Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-октябры № 295/38-6
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын жобосунун жаны редакциясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын 24.10. 2016-жылдагы №01-5/1325 чыгыш сандуу катынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын Жобосунун жаңы редакциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин Депутаттык этика, мыйзамдуулук, укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык обьектилердин аттарын кайрадан өзгөртүп атоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Б.Ө.Тууганбаев) тапшырылсын.
Төрага | А.Джузупбеков |
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясы Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында областтык маанидеги шаарларда жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун негиздери жөнүндөгү” 2001-жылдын 2-майындагы №153 Жарлыгына жана депутаттардын Талас шаардык кеңешинин ““Кыргыз Республикасында областтык маанидеги шаарларда жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун негиздери жөнүндөгү” 2001-жылдын 2-майындагы №153 Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндөгү” 2001- жылдын 5-июлундагы №58\ 11-23 сандуу токтомуна ылайык мурдагы Талас шаардык мамлекеттик администрациясынын базасында түзүлгөн.
Бул ЖОБО - Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын иш-аракетин, иш-кагаздарды жүргүзүүнү уюштуруу, муниципалдык кызматта болууну жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыкты жана ишке ашыруу боюнча ишин уюштуруу эрежелерин белгилейт.
2. Мэр жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийликтин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну ишке ашырууну камсыздайт.
3. Мэрдин ишинин укуктук негизи Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары жана буйруктары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору, буйруктары, Талас шаардык жергиликnүү жаматтын Уставы жана ушул ЖОБО түзөт.
4. Мэр шаардын чегинде Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын атынан чыгуучу кызмат адамы болуп эсептелинет.
5. Жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбачыл субъекттердин жетекчилик кызматтарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат жана шаардык кеңеш тарабынан анын чакырылган мөөнөтүнө шайланат.
6. Шаардын мэри шаардык кеңештин бекитүүсүнө шаардык бюджетинин долбоорун сунуштайт, жарым жылда бир жолудан кем эмес шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын пайдаланылышы, шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө шаардык кеңеш алдында отчет берет;.
7. Мэр өзүнө тапшырылган иш чөйрөсү үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, депутаттардын Талас шаардык кеңешинин алдында, жеке жоопкерчилик тартат.
8. Мэрдин ишин камсыздоо, шаар аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы мэр башында турган мэрия болуп эсептелет. Жергиликтүү мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын ишин координациялоону, мониторинг жүргүзүүнү жана контролдоону ишке ашыруу үчүн мэрдин аппараты түзүлөт.
9. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясы менчигинде оперативдүү башкаруусунда мүлкү бар жана өзүнүн милдеттенмелери боюнча ал мүлкү менен жооп берген, мыйзамдардын негизинде өз атынан ушул мүлккө байланышкан жана мүлккө байланышпаган жеке укуктарга жана милдеттенмелерге ээ боло алуучу жана ишке ашыруучу, сотто доочу жана жоопкер катары да чыга алуучу жана мөөр, бурч мөөрүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилде да жазылган, ошондой эле символиканын элементтери, банк мекемелеринде алыш-бериш эсеби бар юридикалык жак болуп эсептелет. Мамлекеттик тилде аталышы “Талас шаардык жергиликтуу өз алдынча башкаруусу-мэриясы”, расмий тилде аталышы “Местное самоуправление -мэрия города Талас”, кыскартылып аталышы “Талас шаардык мэриясы”
10. Талас шаардык мэриясынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Талас облусу, Талас шаары К.Нуржанов аллеясы №18. Индекс 724200
11. Мэрдин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча тиешелүү тармакта мамлекеттик башкаруу органдарынын ишин координациялоону камсыздоо;
- тиешелүү тармакта өнүктүрүүнүн комплекстүү программаларынын иштеп чыгууну камсыздоо, ошондой эле шаарга экономикага ишвестицияларды тартуу боюнча иштерди уюштуруу;
- шаардын аймагында коопсуздукту, жарандык коргоонууну камсыздоо, өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо чөйрөсүндө иштерди координациялоону ишке ашыруу.
12. Мэр өзүнө жүктөлгөн милдеттерди чечүү максатында төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- мамлекеттик бийлик органдарынын, саясий партиялар, башка коомдук жана диний бирикмелер менен өзүнүн компетенциясына кирген маселелер жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшырмасы боюнча өз ара аракеттенүүнү уюштурат;
- шаардын аймагында укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча укук коргоо органдарынын ишин координациялайт жана контролдойт;
- мамлекеттик башкаруу органдарынын ишин, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурларда координациялайт;
- мамлекет тарабынан берилген ыйгарым укуктарын аткаруу бөлүгүндө ишин аткарууну жана контролдоону ишке ашырат;
13. Мэр:
- өзүнүн компетенциясынын чегинде мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйруктарын аткарууну жана мамлекеттик программаларды аткарууну шаар чегинде координациялайт жана контролдойт;
-өзүнө жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнөн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, тиешелүү облустун чегинде жайгашкан уюмдардан жана кызмат адамдарынан зарыл материалдарды белгиленген тартипте сурайт жана алат;
- мыйзамдарды, Өкмөттүн токтомдорун жана буйруктарын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйруктарын шаарда аткарууну- текшерүүнү уюштурууда прокуратура органдары менен өз ара байланышта иштейт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн Талас облусу боюнча өкүлүнө шаарда коопсуздукту камсыз кылуу, саясий, социалдык жана экономикалык абалдар жөнүндө дайыма баяндамаларды берип турат;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин номенклатурасына ылайык мамлекеттик кызматчылардын кызмат ордуна жана башка кызмат орундарына дайындоодо (бошотууда) талапкерлерди макулдашат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусу боюнча өкүлүнүн жыйындарына катыша алат;
- жогору турган мамлекеттик органдары менен мамилелерде тиешелүү аймактын атынан чыгат;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыктарын шаарда берет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алкышын жарыялайт;
-шаардык мэриянын аппаратынын кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, ошондой эле аппараттын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларды көрөт;
-биринчи вице-мэр жана вице-мэрини ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт;
- шаардык мэриянын аппаратынын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде кызматтык документтерге кол коет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечимдеринин негизинде жана аткаруу үчүн буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
- чыгымдардын бекитилген сметасынын чегинде финансылык каражаттарды тескейт;
- жарандардын укуктарын коргоо боюнча иштерди, жарандардын даттануулары жана кайрылуу менен иштерди жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, Президенттин жана Өкмөттүн актыларынын, ошондой эле шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган шаардын жергиликтүү жамаатынын уставынын, шаардык кеңештин чечимдеринин сакталышын жана аткарылышын уюштурат;
- шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуу боюнча мэриянын, муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин ишине жетекчилик кылат, ушул иштин натыйжаларына жооп берет;
- мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин координациялайт, соттордон, прокурорлордон, мамлекеттик улуттук коопсуздук органынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын жетекчилеринен тышкары, алар өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерин кызматтан четтетүү боюнча маселе коюуга укуктуу;
- шаардык кеңеш менен макулдашуу боюнча шаардын вице-мэрлерин, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мэриянын аппаратынын кызматкерлерин дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- жергиликтүү маанидеги маселелерди, ошондой эле жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарына таандык кылынгандарын кошпогондо, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды башкарууну ишке ашырат;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай эмес уюштурулгандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- мамлекеттик бийлик органдарында, мамлекеттик эмес, коомдук жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү башка уюмдарында шаардын атынан чыгат;
- кызмат ордуна кирген учурдан тартып 3 айдан кечиктирбестен шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн программасынын долбоорун иштеп чыгууну камсыз кылат, шаардык кеңешке бекитүү үчүн сунуштайт;
- шаардык кеңештин бекитүүсүнө шаардык бюджетинин долбоорун сунуштайт, жарым жылда бир жолудан кем эмес шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын пайдаланылышы, шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө шаардык кеңеш алдында отчет берет;
- мыйзамдарга ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча шаардык кеңешке сунуштарды киргизет;
- шаардык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө сунуштарды киргизет, анын ишине катышат;
- белгиленген тартипте Президент алдында мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө өтүнүч жасайт;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
шаардын тиричилик жактан камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, шаардыктарга социалдык жана маданий тейлөө кызматтарын көрсөтүүнү уюштурат;
шаардын бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана аны шаардык кеңеш бекиткенден кийин аткарат;
шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн, калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана шаардык кеңеш бекиткенден кийин алардын аткарылышын камсыз кылат;
шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын натыйжалуулугунун жана үзүрдүүлүгүнүн мониторингин жана баа берүүнү туруктуу негизде жүзөгө ашырат жана алардын аткарылышы жөнүндө отчетторду жалпыга маалымдоо каражаттарында жана расмий сайтта жарыялайт;
шаарды өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат;
тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
шаардын жерлерин жана муниципалдык менчиктин объекттерин акыл-эстүү пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана аларды шаардык кеңеш бекиткенден кийин жүзөгө ашырат;
ишканаларды менчиктештирүүгө жана тиешелүү социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык маанидеги объекттердин тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча ошондой эле алардын иштешине зарыл жабдуу-шайманды баланска кабыл алууга катышат;
турак жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана шаарды абат кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
шаарда курулуш куруунун башкы планын иштеп чыгып, жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык архитектура жана шаар куруу ченемдери менен эрежелеринин сакталышына контролду ишке ашырат;
жаратылыш кырсыктарынын, өзгөчө кырдаалдардын, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-практикалык иш-чараларды жүзөгө ашырат;
мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жүзөгө ашырат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзөт;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
14. Аткаруу –тескөөчү иштердин маселелердин кароо үчүн шаардын жашоо-турмушунун маанилүү маселелерин кароого чакырылган коллегиялуу жана кеңеш берүүчү органы болуп аткаруу комитети түзүлөт.
15. Аткаруу комитетинин курамына мэр, анын вице мэрлери, шаардык кеңештин төрагасы жана мэр тарабынан аныкталуучу жана бекитилүүчү мамлекеттик органдардын башка кызмат адамдары кирет.
16. Аткаруу комитетинин чечими сунуштама мүнөздө болот жана чечим түрүндө кабыл алынат.
17. Мэрдин перспективдүү иш-планы жана аткаруу комитетинде каралуучу маселелер жарым жылга мэр тарабынан бекитилет.
18. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын кезектүү аткаруу комитетинин жыйындары бектилген планга ылайык, кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
19. Аткаруу комитетинин жыйынын күн тартибинин долбоору Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын аппараты тарбынан жыйынга беш күн мурда түзүлөт жана тийиштүү материалдары менен мэрге берилет. Мэр тарабынан каралган күн тартибиндеги маселелердин тийиштүү материалдары коллегия мүчөлөрүнө жыйын болуучу күндөн 3-1 күндөн кем эмес мезгилде жиберилет. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын аткаруу комитетинин жыйынын күн тартиби ошол жыйындын өзүндө бекитилет.
20. Аткаруу комитетинин жыйынын катышуучуларын каттоо жана каттоону уюштуруу Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын уюштуруу бөлүмү тарабынан ишке ашырылат.
21. Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү катышса мыйзамдуу деп эсептелет. Аткаруу комитетинин чечими мүчөлөрдүн жалпы көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
22. Аткаруу комитетинин жыйынында мэр төрагалык кылат. Мэр жокто төраганын милдетин биринчи вице мэр аткарат.
Жыйында баяндама берүү үчүн убакыт - 20 мүнөткө чейин, кошумча баяндамалар үчүн 5-10 мүнөткө чейин, жарыш сөзгө чыгып сүйлөө үчүн – 3-5 мүнөткө чейин белгиленет.
23. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын жабык жыйындарын өткөрүүдө (айрым маселелерди жабык талкулоодо) материалдарды даярдоо, жыйынга киргизүү, протоколдорду жана кабыл алынуучу актыларды тариздөө жашырындуулук документтер менен иштөөнүн белгиленген эрежесин жана жашырындык режимин сактоо менен ишке ашырылат.
24. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын аткаруу комитетинин жыйынында каралган чечимдердин долбоору аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда жыйындын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
25. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн аткаруу комитетинин жыйындарына катышуусу жана видео жана фото сүрөткө тартуу аппарат жетекчиси аныктаган тартипте уюштурулат.
26. Кечиктирүүгө болбоочу айрым маселелер боюнча, ошондой эле аткаруу комитетинин жыйынында талкуулоо зарылдыгы жок маселелер боюнча аткаруу комитетинин жыйын өткөрбөстөн, ыкчам тартипте сурамжылоо жолу менен кабыл алат. Андай учурларда кабыл алына турган акт аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү менен сурамжылоо жолу аркылуу макулдашылат, милдеттүү түрдө вице мэрлер, аппарат жетекчисинин жана тиешелүү бөлүм башчынын визалары коюлат.
27. Аткаруу комитетинин жыйынында кабыл алынган чечимдер протокол менен таризделет. Кабыл алынган чечим ал кабыл алынган жыйын өткөрүлгөн күндү көрсөтүп таризделет. Жыйындын протоколу үч иш күндөн кечиктирбестен таризделет, ага жыйындын төрагасы кол коет жана коллегия мүчөлөрүнө, ошондой эле протоколдо аталган органдарга, уюмдарга жиберилет.
28. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын чечимдерин шашылыш кабыл алуунун зарылдыгына жараша ыкчам (кезексиз) жыйындарды өткөрүшү мүмкүн. Ыкчам жыйын мэрдин төрагалыгы же мэрдин тапшырмасы боюнча биринчи вице мэр төрагалыгы астында өткөрүлөт. Ыкчам (кезексиз) жыйындарда чечимдер аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
29. Аткаруу комитетинин чечими шаар аймагында жайгашкан менчигинин түрүнө карабастан баардык мекеме-уюмдар, юридикалык жана физикалык жактар тарабынан аткарылууга жатат.
30. Мэр - актыларды токтомдор жана буйруктар түрүндө чыгарат. Токтом жана буйруктарга мэр, ал жок учурда биринчи вице –мэр же аны алмаштырган вице мэр кол коет.
Кадр маселелери боюнча буйруктардын долбоорлорун аппарат жетекчи даярдайт.
Иш кагаздардын сапаттуу даярдалышы жана алардын кызыкдар тараптар менен макулдашуусун камсыз кылынышы даярдап жаткан жооптуу кызматкерлерге жүктөлөт.
Документтердин туура таризделишине (оформления) иш кагаздарды жүргүзүү боюнча башкы адис жүргүзөт.
Документтерди аткарууда аткаруучунун андан кийин аппарат жетекчисинин жана тейлеген вице мэрдин колу менен жетекчиге кол коюуга киргизилет. Ал эми токтом, буйруктарга кошумча юристин колу коюлат. Жетекчилик кол койгон дата, документтин ошол күнкү датасы болуп эсептелинет.
31. Шаардык мэрияны каржылоо жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген жергиликтүү бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт.
32. Талас шаардык мэриясынын экономикалык негизин кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мулк; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын акча каражаттары; баалуу кагаздар, ошол аймакта турган жаратылыш ресурстары; жарандык укуктардын башка объекттери, ошондой эле шаардын аймагында ишин жүзөгө ашырган ишканалар, уюмдар жана мекемелер түзөт.
33. Талас шаардык мэриясы жергиликтүү маанидеги маселелерди майнаптуу жана ыкчамдуу чечүүнү камсыз кылуу, ошондой эле өз аймагынын чегинде экономикалык өнүктүрүүнү стимулдаштыруу жана пайда алуу максатында муниципалдык ишканаларды жана коммерциялык эмес уюмдарды ачууга, ошондой эле акционердик коомдорго катышууга укуктуу.
34. Талас шаардык мэриясы, жергиликтуу коомчулуктун: коммуналдык-турмуш тиричилик жагын тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүгө жана сациалдык-маданий керектеелерун канааттандыруу үчүн муниципалдык заказ кыла алат.
35. Муниципалдык заказды каржылоо мыйзамдын шарты менен келишимдин негизинде жергиликтүү бюджеттен же бюджеттик эмес фонддордон каржыланат.
36. Мамлекеттик бийлик органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун калыптанышы жана өнүгүшү үчүн зарыл болгон укуктук, уюштуруучулук, материалдык-каржылык шарттарды түзөт жана калкка жергиликтүү өз алдынча башкаруу укугун жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтөт.
37. Бул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясы тарабынан киргизилет.
38.Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясын кайрадан уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылат.