Редакцияот 22.06.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016 жылдын 22 июну № 01-05/ 263

Кочкор-Ата шаардык кеңешинин №01-05/222 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Кочкор-Ата шаар мэриясына кызматтык жана жүк ташуучу автоунаа сатып алуу жөнүндөгү” №01-05/222 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө сатып алуу бөлүмүнүн башчысынын кайрылуусун угуп жана талкуулап, «Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 17-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын сатып алуу бөлүмүнүн башчысынын кайрылуусу эске алынсын.

2. Шаар мэриясына кызматтык «Toyota Camry» жеңил автоунаасы жана жүк ташуучу «Hyundai PORTER» автоунаасы 2016-жылдын бюджетинин эсебинен сатылып алынсын.

3. Автоунааларды сатып алуу үчүн керектелүүчү 1 100 000 (бир миллион бир жүз миң) сом акча каражаты менен камсыз кылуу Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кочкор-Ата шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж.Токтосунов