Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-октябры № 5
Балыкчы шаарынын “Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча коомдук комиссиясынын жобосун бекитүү жөнүндө
Балыкчы шаарынын “Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча жобосуна депутаттык комиссиянын жана социалдык өнүгүү,укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын сунуштарынын негизинде өзгөртүү жана толктоолорду карап талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарынын “Ардактуу жараны” жөнүндөгү жобосу толуктоо өзгөртүүлөрү менен бекитилсин. ( тиркеме 2 барак)
2. Балыкчы шаарынын чегиндеги жана аталыштарды өзгөртүү боюнча жана Балыкчы шаарынын “Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча коомдук комиссиясынын курамы бекитилсин. (тиркеме 1барак)
3. Токтом “Балыкчы” газетасына жана интернет сайтына жарыялансын.
4. Кабыл алынган токтом Ысык-Көл облусунун юстиция башкармалыгына мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын рээстрине каттоодон өткөрүү үчүн жиберилсин.
5. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашкандыгын ырастайт.
6. Шаардык Кеңештин XXVI чакырылышынын XII сессиясынын Балыкчы шаарынын “Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча жобосу тууралуу № 6 токтомунун күчү жоготулсун деп эсептелинсин.
7. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы социалдык өнүгүү, укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана шаардык Кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
Төрага | К.Р. Сартбаев |
| Балыкчы шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын VI сессиясынын №5 токтомуна( № 1 тиркеме) |
«Балыкчы шаарынын Ардактуу жараны» жөнүндөгү» ЖОБО
1. Балыкчы шаарынын элинин алдында, шаардын өнүгүшүнө өз эмгеги менен зор салымын кошкон, ошондой эле шаарлардын, өлкөлөрдүн, элдердин ортосунда эл аралык байланышта, элдердин тынчтыгын жана ынтымагын бекемдөөдө көрсөткөн эмгеги үчүн Балыкчы шаарынын атуулуна жана чет өлкөлүк жарандарга «Балыкчы шаарынын ардактуу жараны» деген наам түбөлүккө ыйгарылат.
2. «Балыкчы шаарынын Ардактуу жараны» наамы жергиликтүү коомчулуктун эң жогорку наамы жана ал эл депутаттарынын Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясынын чечими менен берилет.
3. «Балыкчы шаарынын Ардактуу жараны» наамына сунуштарды ар бир жылдын
башында 31-майга чейин, аймактык өз алдынча башкаруу органдары, шаардык Кеңештин депутаттары, шаардын мэри, эмгек жамааттары, коомдук бирикмелер,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бере алышат.
3. «Балыкчы шаарынын Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жана уюштуруу иштерин Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясында бекитилген коомдук комиссия алып барат.
4. Коомдук комиссия өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын, шаардын Уставынын, шаардык Кеңештин чечиминин, жергиликтүү өз алдынча башкаруусу –мэриясынын чечиминин жана ушул Жобонун негизинде алып барат.
4. Комиссиянын отуруму түшкөн сунуштарга ылайык каралып, чечим протокол аркылуу чыгарылат, ошондой эле кароо мөөнөтү эки айдын ичинде (июнь-июль) же комиссиянын чечимине ылайык болот. Ошондой эле сунушталынган адамдын өзгөчө жасаган эмгегине жараша, айрым учурларда башка даталуу салтанаттуу майрамдарда шаардык Кеңештин чечими менен ыйгарылышы мүмкүн.
5. Комиссия түшкөн сунуштарды толук карап чыгып, андан соң ар бир талапкерге жыйынтыгын боюнча ар жылдын 10-август айына чейин билдирилет.
6. Балыкчы шаарынын “Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча коомдук
комиссия карап чыгып 5 адамга чейин сунуштайт , ал эми шаардык Кеңештин сессиясында алардын ичинен 3 адамга чейин карап талкуулап бекитет.
7. Шаардын “Ардактуу жараны” наамын алган адамдын кайсы эмгеги үчүн татыктуу болгону айкын көрсөтүлүп шаардык Кеңештин чечими менен ушул наамга татыктуу болгон атуулдар жергиликтүү газетага жарыяланат.
8. «Ардактуу жаран» наамы шаарга эмгеги сиңген татыктуу адамдарга , Кыргыз
Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк атуулдарга атайын жана түбөлүккө ыйгарылат.
9. «Ардактуу жаран» наамы ыйгарылган ар бир атуулга күбөлүк жана медаль (төш
белги) тапшырылат. Күбөлүк менен медалды жана “Ардактуу жаран” жашайт деген табличканы жасатып илдирүү үчүн даярдоо шаардык мэрия тарабынан жүргүзүлөт.
Ар бир наамга татыктуу атуулдун аты-жөнү шаардык Кеңештин алдындагы «Балыкчы шаарынын Ардактуу жараны» китебине түшүрүлөт.
11.. Кыргыз Республикасынын ушул наамга татыктуу атуулунун көзү өткөн соң, тиешелүү документтери комиссиянын чечиминин негизинде «Балыкчы шаарынын тарыхый» музейине тапшырылат.
13. «Ардактуу жаран» наамы соттолгон адамдарга берилбейт, ошондой эле мыйзам бузууга жол бергендерге эл арасында аброю кеткен учурларда комиссиянын чечими менен «Ардактуу жаран» наамынан ажыратылат.
14. «Ардактуу жаран» наамын ыйгаруунун негиздери болуп төмөнкүлөр эсептелинет:
- көп жылдык, 20 жылдан кем эмес Балыкчы шаарынын элине белгилүү болгон талыкпаган күжүрмөн эмгеги, туруктуу эмгеги, коомдук иштердеги активдүүлүгү үчүн алган сыйлыктары, өкмөттөн алган наамдары ;
- шаар үчүн жасалган руханий дөөлөттүү патриоттук эмгеги жана социалдык
экономикалык өнүгүүгө болгон үзүрлүү салымдары;
- шаардын жыргалчылыгы өнүгүшү үчүн көрсөткөн эрдиктери;
- чет өлкөлүк жарандарга жана Кыргыз Республикасынын жарандарына жана шаар жарандарына бул наам башкача негизде ыйгарылат, алардын ичинде саясий-коомдук маанилүү аткарылган иштери үчүн;
- кээ бир учурда патриоттуулуктун жана эрдиктин бийик үлгүсүн көрсөткөн, өлкөнүн беделин көтөрүүгө олуттуу салым кошкон Балыкчы шаарынын жарандарына салтанаттуу жагдайларда да ыйгарылышы мүмкүн.
15. Ардактуу жарандын күбөлүгү жана медалы ушул наамга татыктуу жаранга жылына бир жолу Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүндө салтанаттуу түрдө тапшырылат;
16. Ардактуу жаран наамына татыктуу адамдар төмөндөгүдөй артыкчылык укуктарга ээ:
- Балыкчы шаардык Кеңешинин жана шаардык мэриясынын өкмөттүк майрамдарга арналган иш-чараларына чакырылууга, шаар күнүнө жана башка маанилүү окуяларга катышууга;
- Балыкчы шаардык Кеңешинин иш-чараларына, жергиликтүү өз-алдынча башкаруусунун аткаруу комитетинин отурумуна, шаардык Курултайга катышууга;
- Балыкчы шаарындагы коомдук автоунааларда бекер жүрүүгө;
телефон байланышын кезексиз орнотууга;
коммуналдык төлөмдөргө 50% жеңилдик алууга (шаардык Кеңештин сессиясы менен бюджеттен акча каражатын карап берүү колдоого алынат)
17. “Ардактуу жаранга” татыктуу атуул өзүнүн юбилейин өткөрө алат.
18. Балыкчы шаарынын “Ардактуу жараны” төмөндөгүдөй милдеттерге ээ:
- жаштарды тарбиялоо иштерине катышууга, ата-бабалардын осуяттарын үлгү
түрүндө жактоого, баардык элдер менен тынчтыкта жана ынтымакта жашоого, жаш муундарды патриоттуулукка, мекенди сүйүүгө үндөөгө;
19. Аймактык өз алдынча башкаруу органдары ,шаар коомчулугу менен тыгыз жана активдүү иш алып барууга
Кеңештин жооптуу катчысы
| Ө.А. Рахманов |
| Балыкчы шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынынын VI сессиясынын № 5 токтомуна ( № 1 тиркеме) |
“Балыкчы шаарынын чегиндеги аталыштарды өзгөртүү” жана шаардын “Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча коомдук комиссиясынын курамы :
1. Тентимишев Илис Тентимишевич – эмгек ардагери, советтик партиялык, комсомол уюмдарынын ардагери, шаардык “ Суу түтүкчөлөр” муниципалдык мекемесинин жетекчиси ;
2. Мусаев Абдыманап Жийдебаевич - Муниципалдык, мамлекеттик кызматтын, билим берүүнүн,профсоюздун, спорт тармагынын отличниги, шаардын “Ардактуу жараны” наамынын ээси, эмгектин ардагери ;
3. Канаев Жапар Жакыпович - Билим берүүнүн отличниги, Билим берүүнүн ардагери, “Эмгектин ардагери” медалынын ээси;
4. Исаева Зуура Исаевна - КР нын эмгек сиңирген мугалими ,эмгек ардагери , билим берүүнүн отличниги, шаардын “Ардактуу жараны” наамынын ээси ;
5. Элеманов Шакир Зарлыкович – Кыргызтелекомдун Балыкчы шаардык бөлүмүнүн жетекчиси, Балыкчы шаарынын “Ардактуу жараны” КР нын Ардак грамотасынын ээси ;
6. Аманкулов Самыйбек Асанкадырович - шаардык Кеңешинин депутаты ;
7. Ашыралиева Майрам Кашкелеңовна - шаардык Кеңешинин депутаты;
8. Токсомбаева Узара Адыловна – Балыкчы шаарынын мамлекеттик архивинин башчысы, “Мамлекеттик архив кызматынын отличниги” наамынын ээси ,
9. Рахманов Өмүрбек Абакирович - шаардык Кеңештин аппарат жетекчиси, КР Өкмөтүнүн “Өзгөчө сиңирген эмгеги” медалынын, КР нын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун мыктысы”, шаардын “Ардактуу жараны” наамынын ээси ;
10. Таржиев Марат - “Өркүндөп өссүн Балыкчым” жаштар уюмунун мүчөсү;
11. Муканбетов Саламат Доктурбекович – Балыкчы шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси
Кеңештин жооптуу катчысы | Ө.А. Рахманов |