Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-июну № 01-05/ 260
Толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 26-майындагы кезексиз XXVI сессиясынын № 01-05/160 токтому менен бекитилген Кочкор-Ата шаарынын Жергиликтүү жамаатынын VII Элдик курултайында кабыл алынган 14 пункттан турган токтомуна толуктоолорду киргизүү боюнча талкуулап, «Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 17-беренесине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 59-беренесине жана жергиликтүү жамааттын Уставынын 5-пунктунун 1-2-пунктчаларына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 26-майындагы кезексиз XXVI сессиясынын Кочкор-Ата шаарынын Жергиликтүү жамаатынын VII Элдик курултайында кабыл алынган токтомун бекиткен № 01-05/160 токтомуна төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
-Курултайда жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөн атуулдардын сын-пикирлерин эске алып, андан туура жыйынтык чыгаруу менен мезгилдин талабына ылайык жумуштарды аткаруу шаардын мэриясына милдеттендирилсин;
-2015-жылы шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн, коомдук-саясий кырдаалдын туруктуулугун камсыздоо, өндүрүштү жана ишкердикти колдоо, өнүктүрүү аркылуу жаңы жумуш орундарын түзүү жана социалдык программаларды жүзөгө ашырууда коомдун мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 31-декабрындагы «2015-жыл Улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө» ПЖ № 237 Жарлыгын аткаруусу мэриянын кызматкерлери тарабынан аткарууга алынсын;
-Элдин маданиятын жогорулатуу, калктын турмуш-тиричилигин калктын социалдык- экономикалык муктаждыктарын чечүүдө шаардын аймагындагы мекеме- ишканалардын жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү менен алардын жоопкерчилигин арттыруу мэриянын негизги милдети экендиги белгиленсин.
-«Кыргызнефтегаз» ААКна караштуу шаардын Октябрь көчөсүндө курулуп жаткан «Колокольчик» балдар бакчасына балдарды кабыл алууда 50%ы муниципалдык кызматчылардын балдары жана 50%ы «Кыргызнефтегаз» ААКнун жумушчуларынын балдары кабыл алынуусу жана балдарды кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү 50%ы муниципалдык кызматчылардан, 50%ы «Кыргызнефтегаз» ААКнун жумушчуларынан туруусу «Кыргызнефтегаз» ААКнун жетекчилиги тарабынан берген убада боюнча бекитилсин;
-2014-2015-жылдар аралыгында шаарды суу менен камсыздоо бөлүмүнүн ичүүчү суу менен камсыздоодо чыгаша залалын жана газ сатуу бөлүмүнүн жаратылыш газынын шаар калкын камсыздоодо чыгаша залалын «Кыргызнефтегаз» ААКу өз эсебинен чыгашаны жабышсын;
-«Кочкор-Ата» жылуулук камсыздоо ишканасынын от казандарын жаратылыш газы менен жылытууга өткөрүү үчүн жакындан жардам берүү «Кыргызнефтегаз» ААКнун жетекчилигине тапшырылсын;
-Көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы жер тилкелерин (огороддор) ээлеп алып пайдаланбай кароосуз калтырган жашоочуларга:
- Сатылып кетип, бирок ушул күнгө чейин сатып алган ээси тарабынан иштетилбей тураган жер ээлеринен жана имарат ээлеринен муниципалдык менчикке сатып алуу жагын кароону, айып пул салуу же муниципалдык менчикке өткөрүп башка жеке жактарга өткөрүп берүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу муниципалдык менчикти башкаруу Департаментине тапшырылсын.
-Квартал башчылыгына төмөндөгү жолдоштор шайланып бекитилсин :
1). Дарманкулов Аскарали
2). Мусабекова Калдаркан
3). Ажибаева Калыскан
4).Арзиева Инабат
5). Исаков Абдыманап
6).Курбаналиев Жолдошали
7).Мадылова Ханикей
8).Омуралиева Уулбүбү
- Аксакалдар сотунун мүчөлүгүнө төмөндөгү жолдоштор шайланып бекитилсин:
1). Дарманкулов Аскарали
2). Мусабекова Калдаркан
3). Ажибаева Калыскан
4).Арзиева Инабат
5). Исаков Абдыманап
6).Курбаналиев Жолдошали
7).Мадылова Ханикей
8).Омуралиева Уулбүбү
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Токтосунов |