Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-апрели № 53/9-3
Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамына өзгөрүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башкаруучусунун м.а. өтүнүч катын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, кадрлык өзгөрүүлөр болгондугуна байланыштуу жана туруктуу депутаттык комиссиясынын чечиминин негизинде Токмок шаардык кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы №38/8-3 токтомуна төмөндөгү өзгөрүүлөр киргизилсин:
- Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамынан чыгарылсын
Абышалиев Сейитбек Абышалиевич - Токмок шаардык архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын бөлүм башчысы жана
Алымбекова Акчаим Мадалбековна – КР Өкмөтүнүн Ысык-Ата район аралык санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башкы адиси;
- Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамына киргизилсин
Кыдырбаев Абдулазим Юсупович – Токмок шаардык архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын башкаруучусу жана
Садамкулова Фарида Исакуловна – Токмок ш. МСЭКБ санитардык бөлүмүнүн башчысы.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча, коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Таманбаев |
|
|
|
|