Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин ХХV чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
2015-жылдын 4-декабры № 7
Ала-Бука айылдык аймагында жергиликтүү салыктардын базалык ставкаларын көтөрүү жөнүндө
Ала-Бука айылдык Кеңешинин күн тартибиндеги маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн жер адисинин айыл чарба багытындагы жерлердин базалык салык ставкаларын көтөрүү жөнүндөгү докладын угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айылдык аймагынын айыл чарба багытындагы жерлеринин базалык салык ставкалары №1 тиркемеге ылайык тартипте эселенип көтөрүлсүн.
2. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык субөектилер айыл чарба жерлеринен пайдалангандыгы үчүн салык төлөмдөрүн, ушул токтомдун №1 тиркемесинин тариф төлөмдөрүнө ылайык төлөөлөр жүргүзүлсүн, ошондой эле насостук станциялар аркылуу сугарылуучу айыл чарба сугат жерлери үчүн төлөнүүчү салык төлөмдөрү ушул токтомдун №1 тиркемесине ылайык кайракы айдоо ставкасы боюнча колдонулсун.
3. Аталган токтом тиркемеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду тиркемеси менен бирге расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүно милдеттендирилсин.
5. Токтомду турмушка ашыруу жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Умаровага жүктөлсүн.
Төрага |
Д.Акпаралыев |
Ала-Бука айылдык Кеңешинин
4-декабрь 2015-жылкы
№7 токтомуна №1 тиркеме
Ала-Бука айылдык аймагынын айыл чарба багытындагы жерлеринин
базалык салык ставкаларынын негизинде эселенип көтөрүлгөн салык ставкалары:
№ | Айыл чарба багытындагы жерлердин түрү
| Айыл чарба жерлеринин салык ставкалары | ||
Жерлердин бирдигине болгон базалык салык Ставкалары (сом,га)
| 2016-жылга жана андан ары карай | |||
Эселенип көтөрүлүшү |
Жердин бирдигине болгон төлөм (сом,га) | |||
1 | Сугат айдоо | 306 | 1,2 | 367,2 |
2 | Кайракы айдоо | 41,3 | 3 | 123,9 |
3 | Көп жылдык бак дарактар | 204 | 1,5 | 306 |
4 | Чөп чабынды | 22.5 | 3 | 67,5 |
5 | Жайыт | 9,9 | 3 | 29,7 |
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы |
К.Токтоматов |
|
| ||
|
|
| |
|
|
| |