Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын октябры 45/181
Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин жана шаардык мэриянын органы болгон “Мезгил Жарчысы” гезитинин Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарынын “Мезгил Жарчысы” гезитинин башкы редактору А. Джуманазаровдун 2016-жылдын 27-августундагы кириш №02/195 сандуу каты шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралып, шаардык кеӊештин кезектеги сессиясынын кароосуна сунушталсын деген чечимин эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин жана шаардык мэриянын органы болгон “Мезгил Жарчысы” гезитинин Уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин. (Устав тиркелет).
2. Суралсын Баткен облустук адилет башкармасынан Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин жана шаардык мэриянын органы болгон “Мезгил Жарчысы” гезитинин Уставын мамлекеттик каттоодон кайрадан өткөрүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин жана шаардык мэриянын органы болгон “Мезгил Жарчысы” гезитинин башкы редактору А. Джуманазаровго тапшырылсын.
Төрага | А. Маткалыков
|
УСТАВЫ.
Бекитилди:
Кызыл-Кыя шаардык депутаттар кеңешинин 2011-жылдын 19-октябрындагы Кызыл-Кыя шаардык мэриясы менен биргелешкен №27-143 токтому менен Кызыл-Кыя шаардык депутаттар кеӊешинин жана шаардык мэриясынын органы болгон «Мезгил жарчысы» коомдук саясий гезитинин редакциясынын |
Бул Устав «Мезгил жарчысы» гезитинин редакциясынын ишмердигин уюштуруу, экономикалык, укуктук жана социалдык негиздерин аныктап турат.
Редакция кыргыз жумуриятынын «Массалык маалымдоо каражаттары» жөнүндөгү мыйзамында Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексине жана өзүнүн Уставынын негизинде аракеттелген юридикалык тарап болуп эсептелинет.
Редакция юридикалык тарап катары өзүнүн аталышына (басылманын аты) өз алдынча баланска, банк мекемелеринде эсептешүү укугуна ээ болот. Редакциянын өзүнүн аты жазылган тегерек мөөрү, штампы бар.
Редакциянын уставы Кызыл-Кыя шаардык депутаттар кеӊешинин жана Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын 2011-жылдын 19-октябрында биргелешкен №27 – 143 токтому менен бекитилген.
«Мезгил жарчысы» гезити шаардык кеӊештин жана шаардык мэриясынын органы болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Массалык маалымат каражаттар» жөнүндө мыйзамына ылайык гезит өлкөдөгү болуп жаткан өнүгүүлөрдү, шаар жана айыл турмушуну, чыгармачыл инсандардын калеминен жаралган макалаларды жарыялап турат. Эӊ негизгиси Президенттин, Өкмөттүн, областык ыйгарым укуктуу өкүлүнүн шаар мэринин, шаардык Кеӊештин, учурдун талабына ылайык чыккан Указ, Токтом, Буйрук, Чечим, жана башкаларды калк катмарына зарыл болгон документтерди биринчи кезекте жарыялайт.
Гезит бүгүнкү күндүн жашоосунун көп кырдуулулугу жана алдыда турган милдеттердин татаалдыгы менен шартталат.
Өлкө ичинде болуп өткөн окуяларга олуттуу маани берип, Улуттар арсындагы достукту чыӊдоого, Кыргыз Республикасынын Мыйзамы алдында ар бир инсан улутуна, динине, расасына, жердешчилдигине,тууганчылыгына карабастан бирдей укукта экендигин коомчулукка жеткирүү милдет экендигин гезит белгилейт. Редакциянын жайгашкан орду: Кызыл-Кыя шаары, И.Жусубалиев көчөсү 137.
2. Максаты жана милдети.
-Президенттин, Өкмөттүн, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн областык ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, мэрия жана Кеӊештин кабыл алынган чечимдерини, буйруктарын жана учурдагы жүргүзүлүп жаткан саясаттын күндөлүк турмушка ашырылышын коомчулукка кеӊири маалымдап туруу.
-Басма сөздүн бардык мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, алдыга коюлган милдеттерди турмушка ашыруу.
-Экономиканы өнүктүрүү жумушчу менен эмгекчилердин, медицина жана Эл агартуу кызматкерлеринин, маданият жана искусство тармагында эмгектенгендердин, спорт алкагында болуп жаткан жетишкендиктерди, жаштар саясатынын күндөлүк аткарып жаткан иш-аракеттерин жана шаардагы социалдык- экономикалык жактан өнүгүп-өсүүлөрдү үзгүлтүксүз чагылдыруу.
-Эне тилин, улуттук маданиятты, жана тарыхый баалуулуктарды өнүктүрүүгө, коомчулук тарабынан колдоого, коргоого алууга жетишүү.
-Ата-бабалардан калган каада - салттарды элге кайтаруу менен кыргыз элинин бүгүнкү жаӊыдан пайда болуп келаткан үрп - адаттарды калыптандырууга басма сөз аркылуу көмөк көрсөтүү.
-Диний экстремизмдин жана дагы Ислам динине шайкеш келбеген ар түрдүү агымдардын коомчулук ичинде орун албасына, алардын иш-аракеттерине келишпестик менен мамиле кылып, өсүп келе жаткан жаш муундардын жат көрүнүштөрдөн оолак болуусу үчүн күрөшүү.
-Улуттар ортосундагы достукту чындоого салым кошуу.
-Шаардын, айыл жарандарынын укуктук – нравалык нормалардын калыптанышына жетишүү.
-Чечилбеген маселелерге тиешеси болгон сынды анализ кыла билүүгө жана өзүн-өзү сындоонун принциптерин өрчүтүү:
Редакция өзүнүн максаттарына жетишүү үчүн төмөндөгү милдеттерди аткарат.
Ар бир кызматкердин чыгармачылык ийгиликтерин баалоо менен ага моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтөт. Алардын кесиптик чыгармачылыгын жогорулатууга редакция тарабынан ыӊгайлуу шарт жаратып берет;
Редакциянын туруктуу финансылык абалын камсыз кылуу максатында,
редакция гезитти чыгаруунун планын өз алдынча иштеп чыгат жана ишкана –мекемелер, мектеп, окуу жайлар ортосунда гезитке жазылууну уюштурат жана алар менен келишимдерди түзөт.
3. Газетанын органы менен редакциянын өз ара мамилелери.
Газетанын ээси менен редакция негизги ишмердикти аныктап турган Уставды бекитет.
Газетанын ээси –эл депутаттарынын шаардык Кеӊеши жана шаардык мэрия болуп эсептелет.
4. Басма сөз ээсинин укугу жана милдеттери.
Гезиттин мазмунун жана сапатын жакшыртуу боюнча «гезит ээлери» көзөмөлгө алат. Ошону менен катары;
редакциянын жамааты үчүн нормалдуу иштөөгө шарт түзүүгө,
финансы –чарбачылык талабын камсыздоого,
шаардык гезитке жазылууну уюштурууга жана шартка жараша гезитке нарк койууга басма сөз ээлери укуктуу.
5. Редакциянын укугу жана милдеттери.
-Редакция басма сөз ээсине гезиттин материалдык техникалык жана финансылык абалын жакшыртып берүү маселеси боюнча кайрылууга укуктуу:
-Гезитти ай сайын 2 жолу, өз убагында жана сапаттууу чыгарылышына милдеттүү:
-Гезитти жанрдык жана тематикалык жактан кызыктуу чыгышын камсыз кылуу:
-Окурмандардан келип түшкөн каттарды кабыл алуу, ал каттын маани-мазмунуна тереӊ үӊүлүү, башка бирөөгө көө жабуу, жеке керт башына моралдык доо келтирүү максаттагы каттарга гезит бетинен орун бербөө, ал эми чыныгы турмуштагы далилдүү, коомго зыяндуу көрүнүштөгү макалалар болсо кат ээсинин жоопкерчилигин өз мойнуна коюп, андан кийин басууга уруксат берүү.
-Окурмандар менен тынымсыз байланышты чындоо, коом арасындагы прозага жана поэзияга шыктууларды таап, алардын чыгармаларыны чагылдыруу
-Учурдагы ар түрдүү кырдаалдагы маселелерди коомдун ишенимдүү таянычы болгон жаштар уюмунун демилгесини колдоо, алардын жалпы эле элдин күндөлүк болуп жаткан турмуш көйгөйлөрүнө кол кабыш кылышын, элдин экономикалык жана саясий жактан өнүгүүсүнө салым кошкон жаштарды чагылдыруу:
-Мекеме-ишкана, менчигинин түрүнө карабастан уюмдар, жогорку жана атайын окуу жайлардын суроо-талаптарыны эске алып алар үчүн атайын бет уюштуруп, же атайын чыгарылышка мүмкүнчүлүк түзүү. Финансы иштери келишим боюнча жүргүзүлөт.
6. Уюштуруу маселелери.
Башкы редактор редакциянын жалпы эмгек жамааты катышкан чогулуштун токтомуна ылайык гезит ээлерине сунушталат, шаардык кеӊештин сессиясында каралат жана добушка коюу жолу менен дайындалат. Сессиянын токтомунун негизинде шаардык мэрия башкы редакторго буйрук чыгарат. Башкы редактордун ээлеген кызмат ордунан бошотуу ушул эле тартипте жүргүзүлөт. Редакциянын эмгек жамаатын түзүү акча каражатына байланыштуу болот.
7. Редактордун укугу жана милдети.
Штаттагы кызматкерлерди бекитет, кадрларды тандайт, чыгымдарды чектейт, кызматкерлердин эмгек акысын иштеген ишине жараша тактайт, финансылык маселелерди башкарат.
Гезиттин өз убагында чыгышын камсыз кылат.
Чарбалык-финансылык маселелерди чечүүдө гезит ээлери менен өз ара кеӊешет.
Каражаттарды үнөмдүү сарптоону көзөмөлдөйт.
Жарыялана турган материалдардын негизги багытын жана тематикасын аныктайт;
Редакциянын учурдагы жана келечектеги иш пландарын, редакциялык кеӊештин чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
Редакциянын атынан келишимдерди, макулдашууларды түзөт, алардын аткарылышын камсыз кылат.
Мыйзам тарабынан белгиленген тартипте кадрларды тандайт, редакциянын чыгармачыл жана техникалык кызматкерлерин ишке дайындайт жана жумуштан бошотот.
Иштеген ишине жараша кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн өлчөмүн аныктайт.
Башкы редактор редакциянын ишмердиги боюнча чечимдерди кабыл алат.
8. Редколлегиянын укуктары жана милдеттери.
Редколлегиянын мүчөлөрү газетанын санына жараша 1000 (бир миӊ нуска болсо үч киши) 1250 (бир миӊ эки жүз элүү нуска болсо) 5 кишиден болушу максатка ылайыктуу.
Редколлегиянын мүчөлөрү компетенттүү, мыкты даярдыгы бар, калк арасында кадр-барктуу, учурдун талабына шайкеш келип, айлана-чөйрөгө болгон көз карашы кеӊ, ар түрдүү кырдаалга туура баа берип, туура багыт берген, даярдыгы мыкты адам болууга тийиш. Алар мекеме – ишканалар тарабынан сунушталат жана шайланат. Редколлегияда редактор редколлегиянын мүчөсү болуп дайындалат.
Укугу жана милдети.
Ар бир кызматкердин отчеттун угууга акылуу.
Редакциянын жүргүзгөн ишине анализ берүүгө, ал боюнча чечим чыгарууга жана редакциянын кызыкчылыгы үчүн жардам көрсөтүүгө милдеттүү.
Редакция менен басма сөз ээсинин ортосундагы айрым маселелерге олуттуу маани берип, тиешелүү жыйынтык чыгарып берүүгө укутуу.
Квартал сайын бир жолу чогулуш чакырып турат.
Гезиттин таасирдүүлүгүн күчөтүүгө көрсөтмө берет.
9. Уставды кабыл алуу жана бекитүү.
Гезиттин Уставы редакциянын эмгек жамаатында кабыл алынат жана басма сөз ээсине бекитип берүүгө сунуш кылынат.
Уставка кошумча же түзөтүү кийирүү да ушул тартипте жүргүзүлөт.
10. Редакциянын өндүрүштүк финансылык иши.
Редакция өндүрүштүк-финансылык иштерин өз алдынча жүргүзөт жана башкалар менен эсептеше алат. Редакция штатындагы эмгектенгендерди жазылуудан келген акча менен каржылайт, мындан сырткары айрым чыгымдар кулактандыруулардан жана жарнамалардан улам жабылат. Гезиттин жарык көрүүсүнө чыгымдалган акча жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. Бүгүнкү өзгөрүлмө инфляциянын убагында редакциянын басма сөз ээси тарабынан финансылык-чарбалык абалы мезгил-мезгили менен кайрадан каралып турат.
11. Талаш маселесинин чечилиши тууралуу.
Материалдык-финансылык, эмгектик өндүрүштүк жана башкалар менен байланышкан талаш-тартыш маселелер пайда болгон учурда тереӊ иликтелинип гезит ээлери менен биргеликте мыйзам чегинде чечилет.
Качан гана эки тарап келишпөөчүлүккө барганда гана сот аркылуу чечилет.
12. Гезит ээлери тарабынан редакциянын ишмердигин токтотуунун тартиби жана негиздери.
Редакциянын ишмердигин токтотуу же жоюу гезиттин андан ары ишмердүүлүк жүргүзүүсү үчүн зарыл болгон акча каражаттары жок учурунда гезит ээлери тарабынан жүргүзүлөт.
Басма сөз ээси гезитти чыгарууга финансалык жактан акча каражаты жетпей калган учурда редакция өз ишин токтотот. Гезитти жоюу же кайрадан уюштуруу учурунда иштен бошотула турган кызматкерлердин эмгектик укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кепилдикке алынат жана жөнгө салынат.
Корутунду жобо
Кызыл-Кыя шаардык «Мезгил жарчысы» гезитинин ээлери төмөнкүлөр:
Кызыл-Кыя шаардык кеӊеши;
Кызыл-Кыя шаардык мэриясы;
Гезит айына 2(экиден) кем эмес төрт бет менен «А – 3» көлөмүндө мамлекеттик жана расмий тилдеринде Ош жана Кызыл-Кыя жана башка басмаканаларынан жарык көрөт. Гезиттин бир даанасы 6(алты) айга 200 (эки) жүз, бир жылга 400 (төрт жүз) сомду түзөт. (Гезитке жазылуунун баасы базар экономикасына байланыштуу инфляциянын жогорулашынын таасири астында белгиленген өлчөмдөгү нарк жогорулашы мүмкүн).
Индекси: 720300 Реквизит: Редакциянын эсеп кысабы: 1032020000005857.
ОКПО: 20158677. АКБ Кыргызстан БИК МФО 103020. ИНН: 01502199510029.
Редакциянын дареги: Кызыл-Кыя шаары, И.Жусубалиев көчөсү - 135.
Кызыл-Кыя шаардык депутаттар кеӊешинин
жана шаардык мэриянын органы болгон
«Мезгил жарчысы» гезитинин
башкы редактору: А. Джуманазаров.