (№1 тиркеме тиркелет)

2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгашасынын каржылоо каражаттары, кошумча түшкөн кирешелердин эсебинен 297,3 (эки жүз токсон жети миң үч жүз) сом суммасында кошумчасы менен белгиленсин. (№ 2 тиркеме тиркелет)

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А. Рысбаевага  жүктөлсүн. 

 

 

Төрага

А.Тажибаев

 

 

 

 

Керме-Тоо айылдык Кеңешинин

сессиясынын № 22/14

токтомуна  № 1 тиркеме

 

 

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 9 айы ичинде айылдык бюджетинин кошумча түшкөн кирешелердин планы, жыл башына бекитилген планга карата 297,3(эки жүз токсон жети миң үч жүз) сом кошумча суммасы төмөндөгүчө

 

№

Кирешелердин  аталышы

Алымча (миң сом)

Кошумча (миң сом)

1

Ижара акы

 

+67,3

2

Тамарка салыгы

 

+45,5

3

Транспорт салыгы

 

+117,4

4

Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы

 

+67,1

 

Бардыгы

 

+297,3

 

 

 

 

 

 

 

Төрага

 

 

А.Тажибаев

 

 

 Керме-Тоо айылдык Кеңешинин

сессиясынын № 22/14

токтомуна  № 2 тиркеме

 

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 9 ай ичинде жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө кошумча түшкөн кирешелердин эсебинен каржылоо 297,3(эки жүз токсон жети миң үч жүз) сом каражат берененелерге жумшалсын.

 

№

Беренелердин аталышы

Берене

Алымча (-)

Кошумча (+)

Аппарат бөлүмү

 

Ар түрдүү чыгымга

22154900

 

+197,3

 

 

 

 

 

Айыл чарбасына

 

Ар түрдүү чыгымга

22154900

 

+60,0

 

 

 

 

 

Билим берүү бөлүмү

 

Ар түрдүү чыгым

22221200

 

+40,0

 

 

 

 

 

 

Бардыгы

 

 

+297,3

 

 

 

 

 

 

Төрага

А.Тажибаев