Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-июлу № 7-4
Т.Кулатов атындагы айылдык округунун 2013-жылдын 15-майындагы чыккан № 60 токтомун бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги Экономиканы Өнүктүрүүнүн Мамлекеттик фонду аркылуу товардык кредит катары бөлүнүп берилүүсү жөнүндөгү № 187-токтомун ишке ашыруу максатында Т.Кулатов айылдык округунда 2013-жылдын 15-майында чыккан № 60 токтомуна айылдык Кенешти айыл-чарба, суу, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын эске алып депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Т.Кулатов атындагы айылдык округунун 2013-жылдын 15-майындагы чыккан № 60 токтому бекитилип берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округунун башчысына милдеттендирилсин
Төрага | А. Ажибаев |
|
|
|
|