Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 24 февралы № 38/155
Кызыл-Кыя шаарынын 2016-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарынын 2016-жылга жергиликтүү бюджети жөнүндөгү маселе шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын жана киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн, маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан берилген сунуштарды эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылга шаардын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн чыныгы минималдуу керектөөсү бюджеттик мекемелердин берген долбоорунун негизинде 165744,4 миң сом өлчөмүндө аныкталсын. Кызыл-Кыя шаарынын 2016-жылга бюджетинин кирешелери жана чыгашалары боюнча Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан берилген контролдук суммасы 146183,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин, жетишсиздик 19561,2 миң сом эске алынсын.
2. 2016-жылга шаардык жергиликтүү бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. 2016-жылга шаардык жергиликтүү бюджетти
н чыгаша бөлүгүнүн багыттары № 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2016-жылга шаардык жергиликтүү бюджеттин 704-экономикалык бөлүкчөдөгү бөлүнгөн акча каражаттары № 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 2016-жылдын шаардык жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүн бекитилген пландын негизинде аткарууда бюджеттик мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин жана аны көзөмөлгө алуу шаардын мэри А.Халмурзаевге жүктөлсүн.
6. Шаардык жергиликтүү бюджеттин 2016-жылдын 1-январына болгон эркин калдык 1722,5 миң сом, анын ичинен бюджет 1435,5 миң сом, атайын каражат 287,0 миң сомду түзөт. Шаардын жергиликтүү бюджеттинин эркин калдыгы № 4- тиркемеге ылайык каржылансын.
7. 2016-жылдын 1-январына карата шаардык жергиликтүү бюджет боюнча кассада жүгүртүлуүүчү нак акча 100,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчик департаментинин штаттык курамына жергиликтүү бюджеттин эсебинен төмөнкү штаттар кошумча бекитилсин:
· Башкы адис 1 штат (Экономист);
· Башкы адис 1 штат. (Сметаларды түзүүчү);
· Оолуя – Ата эс алуу жайынын имаратын кароолу 1 штат.
9. Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” № 37 Мыйзамына ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы муниципалдык обьектерди жана шаардык мэриянын имаратын пайдаланып жаткан мамлекеттик мекеме ишканалар менен муниципалдык имараттарды пайдалангандыктары үчүн ижара акысын төлөө жөнүндө келишимдерди түзүү иштери шаардын муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
10. Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында, шаардык муниципалдык менчик департаменти аркылуу шаардын аймагында жана орто мектептердин айланасындагы иштетилбей турган бош муниципалдык жер тилкелерине заманбап жасалма (искуственный) футбол аянттарын куруу үчүн келишимдин негизинде ижарага берүү сунушталсын.
11. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Маткалыков
|
| Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (V- чакырылышы) 2016-жылдын 24- февралындагы кезектеги 38 -сессиясынын №38/155- токтомуна №1-тиркеме | ||||
2015-жылдын жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгүнүн контролдук суммасы.
| |||||
| Элемент (8) | Жергиликтүү бюджет | 2015-ж Факт | 2016-жыл | |
| Салыктардын аталышы | Минфиндин контролдук суммасы | |||
| 1 | 2 | 3 | 4 | |
|
| Кирешелер + трансферттер | 138024,2 | 146183,2 | |
| Кирешелер+активдер жана милдеттемелер (жер сатуу) |
| |||
| 11111100 | Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 31109,9 | 36870,0 | |
| 11111200 | Бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы |
| ||
| 11121100 | Чакан ишкердик субьектери үчүн бирдиктуу салык | 524,6 | 650,0 | |
| 11122100 | Милдеттуу патенттин негизинде салык | 2272,9 | 2232,0 | |
| 11122200 | Ыктыярдуу патенттин негизинде салык | 24055,6 | 25550,0 | |
| 11123100 | Бюджеттик уюмдардын атайын каражаттарына салык |
| ||
| 11311100 | Ишкердик иши үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салык | 15,3 | 12,0 | |
| 11311200 | 2 - топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык | 845,4 | 990,0 | |
| 11311300 | 3 - топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык | 13,4 | 30,0 | |
| 11312110 | Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына салык | 1028,7 |
| |
| 11312120 | Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык | 4811,0 | 5860,0 | |
| 11321100 | Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы | 1420,6 | 900,0 | |
| 11321200 | Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы | 525,1 | 400,2 | |
| 11321300 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы | 5576,1 | 5060,0 | |
| 11412100 | Сатуудан салык | 36830,6 | 43173,0 | |
| 11442 | Роялти | 79,3 | 25,0 | |
| 1161 | Дагы башка салыктар жана жыйымдар | 7,1 |
| |
| 14151100 | Пайдалуу кен чыккан жерлерди же казып алынуучу отунду иштеткендиги үчүн салык | 99,4 |
| |
| 14152110 | Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы | 2237,9 | 1550,0 | |
| 14152200 | Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарасы үчүн акы | 500,2 | 450,0 | |
| 14153200 | Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулуштардын ижара акысы | 2201,7 | 2226,0 | |
| 14221700 | Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым | 230,5 | 205,0 | |
| 14221800 | Авто транспорт токтотуу үчүн жыйым | 864,5 | 600,0 | |
| 14222200 | Юстиция органдары алуучу мамлекеттик алым | 1708,4 | 1900,0 | |
|
| Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүдөн түшүүлөр | 18195,0 | 15500,0 | |
| 14311100 | Административдик айыптар | 539,2 |
| |
| 14511200 | Дагы башка салыктык эмес кирешелер | 270,1 |
| |
| 31111110 | Батирлерди сатуу | 0,5 |
| |
| 31112190 | Башка турак-жай имараттарын жана имарат жайларын сатуу |
| ||
| 314121 | Айыл -чарбасына жараксыз жерлер | 1271,1 | 2000,0 | |
|
| Трансферттер (гранттар) | 789,5 |
| |
Жооптуу катчысы Бөлүмүнүн башчысы Салык башчысы | Р. Абдукаюмов И. Жолдошов М. Сагинбаев |
| Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (V чакырылышы) 2016-жылдын 24 - февралындагы кезектеги 38 - сессиясынын №38/155- токтомуна 2-тиркеме |
(миң сом)
Мазмуну | 2016-жыл |
Ч ы г а ш а л а р | Миң сом менен |
Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүү | 23013,7 |
- анын ичинде –Резервдик фонд | 1350,0 |
Коргонуу | 1217,4 |
Коомдук тартипти сактоо | 0,0 |
Билим берүү - анын ичинен атайын каражат | 30921,8 15325,0 |
Социалдык камсыздоо | 5592,0 |
Турак жай чарбасы | 58643,4 |
Маданият - анын ичинен атайын каражат | 9082,2 175,0 |
- анын ичинде – Дене тарбия | 3525,9 |
Экономикалык бөлүм | 17712,7 |
Чыгашалардын жыйынтыгы: | 146183,2 |
Жооптуу катчысы Каржы бөлүмүнүн башчысы | Р. Абдукаюмов И. Жолдошов |
| Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (V чакырылышы) 2016-жылдын 24-февралындагы кезектеги 38 - сессиясынын №38/155- токтомуна № 3- тиркеме |
| (мин.сом) | ||
ММД | Үлүштүк (дем берүүчү) грантка 5 долбоорго үлүш үчүн |
| 5000,0 |
МЧС | Күтүлбөгөн кырдаалдардын алдын алуу жана аны жоюу боюнча |
| 2000,0 |
Шаар боюнча | Гранттарга үлүш катарында сырттан келүүчү гранттарга үлүш катары |
| 2000,0 |
Мэрия | Шаардагы кварталдык үй комитеттерге жеңилдиктер |
| 251,0 |
Мэрия | Согуштун ооруктун жана эмгектин ардагерлер кеңешине |
| 100,0 |
Мэрия (ШИИБ) | ОПЦ |
| 35,0 |
Бюд. мекемелерге | Электр энергия көтөрүлгөндүгү үчүн кошумча |
| 1000,0 |
Бюд. мекемелерге | Сууга көтөрүлгөндүгү үчүн кошумча |
| 450,0 |
Шаардык финансы бөлүмү | Сапардама жана башка чыгымдар үчүн |
| 100,0 |
Билим беруу | №3 мектептин жаны курула турган ашканага эмеректерди алууга. |
| 193,7 |
ММД жана Билим берүү | Жаңы ачыла турган №11 балдар бакчага эмеректерди жана башкаларды сатып алууга |
|
1000,0 |
ММД | Жаңыдан курулуучу спорт комплексине үлүштүк салым катарын |
| 3000,0 |
Мэрия, кеңеш, «Караван» АБ ММДти
| Муниципалдык, техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлердин кызмат акыларына белгиленген базанын 50 % өлчөмүндө кошумча эмгек акы 2016-жылдын 1-январынан баштап төлөнсүн. |
| 2303,0 |
Кеңеш | Шаар боюнча айыл чарбасын каттоого шаардык статистика бөлүмүнө |
| 280,0 |
Бардыгы: |
| 17712,7 | |
Кеңешинин жооптуу катчысы Каржы бөлүмүнүн башчысы | Р. Абдукаюмов И. Жолдошов |
|
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин
(V чакырылышы) 2016-жылдын
24-февралындагы кезектеги
38 - сессиясынын №38/155- токтомуна
№ 4-тиркеме
| (мин.сом) | ||
Мэрия | Кызыл-Кыя шаарынын мэриясына жеңил автоунаа сатып алууга |
| 300,0 |
Мэрия | 2015-жылдын жыйынтыгын чыгарууда шаардын өнүгүп өсүшүнө активдүү катышып, өздөрүнүн салымдарын кошуп өзгөчөлөнгөн кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларын, мекеме –ишканаларды жана уюмдарды белгилөөгө |
| 200,0 |
Мэрия | Шаардык “Мезгил Жарчысы” гезитине |
| 100,0 |
ММД | Асаналиев көчөсү менен Кулатов көчөсүнүн кесилишиндеги круговойдун айланасындагы асфальтты реконструкциялоого |
| 835.5 |
| Бардыгы : |
| 1435,5 |
Атайын каражаттан калган 287,0 миң сом калдык | |||
Шаардык билим берүү бөлүмү | Балдар бакчасына |
| 285,4 |
Шаардык маданият бөлүмү | Маданият бөлүмүнө карыздарын жабуу үчүн |
| 1,6 |
Бардыгы: |
| 287,0 | |
| Жалпы: |
| 1722,5 |
Кеңешинин жооптуу катчысы: Каржы бөлүмүнүн башчысы: | Р. Абдукаюмов И. Жолдошов |