Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 24 октябры №2-6-27
«Кемин шаардык жергиликтуу жамаатынын Уставын» бекитуу женундө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу женунде» мыйзамынын 15 - беренесинин талаптарына ылайык, Чуй облусунун Кемин шаарынын жергиликтуу жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтуу жамаатынын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтуу жамааттан, депутаттардан тушкен сын-пикир, сунуштарды эске алып, Токтомдорду жана тескемелерди аткаруу боюнча Кемин шаардык кенешинин туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, Кемин шаардык кенеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу ез алдынча башкаруу женунде» мыйзамынын 31 беренесинин 2 - белугунун 8-пунктуна таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемедеги Кемин шаарынын жергиликтуу жааматынын Уставы бекитилсин.
2. Ушул токтом жана Кемин шаарынын жергиликтуу жамаатынын Уставы Кыргыз вкметуне караштуу ез алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www. gamsumo. gov. kg. Веб - сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтуу жамаатынын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизуу жагы Кемин шаардык мэриясынын аппаратынын жетекчисине милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кеземелдее Кемин шаардык кенешинин «Жер маселери» боюнча туруктуу комиссиянын терагасына милдеттендирилсин.
Төрага |
|
| Кемин шаардык кеңешинин2016-жылдын 24 октябрында №2-6-27 токтому менен бекитилди
|
I. Жалпы жоболор
II. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер
III. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
IV. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө катышуусу
V. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
VI. Корутунду жоболор
1.1. Кемин шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы - жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы менен шаардык кеңештин токтому аркылуу бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич ара жашоо-турмушун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартибин кароочу акт болуп саналат.
1.2. Ушул Устав Кемин шаарында колдонулат жана өздөрүнүн уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан, шаардын аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар, шаар чегинде туруктуу жашаган адамдарды кошкондо жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.
Ушул Уставда төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
жергиликтүү маанидеги маселелер – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн түздөн-түз эрктерин билдирүү менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү чечүүчү, шаар калкынын жашоо-турмушун түздөн-түз камсыз кылуунун маселелери;
өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар – мыйзамдын же келишимдин негизинде аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар; 3
элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча демилгелүү топ – ушул Уставга ылайык элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча ыктыярдуу негизде түзүлгөн 11 (онбир) адамдан кем эмес курамдагы жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;
жамааттын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча демилгелүү топ – шаар аймагында жашаган 25 (жыйрма бештен) ашык жарандардын жалпы кызыкчылыктардан улам жамааттын муктаждыгын (жергиликтүү маанидеги маселелерди) чогуу иликтеп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чечүү боюнча түзүлгөн ыктыярдуу бирикме;
чогулушту жана курултайды өткөрүү боюнча демилгечи топ – Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине жана ушул Уставдын жоболоруна ылайык чогулушту же курултайды өткөрүүнү демилгелеген, курамы 25 (жыйырма беш) адамдан аз эмес жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;
жергиликтүү жамааттын курултайы – жалпы кызыкчылыктарды жараткан жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушунун маанилүү маселелерин талкуулоо максатында шаардын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн жыйыны;
жергиликтүү жамаат – жергиликтүү маанидеги маселелерди түздөн-түз жана алар тарабынан түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен тиешелүү шаардын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары;
муниципалдык менчик – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше алуу булагы болуп саналган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлик кылуусунда, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган жергиликтүү жамааттын менчиги;
жергиликтүү (элдик) ченем чыгаруу демилгеси – жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана жергиликтүү кеңештин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө жергиликтүү жамааттын укугу;
жарандардын чогулушу – бир көчөнүн, кварталдын, кичи райондун, айылдын же шаардын аймагында жашаган жарандардын жыйынында маселелерди талкуулоо жолу менен аларды чечүүгө, алар боюнча сунуштарды жана чечимдерди кабыл алууга жергиликтүү жамааттын түздөн-түз катышуу формасы;
коомдук угуулар – жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүүгө, сунуштарды жана рекомендацияларды алууга, оптималдуу, таразаланган чечимдерди табууга калктын кызыкчылыгын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуулоо формасындагы уюштурулган иш-чара;
жамааттын муктаждыгын чогуу иликтөө – маалыматтарды биргелешип жыйноо, аларды талдоо процесси жана жергиликтүү жамааттын пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландаштыруу.
3.1. Шаардын аймагы анын административдик-аймактык чек араларынын чектериндеги жерлерди өзүнө камтыйт.
4.1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен, Кемин шаарында туруктуу жашашкан Кыргыз Республикасынын жарандары шаар аймагынын жергиликтүү жамаатын түзүшөт.
4.2. Жергиликтүү жамааттын 18 жаштан жогорку мүчөлөрү жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, динге карата мамилесине, ынанымына, коомдук бирикмелерге жана саясий партияларга таандыктыгына карабастан 4
түздөн түз жана/же алар түзүшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга тең укуктуу.
4.3. Жергиликтүү жамаат өзүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу эл аралык жана республикалык бирликтерге жана жергиликтүү жамааттардын ассоциацияларына кирүүгө укугу бар.
4.4. Жергиликтүү жамаат мыйзамдарга ылайык тарыхый, маданий, улуттук жана башка жергиликтүү салттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган расмий символдорду белгилөөгө укутуу. Символдордун сүрөттөп баяндалышы жана аларды пайдалануунун тартиби шаардык кеңештин токтому менен белгиленет.
чыгуунун тартиби
5.1. Кыргыз Республикасынын жаранын Кемин шаарынын жергиликтүү жамаатынын мүчөсү деп таануу үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте шаардын аймагында жашаган жери боюнча каттоодон өтүү фактысы саналат.
5.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эcептелбеген (каттоосу боюнча), бирок шаардын аймагында 1 жылдан ашуун жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошол жердин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоо укуктарын кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү сыяктуу эле калган баардык укуктарга жана милдеттерге ээ.
5.2. Ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган негиздерден тышкары, Кыргыз Республикасынын жаранын жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө кирүүсүнө кандайдыр бир башка шарттарды белгилөөгө жол берилбейт.
5.4. Кыргыз Республикасынын жараны төмөнкү учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн чыгат:
- ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;
- аны өлдү, дайынсыз жок болду деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- каза болгондо;
-шаардын аймагынан сырткары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде.
6.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, динге болгон мамилесине карабастан, төмөндөгү укуктарга ээ:
- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында өз ишин профессионалдык негизде (муниципалдык кызматта) ишке ашырууга;
- мыйзамдарда жана ушул Уставда белгиленген тартипте шаардык кеңештин токтомдорунун долбоорун демилгелөө жана аларды шаардык кеңештин кароосуна киргизүү үчүн демилгелүү топторду түзүүгө;
- жамааттын муктаждыгын иликтөөгө жана аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана (же) мамлекеттик органдар менен бирдикте чечүү үчүн демилгеүү топторду түзүүгө;
- инвестицияларды тартуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн долбоордук документтерди иштеп чыгууга;
- мэрияга, шаардык кеңешке, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнө, мэрияга, уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга жана алардын жетекчилерине жеке өзү 5
кайрылууга, ошондой эле сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кошо жеке жана коллективдүү кайрылууларды жөнөтүүгө;
- мамлекеттик сырларга тийиштиги бар маалыматтарды, ошондой эле купуя маалыматтарды (кызматтык сырларды) кошпогондо, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын карамагында турган маалыматтарды оозеки же жазуу түрүндө суратып алууга;
- мэриянын, шаардык кеңештин жана шаардык кеңештин депутаттарынын бир жылдагы (же жарым жылдагы) аткарган ишинин жыйынтыктары жөнүндө жергиликтүү жамаатка маалымат берүүсү тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына оозеки же жазуу түрүндө кайрылуу жөнөтүүгө;
- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү үчүн белгиленген жеңилдиктерден пайдаланууга;
- шаар калкынын турмуш тиричилигин жакшыртуу маселелери боюнча тиешелүү эрежелерди жана жол-жоболорду орнотуу демилгесин көтөрүүгө;
- маалыматтарды эркин алууга (жетүүгө) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадимки иштөө убактысында муниципалдык менчиктин мүлкүнүн объектилеринин реестринин мазмуну менен таанышууга;
- шаардын аймагында бар болсо, айыл чарбасына жарактуу Мамлекеттик фондунун жерлерин, муниципалдык жерлерди жана муниципалдык менчикте турган башка мүлктөрдү берүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн сатууларга (аукциондорго жана конкурстарга) катышууга;
- чогулуштарга, курултайларга, коомдук угууларга, шаардык кеңештин ачык сессияларына жана шаардык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын жыйналыштарына, жетекчилеринин макулдугу боюнча муниципалдык ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын чогулуштарына катышууга, ал жерде өз пикирин ээн-эркин билдирүүгө жана жергиликтүү маанидеги маслелелер боюнча сунуш киргизүүгө;
- жамааттын башка мүчөлөрү тарабынан коомдук тартипти, ушул Уставдын эрежелерин бузган учурда, алардан мыйзамдардын, ушул Уставдын аткарылышын, коомдук тартипти сактоону жана укук бузуларды токтотууну талап кылууга, керек болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана укук коргоо органдарына кайрылууга;
- жамааттын жашоо шартын жакшыртуу максатында өткөрүлгөн коомдук пайдалуу, демөөрчүлүк иш-чараларына (ашарларга, ишембиликтерге, демөөрчүлүк акцияларына, иш-чараларга, марафондорго) катышууга;
- кичи райондордун, турак жай комплекстеринин, үй, көчө, кварталдык комитеттеринин, жамааттардын (общиналар) кеңештери жана комитеттери түрүндө аймактык коомдук өз алдынча башкарууну Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбеген формаларында түзүүгө;
- жаштар комитетин, аялдар кеңешин, аксакалдар кеңешин, ыктыярдуу элдик кошуундарды, коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ) жана башка коомдук уюмдарды түзүүгө же аларга мүчө болуп кирүүгө;
- жергиликтүү бюджетти түзүүгө катышууга, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен чыгымдалып жаткан каражаттар тууралуу маалымат алууга;
- ушул Уставда жана мыйзамдарда каралган тартипте жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн өз эрки менен чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктардан пайдаланууга;
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын чектөөгө жол берилбейт жана соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
6.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, динге болгон мамилесине карабастан, төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Уставды бекем сактоого; 6
- жергиликтүү жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого;
- жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча адамдарды басмырлоого жол бербөөгө;
- этностук маанидеги көйгөйлөргө өтүп кетүү ыктымалы бар социалдык жана башка мүнөздөгү жаңжалдарды алдын алуу боюнча укук коргоо органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтүүгө;
- этностук жамааттардын маданиятынын өзгөчөлүктөрүнө толеранттуу болууга;
- жаратылыш айлана-чөйрөгө, өсүмдүктөргө жана жаныбарларга аяр мамиле жасоого;
- муниципалдык менчикке аяр мамиле жасоого;
- калктуу конуштарда мал кармоодо айдоолорду майкандоого, талаадагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруу же жок кылуу, бак-дарактарга зыян келтирүүгө жол бербөөгө, санитардык-ветеринардык жоболорду сактоого;
- мал жаюуда малды «Жайыттар жөнүндө» КР Мыйзамына, жер мыйзамдарынын ченемдерине жана талаптарына ылайык жайытка чыгарууга, же атайын мал жаюуга ылайык жерлерге жаюуга, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын ченемдерине ылайык малчылар менен жарандардын мал жаюу тууралуу келишимди милдеттүү түрдө түзүүгө;
- калктуу конуштун ичинде санитардык ченемдерди сактоого жана таштандыларды атайын көрсөтүлгөн жерлерге чыгарууга (таштанды кутулары/полигондор) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик алууга;
- шаар ичинде жерлерди жашылдандыруунун, абаттоонун жана санитардык тазалоонун эрежелерин сактоого жана алардын тартибин бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик алууга;
- калктуу конуштардагы жалпы колдонуудагы жерлерде жүргөндө тазалыкты сактоого;
- таза сууну, суугат сууну колдонуу эрежелерин сактоого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик алууга;
- жер пайдалануунун жана курулуштун эрежелерин, шаар куруунун жана архитектуранын нормалары менен эрежелерин сактоого, алардын тартибин бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик алууга;
- аталган шаардын турмуш шартын жакшыртууга багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары белгилеген жана башка эрежелерди жана жол-жоболорду сактоого.
7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүлүгү.
7.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга өкүлчүлүктүү жана түз катышуусу менен ишке ашырылат.
7.3. Жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга өкүлчүлүктүү катышуусу шаардык кеңеш аркылуу жүзөгө ашырылат.
7.4. Жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга түз катышуусу төмөндөгүдөй формада жүзөгө ашырылат:
- коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык маанилүү маселелерин жана жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында, курултайларында, ошондой эле коомдук угууларда талкуулоо;
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолор;
- ченем чыгаруу демилгелерин көтөрүү жана/же жергиликтүү маанидеги өзгөчө 7
маанилүү маселелер боюнча түз добуш берүүгө катышуу.
8.1. Кемин шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мэрия, шаардык кеңеш) өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын, ушул Уставдын негизинде жалпы калктын атынан жүзөгө ашырат.
8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мыйзамдардын аткарылышы боюнча мамлекеттин жана анын органдарынын алдында, өз иштеринин натыйжалары боюнча-жергиликтүү жамааттын алдында жоопкерчилик алып барат.
8.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына, башка ченемдик укуктук актыларына, ушул Уставга ылайык келбеген актыларды чыгарууга, ошондой эле конституциялык түзүлүшкө жана улуттук коопсуздукка түздөн-түз коркунуч келтирген аракеттерди жасоого, ошондой эле мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга, улуттар аралык жана диний каршылашууну пропагандалоого жана тутандырууга укугу жок.
9.1. Кемин шаардык кенеши – мыйзамда белгиленген тартипте 4 жылдык мөөнөткө түзүлүүчү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
9.2. Шаардык кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен анын компетенциясына киргизилген бардык маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу.
9.3. Шаардык кеңештин ишинин уюштуруучулук-укуктук формасынын негизи болуп анын сессиялары жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын жыйындары саналат. Сессияларды жана жыйындарды өткөрүүнүн тартиби жана алардын мезгилдүүлүгү шаардык кеңештин регламентинде белгиленет.
9.4. Шаардык кеңештин сессиялары жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын жыйындары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран шаардык кеңештин регламентине ылайык сессияларга, жыйындарга катышууга укугу бар. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга тийиштүү болсо, шаардык кеңештин сессиясы жабык өтөт.
9.5. Шаардык кеңеш сессиянын: жыйындын датасы жана күн тартиби жөнүндө алдын ала жарандарга маалымдоого, алардын сессияга, жыйындарга киришине шарт түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер боюнча жергиликтүү жамаатты маалымдоого милдеттүү,
9.6. Шаардык кеңештин депутаты өзүнүн шайлоочулары менен туруктуу байланыш түзүүгө, аларды шаардык кеңештин иши жана шайлоочулардын суроо-талаптарынын аткарылышы тууралуу байма-бай маалымдап турууга милдеттүү. Депутат өзүнө келип түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды кароого, шаардык кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын аткарууга багытталган башка иштерди жүзөгө ашырууга милдеттүү.
9.7. Шаардык кеңештин депутаты мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес өзүнүн иши жана шаардык кеңештин иштери тууралуу шайлоочулардын алдында отчет берүүгө милдеттүү.
9.8. Депутаттын отчету шайлоочулардын талабы боюнча кайсы учурда гана болбосун өткөрүлүүгө тийиш.
9.9. Депутаттын отчету шайлоочулардын жыйналыштарында же жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн башка жыйындарында (чогулуштарында) өткөрүлөт. Депутат өз 8
отчетун өткөрүүнүн убактысын жана ордун шаардык кеңешке жана жергиликтүү жамаатка маалымдайт.
9.10. Шаардык кеңеш жергиликтүү жамааттын алдында депутаттардын отчетторун өткөрүүнүн болжолдуу мөөнөтүн аныктайт жана аларды отчет үчүн керектүү болгон маалымат берүүчү материалдар менен өз учурунда камсыз кылат.
9.11. Шайлоочулардын алдында депутаттардын отчетторун өткөрүүгө байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат.
9.12. Шаардык кеңештин аппараты жана шаардын мэриясы шаардык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, шайлоочулардын алдында отчетторун даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
9.13. Шаардык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү тартиби, шаардык кеңештин, анын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын ишин уюштуруунун тартиби, депутаттын ыйгарым укуктары жана статусу, депутаттын шайлоочулар менен иштөө тартиби «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Шаардык кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана шаардык кеңештин Регламенти менен белгиленет.
10.1. Кемин шаарында аткаруу бийилигин жүзөгө ашыруу үчүн Кемин шаарынын мэриясы иштейт.
10.2. Кемин шаарынын мэриясы юридикалык жак болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен анын компетенциясына киргизилген бардык маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Мэриянын ишин уюштуруунун тартиби, мэриянын компетенциясы, шаар мэринин ыйгарым укуктары «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Устав менен белгиленилет.
10.3. Өз иши боюнча шаар мэри шаардык кеңешке, ал эми өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча - тийиштүү мамлекеттик органдарга отчет берет.
10.4. Мэрия шаардык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, шаардык кеңештин сессияларын, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйналыштарын өткөрүүгө, ошондой эле шайлоочулардын алдында отчетторун берүүдө көмөк көрсөтөт.
10.5. Мэриянын кызмат адамдары жана аппаратынын кызматкерлери өзүнүн иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырышат, муниципалдык кызматчылар болуп саналышат жана окутуучулук, илимий жана башка чыгармачылык иштерден тышкары, акы төлөнүүчү иш менен алектенбеши керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында партиялык уюмдарды, бирикмелерди жана кыймылдарды түзүүгө жол берилбейт.
11.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактын жашоо тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин уюштуруу жана өнүктүрүү, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүү үчүн «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинде белгиленген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечет.
11.2. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте нормаларды, эрежелерди, талаптарды жана жол-жоболорду белгилеген ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга укуктуу. 9
12.1. Жарандардын жыйындарында (чогулуштарында) жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн ичинен шайланган курултайдын делегаттары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү менен талкуулоону талап кылган жергиликтүү маанидеги маанилүү маселелер боюнча коллективдүү чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы N 152 Жарлыгы менен бекитилген «Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө жободо» белгиленген тартипте шаардын аймагында жергиликтүү жамааттын курултайы (мындан ары - курултай) чакырылат.
12.2 Курултай төмөнкүлөрдү камтып, жергиликтүү жамааттардын турмуштук мааниге ээ болгон бардык маселелерин кароого укуктуу:
- жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуу, ага өзгөртүү жана толуктоо киргизүү;
- аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана жергиликтүү калкты социалдык жактан коргоо программаларынын долбоорлору;
- жергиликтүү жамааттардын аймагында өзүн-өзү каржылоону, өзүн-өзү камсыз кылууну, өзүн-өзү жөнгө салууну уюштуруунун негизги принциптерин жана эрежелерин бекитүү;
- жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү бюджетин, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каражаттарын түзүү, аткаруу жана пайдалануу;
- коомдук тартипти коргоо боюнча негизги эрежелерди жана иш-чараларды белгилөө, майрамдарды, жүрүштөрдү жана диний ырым-жырымдарды, башка иш-чараларды уюштуруунун жергиликтүү жамааттардын турмуш-тиричилигине таасир этиши мүмкүн болгон экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо;
- өзгөчө кырдаалдарда жана коомчулуктун таламында жергиликтүү жамааттардын күчүн жана каражатын моблизациялоону талап кылган башка шарттарда жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн коомдук кызмат өтөшү боюнча милдеттүү нормаларды белгилөө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтүү жамааттардын Уставына каршы келбеген, жергиликтүү жамааттардын турмуш-тиричилигине тиешеси бар башка маанилүү маселелерди кароо.
12.3. Курултайдын чечимдери сунуштама түрүндө болот жана шаар мэринин катышуусу менен шаардык кеңеште милдеттүү түрдө каралат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга карама каршы келбеген жергиликтүү жамааттын курултайынын чечимдери шаардык кеңеш жактыргандан кийин шаар аймагынын бардык жеринде аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат. Курултайды чакыруу, анын күн тартиби жана өткөрүү датасы шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынат. Жергиликтүү жамааттын курултайын даярдоо жана өткөрүү шаар мэриясына жүктөлөт.
12.4. Курултайдын делегаттары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн санына жана шаар аймагынын өзгөчөлүктөрүнө жараша шаардык кеңеш тарабынан белгиленген өкүлчүлүктүн нормаларына ылайык, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жашаган жери боюнча жыйналыштарда (чогулуштарда) шайланат.
Эгерде шаардын аймагы бирден ашык калктуу конуштан турса, анда өкүлчүлүктүн нормасы ар бир калктуу конуштун калкынын пропорционалдык санынын өкүлчүлүгүн эске алууга зарыл.
12.5. Күн тартибин көрсөтүү менен курултайды чакыруу демилгеси шаардык кеңешке, шаар мэрине, жергиликтүү жамааттын демилгечи тобуна тийиштүү болот.
12.6. Жергиликтүү жамааттын демилгечи тобунун демилгесинин негизинде курултайды чакыруудан баш тартуу сотко даттанылышы мүмкүн.
12.7. Курултайды чакырууну уюштуруунун, курултайга делегаттарды шайлоонун тартиби, ошондой эле жергиликтүү жамааттын курултайынын ишин уюштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы N 152 Жарлыгы 10
менен бекитилген «Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө» Жободо белгиленет.
13.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем чыгаруу (элдик) демилге укугуна ээ. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан ченем чыгаруу демилгеси тартибинде иштелип чыккан жана шаардык кеңешке киргизилген токтомдун долбоору милдеттүү түрдө демилгечилердин жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусунда каралууга жатат.
13.2. Шаардын аймагында жашашкан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен аз эмеси жергиликтүү ченем чыгаруу демилге укугуна ээ.
13.3. Ченем чыгаруу демилгесин ишке ашырууга чет элдик жарандар, мыйзам тартибинде аракетке жөндөмсүз деп таанылган, ошондой эле соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерде кармалган жарандар катыша албайт.
13.4. Элдик ченем чыгаруу демилгени ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын бардык аймагында же шаар аймагында согуштук же өзгөчө кырдаалдар киргизилген шарттарда жол берилбейт.
13.5. Ченем чыгаруу демилгеси иретинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген шаардык кенештин токтомунун долбоорлору шаардык кеңешке киргизилиши мүмкүн эмес.
14.1. Шаардык кеңештин токтомунун долбоорун демилгелөө жана киргизүү тууралуу сунуш менен чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү элдик демилгени ишке ашыруу үчүн курамы 11 (онбир) адамдан кем эмес демилгелүү топту түзүшөт. Шаар аймагында жашап турган жана 18 жашка чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөсү демилгелүү топтун мүчөсү боло алат.
14.2. Демилгелүү топ шаардык кеңештин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана аны шаардык кеңешке киргизүү үчүн кол топтоо, аны шаардык кеңеш караган учурда жергиликтүү жамааттын кызыкчылыгын коргоо үчүн түзүлөт.
14.3. Демилгелүү топтун мүчөлөрү төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
- шаардык кеңештин токтомунун долбооруна маалымкат-негиздемени тиркеп, шаардын кеңештин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу;
- токтомдун долбоорун шаардык кеңешке киргизүү демилгесин колдоого кол топтоо;
- элдик демилгени ишке ашыруу боюнча мыйзамдуу жолдор жана каражаттар аркылуу маалыматтарда жайылтуу;
- жыйналыштарда (чогулуштарда), курултайларда, коомдук угууларда жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле жарандардан кол топтоо учурунда шаардык кеңешке токтомдун долбоорун киргизүү тууралуу сунуш үчүн үгүт иштерин жүргүзүү;
- мыйзамдарда тыюу салынбаган жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем чыгаруу (элдик) демилге укугун ишке ашырууга багытталган башка аракеттерди аткаруу.
14.4. Демилелүү топ өзүнүн ичинен ачык добуш берүү менен мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен демилгелүү топтун координаторун шайлоого укуктуу. Координаторду шайлоо тууралуу демилгелүү топтун чечими протокол менен жол-жоболоштурулат, ага демилгелүү топтун мүчөлөрү кол коет.
14.5. Демилгелүү топтун координатору төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
- демилгелүү топтун кызыкчылыгын мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коргоп чыгууга;
- демилгелүү топтун ишин координациялоого; 11
- токтомдун долбоорун (маалымкат-негиздемени) иштеп чыгууга катышууга, кол топтоого жана токтомдун долбоорун киргизүүнү колдоо боюнча үгүт иштерин жүргүзүүгө, мыйзамдарда тыюу салынбаган жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем чыгаруу (элдик) демилге укугун ишке ашырууга багытталган башка аракеттерди жасоого.
14.6. Демилгелүү топтун чечими анын катышуучуларынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
14.7. Кол топтоо демилгелүү топ түзүлгөндөн кийин жана ченемдик укуктук актынын долбоору негиздемеси менен даярдалгандан кийин башталат.
14.8. Ченемдик укуктук актынын долбоору демилгелүү топ тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын веб-сайтында, маалымат такталарында, жыйналыштарда (чогулуштарда, курултайларда), же жалпыга маалымдоо каражаттарында жалпыга маалымдалышы мүмкүн.
14.9. Кол топтоо укугу демилгелүү топтун мүчөлөрүнө тандык болот. Жарандардын колун топтоого багытталган иш-чараларын даярдоого жана өткөрүүгө багытталган чыгымдар жергиликтүү жамааттын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат. Кол топтоону жүргүзгөн демилгелүү топтун мүчөсү шаардык кеңештин кароосуна сунуш кылынган токтомдун долбоорунун текстине маалымкат-негиздемени тиркеп, тааныштыруу үчүн жарандарга берүүгө милдеттүү.
14.10. Жарандардын колун топтоо жашаган, иштеген, кызмат өтөгөн, окуган жерлери боюнча, ошондой эле башка жерлерде жүргүзүлүшү мүмкүн.
14.11. Жергиликтүү жамааттын мүчөсү токтомдун долбоорун колдоо иретинде бир гана жолу кол коюуга, ошондой эле демилгечи тобуна арызын берүү аркылуу шаардык кеңешке кол коюу барагын өткөргөнгө чейин өзүнүн колун чакыртып алууга укуктуу.
14.12. Демилгелүү топ жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн үчтөн биринин бар экендигин тастыктаган кол топтообүткөндөн кийин токтомдун долбоорун шаардык кеңешке киргизет.
14.13. Токтомдун долбоорун киргизүү үчүн демилгелүү топ токтомдун долбоорун демилгелүү топтун өкүлдөрүнүн катышуусу менен шаардык кеңештин кезектеги (кезексиз) сессиясында кароо жөнүндө арыз менен шаардык кеңештин төрагасына кайрылат.
14.14. Токтомдун долбоорун кароо тууралуу арызга төмөндөгүлөр кошо тирелет:
- токтомдун долбоорун шаардык кеңештин кароосуна киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган демилгелүү топтун жыйналышынын протоколу;
- токтомдун долбоорунун тексти, ошондой эле анын электрондук версиясы;
- маалымкат-негиздеме;
- шаардык кеңештин мурда кабыл алынган токтомуна өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген учурда салыштырма таблица;
- төмөндөгү маалыматтар камтылган кол коюу барагы: жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган (туруктуу) жери, паспортунун сериясы жана номери, шаардык кеңешке демилгелүү топ даярдаган токтомдун долбоорун киргизүү үчүн коюлган колу.
14.15. Элдик демилге иретинде жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген шаардык кеңештин токтомунун долбоору шаардык кеңеш тарабынан милдеттүү түрдө эң жакынкы өтө турган кезектүү (кезексиз) туруктуу комиссиянын жыйынында жана шаардык кеңештин сессиясында каралууга жатат. Аталган долбоорду шаардык кеңештин туруктуу комиссиянын жыйынында жана сессиясында кароо демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт.
14.16. Шаардык кеңеш мөөнөтүнөн мурда ишин токтоткон учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген токтомдун долбоору өз күчүн сактап калат жана жаңы чакырылыштагы шаардык кеңеш тарабынан каралууга жатат.
14.17. Жергиликтүү жамааттын элдик демилге укугун эркин ишке ашырууга күч колдонуу, коркутуу, алдоо, сатып алуу же башка жолдор менен тоскоолдук кылган, шаардык кенешке токтомдун долбоорун киргизүү жөнүндө үгүттөө жүргүзүүгө бөгөт болгон адамдар, ошондой эле документтерди, кол коюу барагындагы жарандардын колдорунун аныктыгын бурмалаган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз 12
алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.
15.1. Жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин эске алуу, шаардык кеңештин депутаттарынын жана шаар мэринин маалыматтарын угуу жана талкуулоо максатында бир көчөнүн, бир кварталдын, кичи райондун, айылдын, же шаардын аймагында жашашкан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн катышуусу менен чогулуш өткөрүлөт, ал боюнча сунуштар кабыл алынат.
15.2. Чогулуштарды даярдоо, өткөрүү жана натыйжаларын аныктоо ачык айкын ушул Уставда белгиленген тартипте ишке ашырылат.
15.3. Чогулушта талкууланып жаткан маселелер боюнча жергиликтүү жамааттардан түшкөн суроолорго, сунуштарга, сын-пикирлерге жооптор мүмкүнчүлүккө жараша ошол жерде берилет, ошол жерде жооп берүүгө мүмкүн болбой калган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 3 күндүн ичинде каралат, алардын жыйынтыктары суроолорду, сунуштарды, сын-пикирлерди берген чогулуштун катышуучуларына жазуу жүзүндө маалымдалат.
15.4. Чогулуштарды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылат.
16.1. Чогулуштарда төмөндөгү маселелер каралат:
- жергиликтүү жамааттын уставынын долбоору, ошондой эле жергиликтүү жамааттын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоору;
- шаар аймагын өнүктүрүүнүн пландарынын жана программаларынын долбоорлору, анын ичинде аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоорлор;
- айылдын, кварталдын, көчөнүн белгилүү болгон өзгөчө көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планы;
- шаардык аймакта этностор аралык мамилелерди жакшыртуу, этностор аралык конфликттерди болтуроо боюнча алдын алуу жумуштарын жүргүзүү;
- жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана тескөөнүн тартибин белгилөө;
- ичүүчү сууну, сугат сууну пайдалангандыгы (эгер болсо канализация, жылуулук менен камсыз кылуу), ошондой эле тиричилик калдыктарын жана башкаларды жыйноо жана чыгаруу үчүн тарифтерди талкуулоо;
- турак жай фондусун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана көчөлөрдү, кварталдарды, айылдарды көрктөндүрүү;
- аймакты куруунун башкы планы, архитектура жана шаар куруунун нормаларын жана эрежелерин сактоо маселелери;
- жергиликтүү жамааттар демилгелеген (элдик демилге) ченемдик укуктук актылардын долбоорлору;
- шаардык кеңештин депутаттарынын, шаар мэринин бир жылдагы (жарым жылдагы) ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарын угуу;
- щаар чегинде укук бузууларды алдын алуу боюнча жыл (жарым жыл) ичинде жасалган иштердин жыйынтыгы тууралуу Коомдук алдын алуу уюмдарынын (КААУ), ыктыярдуу элдик кошуундардын (ЫЭК) жана жаштар комитетеинин маалыматтарын угуу;
жергиликтүү жамааттын турмуш-тиричилигин камсыз кылууга байланышкан маселелер боюнча квартал комитеттеринин жетекчилеринин бир жылдагы (жарым жылдагы) ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарын угуу; 13
жергиликтүү жамааттын турмуш-тиричилигин камсыз кылууга байланышкан маселелер боюнча шаар аймагынын ичиндеги тийиштүү кызматтардын жетекчилеринин бир жылдагы (жарым жылдагы) ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарын угуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте шаар аймагынын чектеринде шаар аймактарын, калктуу конуштарды түзүү жана жоюу тууралуу маселелерди талкуулоо, алардын чек араларын белгилөө жана өзгөртүү, администрациялык борборду белгилөө жана которуу, калктуу конуштардын категорияларын аныктоо, шаардын көчөлөрүн атоо жана кайра атоо, ошондой эле алардын аталыштарындагы транскрипцияларды өзгөртүү;
- жергиликтүү жамааттын турмуш-тиричилигин камсыз кылууга байланышкан башка маселелер.
17.1. Чогулуштар шаар мэри, шаардык кеңештин депутаттары тарабынан, ошондой эле жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн (демилгелүү топтун) сунуштары боюнча зарылчылыкка жараша пайда болгон маселелерге ылайык, бирок жылына эки жолудан аз эмес, ушул Уставда белгиленген мөөнөттө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн алдын ала кабарлоо аркылуу чакырылат.
17.2. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн чогулуштар шаар мэри, шаардык кеңеш же анын төрагасы тарабынан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө жана кызыкдар адамдарга шашылыш тартипте алдын ала кабарлоо менен чакырылышы мүмкүн.
18.1. Чогулуштарды өткөрүүнүн демилгечилери катары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү (демилгелүү топтор), шаардык кеңештин депутаттары, шаар мэри, шаардык кеңештин төрагасы, шаардык кеңеш жана шаардык кеңештин фракциясы боло алышат.
18.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү чогулушту өткөрүү боюнча саны 25 (жыйырма беш) адамдан кем эмес демилгелүү топту түзүүгө укуктуу.
18.3. Эгерде демилгелүү топ, шаардык кеңештин депутаттары чогулушту өткөрүүнүн демилгечиси катары чыккан учурда, анда жогоруда көрсөтүлгөн субъекттер шаар мэрине, шаардык кеңештин төрагасына өздөрүнүн кайрылуусунда белгиленген жергиликтүү маанидеги маселе (маселелер) боюнча чогулуш өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө кайрылуу жөнөтүшөт.
18.4. Эгерде шаар мэри, шаардык кеңеш, анын төрагасы, же болбосо шаардык кеңештин депутаттары, же шаардык кеңештин фракциясы чогулушту өткөрүү демилгесин көтөрсө, чогулушту өткөрүү жөнүндө чечим, тийиштүүлүгүнө жараша, шаар мэри, шаардык кеңеш, шаардык кеңештин төрагасы, же болбосо шаардык кеңештин фракциясынын төрагасы тарабынан өз алдынча кабыл алынат.
19.1. Чогулушту өткөрүүнү демилгелеген кайрылуу өзүнө төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- чогулушту өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө негиздемени;
- иш-чарага катышуучуларынын божомолдуу санын (көчөлөрдүн, кварталдын, кичи райондун, айылдын, шаардын);
- иш-чараны өткөрүү болжолдонгон орунду;
- кароого киргизилип жаткан маселени (маселелерди);
- демилгелүү топтун мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар, алардын фамилияларын, ысымдарын, атасынын аттарын, жашаган жерлери. 14
19.2. Кайрылуу шаар мэри же шаардык кеңештин төрагасы тарабынан кайрылуу катталган күндөн тартып 3 күндүн ичинде каралат.
19.3. Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча шаар мэри чогулушту өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат жана аларды өткөрүүнү уюштурат, же болбосо аларды өткөрүүдөн баш тартат.
Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча шаардык кеңештин төрагасы кайрылуу менен макул болгон учурда шаар мэрине чогулушту өткөрүүнү тапшырат же болбосо аларды өткөрүүдөн баш тартат.
19.4. Шаар мэри, шаардык кеңештин төрагасы төмөнкү учурларда чогулушту өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу:
- ушул Уставдын 19.1.-пунктунда көрсөтүлгөн талаптар бузулганда;
- аларды башка мыйзамдуу жолдор менен чечүүнүн мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу, кайрылууда көрсөтүлгөн маселелерди чогулуштарда талкуулоо максатка ылайыксыз болгондо;
- эгерде кайрылууда көрсөтүлгөн маселелер, коюлган маселелерди чечип берүү тууралуу талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларына жана ушул Уставга карама-каршы келгенде.
Шаар мэринин, шаардык кеңештин төрагасынын чогулушту өткөрүүнү четке кагуу тууралуу чечимдери сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
20.1. Чогулушту өткөрүү жөнүндө чечимде төмөнкүлөр каралат:
- иш-чараны өткөрүүнүн орду, датасы жана мөөнөттөрү;
- чогулушка киргизилип жаткан маселелердин аттары жана (же) документтердин аталыштары (шаар мэринин чечими, шаардык кеңештин токтому);
- талкууланып жаткан маселелер боюнча кызыкдар адамдардан ой пикирлерди жана сунуштарды кабыл алуунун тартиби.
20.2. Чогулушка жергиликтүү жамааттын ой пикирин эсепке алуу, угуу, талкуулоо жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча сунуштамаларды жыйноо үчүн күн тартибине бир эле убакта бир нече маселе киргизилиши мүмкүн.
20.3. Шаар мэри чогулушту өткөрүүгө карата даярдык көрүүнүн жүрүшүндө:
- чогулуш өткөргөнгө чейин 5 күн калгандан кечиктирбестен, бул үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын, почта кабарландырууларын, короолой (батирлер боюнча) кыдырып чыгууну, кулактандырууларды жана башка мүмкүн болгон каражаттарды пайдалануу менен шаардын (көчөлөрдүн, кварталдын, кичи райондун, айылдын) жашоочуларын: демилгечи, чогулушка киргизилген маселе, иш-чараны өткөрүүнүн тартиби, орду, датасы жана убактысы тууралуу кабарландырууну уюштурат;
- шаардын (көчөлөрдүн, кварталдын, кичи райондун, айылдын) жашоочуларына жана бардык кызыкдар болгон мамлекеттик органдардын, катышуу ниетин билдиришкен жеке жана юридикалык жактардын эркин жетимдүүлүгүн камсыз кылат;
- зарыл болгон учурда кызыкдар болгон мамлекеттик органдардан, уюмдардан, мекемелерден жана ишканалардан жазуу жүзүндө чогулушка киргизилип жаткан маселе боюнча зарыл маалымат (маалыматтар, материалдар жана документтер суроо-талап алынган күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен, уюштуруучуга берилет) суратып алат;
- зарыл болгон учурда консультациялык жана эксперттик жумуштарды аткарышы үчүн эксперттерди жана адистерди тартат;
- иш-чараны өткөргөнгө чейин 2 күн калгандан кечиктирбестен катышуучулардын жана чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесин түзөт (иш-чарада чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген адамдар бул тууралуу күн мурунтан кабарландырылат);
- чогулуштун катышуучуларын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн (зарыл болгон учурда) чакырууну жана каттоону, протокол жүргүзүүнү жана жыйынтыктоочу документтерди жол-жоболоштурууну камсыз кылат; 15
- чогулушта кароо үчүн сунушталган чечимдердин долбоорлорун даярдайт;
- иш-чараны даярдоодо жана уюштурууда демилгечилер менен өз ара аракеттенишет.
21.1. Чогулушту алып баруу үчүн төрагасы жана катчысы, зарыл болгон учурда добуштарды саноо үчүн эсептөө комиссиясы шайланат. Күн тартиби катышып отургандардын санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
21.2. Төрагалык кылуучу иш-чараны алып барат жана жумуш процессинде күн тартибиндеги маселелерди талкуулоонун тартибин көзөмөлдөйт.
21.3. Иш-чара төрагалык кылуучунун (же алып баруучунун) кыскача сөзү менен башталат, ал өзүн жана катчыны тааныштырат, талкуулануучу маселенин маңызы, анын маанилүүлүгү жана иш-чараны алып баруунун тартиби (иш-чаранын регламенти жөнүндө) кабарландырат.
21.4. Кайрылуунун негизинде даярдалган, чогулушта каралып жаткан маселелерди чечүү анын компетенциясына кирген баяндамачынын маалыматы угулат.
21.5. Чыгып сүйлөөлөр аяктагандан кийин, чогулушта белгиленген маселелерди чечүү компетенциясына кирген баяндамачыга, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн өкүлдөрүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына жана башка кызматкерлерге иш-чаранын катышуучулары тарабынан оозеки да, жазуу жүзүндө дагы суроолор берилиши мүмкүн.
21.6. Чыгып сүйлөө үчүн сөз бардык каалаган катышуучуларга, суроолордун жазуу түрүндө түшкөн тартибине же болбосо кол көтөрүүсүнө ылайык берилет.
21.7. Иш-чаранын узактыгы талкууланып жаткан маселелердин мүнөзү менен аныкталат. Төрагалык кылуучу танапис жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
21.8. Чогулуштун катчысы протокол жүргүзөт, анда иш-чаранын өткөн датасы жана убактысы, катышып жаткан жарандардын жалпы саны жана чакырылган адамдардын жалпы саны, күн тартиби, чыгып сүйлөөлөрдүн мазмуну, чыгып сүйлөгөндөр жөнүндө маалыматтар, ошондой эле суроо бергендер жөнүндө маалыматтар, кабыл алынган чечим жана сунуштамалар көрсөтүлөт. Протоколго чогулуштун төрагасы жана катчысы кол коёт. Чогулуштун чечими жана\же сунуштамалары ачык добуш берүү менен, катышып отургандардын санынын жөнөкөй көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.
21.9. Чогулуштун протоколунда милдеттүү тартипте, ар бир маселе боюнча иш-чаранын катышуучуларынын алар тарабынан талкуунун жүрүшүндө айтылган позициялары чагылдырылышы керек.
21.10. Иш-чаранын протоколу, чогулушта кабыл алынган чечимдер жана сунуштамалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары бир айлык мөөнөттө калкка (иш-чаранын катышуучуларына) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, же коомчулук үчүн жеткиликтүү жерлерде маалыматтарды жайгаштыруу менен чечимдерди жана сунуштамаларды аткаруу боюнча кабыл алынган же көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
21.11. Жалпы Кемин шаарынын шаардык чогулушу шаар тургундарынын 180 ден (жүз) кем эмес жашоочусу катышканда, же шаардын чогулушуна чакырылган өкүдөрдүн 50 (элүү) пайыздан кем эмеси катышканда, чогулуш укук ченемдүү деп эсептелет. Бир көчөнүн, бир кварталдын же бир микрорайондун аймагында өткөрүлгөн кичи чогулушта чакырылгандардын 25 пайыздан кем эмеси катышкан учурда укук ченемдүү болуп эсептелет.
21.12. Тийиштүү аймактын (көчөлөрдүн, кварталдын, кичи райондун) жашоочуларынын, же чогулушту өткөрүү үчүн чакырылган катышуучулардын зарыл саны болбогон учурда, анда көрсөтүлгөн иш-чаралар катышуучулардын макулдугу менен белгилүү мөөнөткө жылдырылат.
22.1. Коомдук угуулар – калктын кызыкчылыгын эске алуу менен жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүү, алардын катышуучуларынан сунуштарды жана рекомендацияларды алуу жана оптималдуу, таразаланган чечимдерди аныктоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуу формасында уюштурулган иш-чара.
22.2. Коомдук угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сунуш кылынган чечимди коомчулук канчалык колдоорун түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, калкка талкууланган маселе боюнча өзүнүн ой пикирин айтууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринен суроого жооп алуугу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз жумуштарынын сапаты жөнүндө жана алардын жасаган жумушуна элдин канааттандырылуусу жөнүндө билүүгө, зарыл болгон учурда өз иш-аракеттерин элдин кызыкчылыктарын эске алуу менен оңдоп-түзөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
22.3. Коомдук угуулар жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча өткөрүлүшү мүмкүн, аларды чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын туура чечимдерди кабыл алуулары үчүн жергиликтүү жамааттын ой пикирлери өзгөчө маанилүү болуп саналат.
22.4. Коомдук угууларга алып чыгарылуучу маселелер:
- жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу;
- муниципалдык менчикти башкаруу (муниципалдык жерлерди, объекттерди ж. б. сатуу, ижарага берүү, пайдалануу);
- ичүүчү жана суугат суу боюнча, канализация, жылуулук менен жабдуу, турмуш-тиричиликтик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж. б. тарифтерди бекитүү;
- жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушун камсыз кылуу менен байланышкан башка маселелер.
22.5. Жергиликтүү жамаат үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон маселе боюнча жергиликтүү жамааттын ой пикирин дыкат иликтөө, угуу, талкуулоо, сунуштамаларды чогултуу жана маалыматтарды алмашуу максаттарында коомдук угууга биргана маселени алып чыгуу сунушталат.
22.6. Коомдук угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө:
- жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча маселелер жыл сайын өткөрүлөт;
- муниципалдык мүлктү башкаруу стратегиясын долбоорун бекитүүдө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекет тарабынан башкарууга өткөрүлүп берилген муниципалдык мүлктү бекитүүдө мындай стратегияларды иштеп чыгуу жана бекитүү учуру пайда болгондо жүргүзүлөт.
Кызмат көрсөтүүлөргө (ичүүчү суу, суугат суусу, канализация, жылуулук менен жабдуу, турмуш-тиричиликтик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж. б.) тарифтерди бекитүү маселелер боюнча коомдук угуулар зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
22.7. Коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү шаар мэрине жүктөлөт жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
22.8. Коомдук угуулар, эгерде ага шаар тургундарынан 180 ден (жүз сексен) кем эмеси катышса, же коомлук угууга чаыкырылгандардын санынан 50 пайыздын кем эмеси катышса укук ченемдүү болуп эсептелет.
23.1. Белгилүү маселе боюнча коомдук угууну өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин шаар мэри төмөнкү ырааттуулукта аракеттерди көрүүсү зарыл:
Коомдук угууга чейин 3-4 жума калганда өткөрүүнүн датасын, убактысын жана ордун аныктоо зарыл. 17
Коомдук угууга чейин 2 жума калганда талкуулоонун предмети боло турган сунуштун жана документтин долбоору (мисалы: бюджеттин кыскача сыпаттамасы же сатууга сунуш кылынган муниципалдык менчик объекттеринин тизмеси жана анын негиздемеси, же ичүүчү суу же таштанды үчүн сунушталган тарифтердин өлчөмү ж б.) даярдалат.
Коомдук угууга чейин 1-2 жума калганда:
- коомдук угууга алып чыгып жаткан документтердин долбоору жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында, же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын веб-сайтында жарыяланат, же маалымат тактасына жайгаштырылат;
- коомдук угууга чакыруу барактарын иштеп чыгуу жана жана даярдоо жүргүзүлөт;
- калкка, уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга, жарандык топторго, өкмөттүк эмес уюмдарга чакыруу барактарын жана документтин долбоорлорун таратуу;
- маалыматты илүү жана башка мүмкүн болгон каражаттар менен жалпыга жарыялоо;
- документтин долбоорун алуу жайын маалымдоо менен, коомдук угуу жөнүндө пресс-релиз чыгаруу жана жалпыга маалымдоо каражаттарын маалымдоо;
- коомдук угууну даярдоо жана өткөрүү боюнча мэрия аппаратынын кызматкерлерин окутууну (нускама берүүнү) жүргүзүү;
- коомдук угуунун максаттарын, датасын, убактысын жана өткөрүлүүчү ордун көрсөтүү менен калкты талкууланып жаткан маселе менен тааныштыруу үчүн шаардын жалпыга жетимдүү жайларында кулактандырууларды жайгаштыруу;
- жамааттын негизги чечүүчү адамдарына, жергиликтүү кеңештин депутаттарына, мэрия аппаратынын бөлүмдөрүнө, зарыл болгон учурда мэриянын, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине жеке кабарлоо;
- коомдук угуунун алып баруучусун жана катчысын (өкүлчүлүктүү же аткаруу органынан) тандоо;
- зарыл болгон учурда кызыкдар мамлекеттик органдардан, уюмдардан, мекемелерден, ишканалардан угууга киргизилген маселе боюнча зарыл маалыматтарды, материалдарды жана документтерди суратып алуу (маалыматтар, материалдар жана документтер уюштуруучуга суроо-талап алынган күндөн тартып 5 күндөн кечиктирбестен берилет);
- зарыл болгон учурда консультациялык жана эксперттик жумуштарды аткаруу үчүн эксперттер жана адистер тартылат.
Коомдук угууга чейин 1 жума калганда:
- өткөрүлүүчү орунду даярдоо (катышуучулар үчүн орундар, алып баруучу жана катчы үчүн үстөл, жарык берүү, жылытуу, үн күчөткүчтөр ж.б.);\
- көрсөтмө материалдарды даярдоо: плакаттар, доскалар, слайддар ж.б.;
- чыгып сүйлөөчүлөрдү дайындоо, күн тартибин даярдоо, коомдук угуу учурунда таратуу үчүн материалдардын кошумча көчүрмөлөрүн даярдоо;
- коомдук угууларды өткөрүүнүн эрежелерин даярдоо жана таратуу.
Коомдук угууга чейин 3 күн калганда:
- катышуучуларды каттоо баракчасын даярдоо;
- коомдук угуунун протоколунун формасын даярдоо;
- сунуштар/ой-пикирлер/сунуштамалар/суроолор үчүн бланктарды даярдоо.
Коомдук угууга чейин 1 күн калганда:
- орун жайдын жана жабдуулардын даярдыгын көзөмөлгө алуу;
- катышуучулардын, чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесин жана күн тартибин тактоо;
- катышуучуларга таратуу үчүн кошумча материалдардын даярдыгын көзөмөлгө алуу ж.б.
Коомдук угууну өткөрүү күнү катышуучуларды, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн (зарыл болгон учурда) каттоо жүргүзөт, протоколду жүргүзөт жана жыйынтыктоочу документтерди жол-жоболоштурууну камсыз кылат. 18
23.2. Шаар мэриясы коомдук угуу өткөрүлгөндөн кийин 10 күндүн ичинде анын натыйжасын жалпылайт жана жол-жоболоштурат, калк арасында коомдук угуунун натыйжалары жөнүндө, ошондой эле жыйынтыктары боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтарды таратат. Ошол эле учурда мэрия оозеки билдирүүнү, маалымат тактайларына жайгаштыруу, жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернет сайтты жана башка ыкмалар менен жааматка карата колдонууга мүмкүн болгон маалыматтарды таратуунун ар түрдү ыкмаларын пайдаланат.
24.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү шаарды өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык программаларын натыйжалуу ишке ашыруу, шаардын турмуш-тиричиликтик тутумдарын өнүктүрүү, калкка зарыл болгон мамлекеттик жана мунициалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү максаттарында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракетте катышууга укуктуу.
24.2. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу шаар жамаатынын муктаждыктарын биргелешип иликтөө аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
24.3. Жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын шаардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн табуу жана демилгечил жана башка жумушчу топтор аркылуу шаар жашоочуларынын ой-пикирлеринин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен аларды чечүү боюнча биргелешкен иш процессин карайт.
24.4. Жамааттыын муктаждыктарын биргелешип иликтөө үчүн мэрия демилге көтөрүү менен шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү менен бирдикте төмөнкү иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашырат:
- маалыматтарды жыйноо жана шаардагы кырдаалды иликтөө;
- шаардын көйгөйлөрүн аныктоо;
- шаардын көйгөйлөрүн тандоо: көйгөйлөрдүн себеби эмне болуп саналат жана алардын кесепеттери;
- биринчи кезекте чечилүүгө жаткан артыкчылыктуу маселелерди аныктоо;
- артыкчылыктуу маселелерди чечүүнүн жолдорун биргелешип талкуулоо;
- артыкчылыктуу маселелерди чечүү боюнча демилгечил топторду түзүү;
- биргелешкен аракеттердин пландарын иштеп чыгуу;
- чогулуштарда, коомдук угууларда, курултайларда жергиликтүү жамаат менен артыкчылыктуу маселелерди чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин пландарын талкуулоо;
- жергиликтүү бюджетте биргелешкен аракеттердин пландарын чагылдыруу;
- биргелешкен аракеттердин пландарын ишке ашыруу;
- биргелешкен аракеттердин ишке ашырылып жаткан пландарынын биргелешкен мониторинги жана баа берүү;
- чогулуштарда, коомдук угууларда, курултайларда биргелешкен аракеттердин пландарын ишке ашыруу боюнча иштердин натыйжалары жөнүндө отчет.
24.5. Жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө процессине төмөнкүлөр катыша алышат:
- жынысына, расасына, улутуна, тилине, туткан динине, кызматтык жана мүлктүк абалына көз карандысыз 18 жашка толгон жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү; 19
- мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин ж.б. өкүлдөрү;
- шаардык кеңештин депутаттары;
- мэрия аппаратынын кызматкерлери.
25.1. Мэрия шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жамаат менен биргеликте шаардын артыкчылыктуу маселелерин аныктоодо, жамааттын муктаждыктарын биргеликте иликтөө процессинде, ыктыярдуу негизде ар кайсы тармактар боюнча демилгелүү топторду түзөт, ошондой эле аткаруу мөөнөттөрүн, ресурстарын, аларды аткаруу боюнча жооптууларды белгилөө менен биргелешкен аракеттердин планын иштеп чыгышат.
25.2. Демилгелүү топтордун курамына төмөнкүлөр кирет:
- мэрия аппаратынын кызматкерлери;
- шаардык кеңештин депутаттары;
- жергиликтүү жамааттын жигердүү мүчөлөрү;
- мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын жана мэриянын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин ж.б. өкүлдөрү.
25.3. Демилгелүү топтордун курамы төмөнкүлөрдү эске алуу менен аныкталат:
- гендердик теңдемди сактоо;
- шаардын аймагында жайгашкан ар бир кварталдын, кичи райондун, айылдын өкүлчүлүгүнүн болуусун;
- демилгелүү топ тарабынан тандалган артыкчылыктуу маселени чечүүдө тажрыйбанын болуусу;
- шаардын артыкчылыктуу маселелерин чечүү үчүн кайтарымсыз негизде иштөөгө каалоосунун болуусу;
- демилгелүү топтордун иштерине ийгиликтүү катышуу үчүн каалоосун жана шыктуулугун билдиргендиги.
25.4. Демилгелүү топтун отуруму ачык жыйналыш формасында жүргүзүлөт.
25.5. Демилгелүү топтун мүчөлөрү, өз катарынан ачык добуш берүү менен, алардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добуштары менен демилгелүү топтун жетекчисин шайлашат. Демилгелүү топтун жетекчисин шайлоо тууралуу чечим протокол менен жол-жоболонот, ага демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн колдору коюлат. Демилгелүү топтун чечимдери ага тиешелүү бардык маселелер боюнча алардын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгүнүн добуштары менен кабыл алынат.
25.6. Демилгелүү топтун жетекчиси төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарда демилгелүү топтун кызыкчылыктарын жактоого;
- демилгелүү топтун жумушун координациялоого;
- демилгелүү топтун жыйналышын өткөрүүгө;
- демилгелүү топтун атынан документтерге кол коюуга ж.б..
25.7. Демилгелүү топтун мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- шаардын өнүгүү пландарын, анын ичинде биргелешкен аракеттеги пландарын, социалдык-экономикалык өнүгүү пландарын, стратегиялык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо пландарын ж.б. иштеп чыгууга катышууга;
- окууларга, жыйналыштарга, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана шаардын аймагында иштеп жаткан башка уюмдардын, 20
ишканалардын жана мекемелердин шаардын артыкчылыктуу маселелерине тиешеси бар маселелери боюнча отурумдарына катышууга;
- тандалган көйгөйлөрдү чечүү жана аларды ишке ашыруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгууга;
- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын демилгелүү топ тарабынан тандалып алынган көйгөйлөрдү чечүү боюнча демилгелүү топтун жумуштарынын жүрүшү боюнча маалымдоого;
- жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында тандалып алынган көйгөйлөрдү чечүү үчүн иштелип чыгылган долбоорлордун презентациясын өткөрүүгө жана коргоого;
- долбоорлорду/биргелешкен аракеттердин планын ишке ашыруу боюнча мониторинг жүргүзүүгө;
- чогулуштарда, коомдук угууларда, курултайларда жергиликтүү жамааттын алдында иштердин натыйжалары боюнча отчет берүүгө;
- зарыл болгондо мыйзамдарда жана ушул Уставда белгиленген тартипте шаардык кеңешке киргизүү үчүн ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун демилгелөөгө.
26.1. Жамаат муктаждыктарын биргелешип иликтөөнүн натыйжасында табылган шаардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү үчүн шаар мэриясы шаардык кеңештин депутаттарынын, жергиликтүү жамааттын жана демилгелүү топтордун мүчөлөрүнүн катышуусу менен жумушчу жолугушууларды уюштурат, анда төмөнкү маселелер каралат:
- артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн бет ачарлары жана аларды чечүүнүн жолдору;
- биргелешкен аракеттердин планын иштеп чыгуу;
- артыкчылыктуу көйгөйлөр боюнча демилгелүү топтордун санын жана алардын курамын алдын ала бекитүү;
- каралып жаткан маселелерди талкуулоо, алар боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу;
- жалпы талкуулоо үчүн чогулушка, коомдук угууларга биргелешкен аракеттердин планын алып чыгуунун тартибин талкуулоо;
- биргелешкен аракеттердин планын ишке ашыруу боюнча андан аркы аракеттерди пландоо;
- биргелешкен аракеттирдин планын ишке ашыруусуна баа берүү жана мониторинг жүргүзүү;
- жергиликтүү жамаатка алардын жашоо-турмушун камсыздоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга баа берүү жана мониторинг жүргүзүү.
26.2. Шаар мэриясы жумушчу жолугушуулардын натыйжалары боюнча чогулушка, коомдук угууга төмөнкүлөрдү алып чыгат:
- жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөөнүн натыйжалары;
- табылган артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын;
- тандалып алынган багыттар боюнча демилгелүү топтордун санын;
- жергиликтүү жамаат менен макулдашуу (өзгөртүү, толуктоо) үчүн демилгелүү топтордун мүчөлөрүнүн тизмесин.
26.3. Чогулушта, же коомдук угууларда демилгелүү топтордун саны жана алардын курамы, биргелешкен аракеттердин планы жергиликтүү жамаат менен макулдашылат, андан кийин чогулуштардын, коомдук угуулардын катышуучуларынан келип түшкөн ой-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен биргелешкен аракеттердин планы, демилгелүү топтордун курамы жана саны шаар мэриясынын чечими (же шаардык кеңештин токтому) менен бекитилет. Бул маалымат маалымат тактайына илинүү жолу менен жалпы элге жеткирилет. 21
26.4. Кийинки жылга жергиликтүү бюджеттин адепки долбоору бекитилген биргелешкен аракеттердин планын эске алуу менен мэриянын финансы-экономикалык бөлүмү тарабынан түзүлөт.
26.5. Мэрия биргелешкен аракеттердин планын эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин адепки долбоорун шаардык кеңеш менен макулдашат жана Финансы министрлигинин тиешелүү түзүмдүк бөлүмчөсүнө берет. Финансы министрлиги мэрияга жергиликтүү бюджет боюнча такталган маалыматтарды бергенден кийин мэрия биргелешкен аракеттердин планын эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин адепки долбоорун тактайт жана аларды бекитүү үчүн шаардык кеңешке берет.
26.6. Жергиликтүү бюджеттин долбоору жалпы талкуулоо үчүн бюджеттик угууга киргизилет, андан соң кийин ачык жана айкын шаардык кеңештин сессиясында каралат. Жергиликтүү бюджет жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн ой-пикирлерин жана сунуштарын карап чыккандан кийин жамааттардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын эске алуу менен шаардык кеңеш тарабынан бекитилет. Шаардык кеңештин тийиштүү жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү тууралуу токтому жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга жатат.
26.7. Шаардын артыкчылыктуу маселелерин чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планы иштелип чыгылган жана бекитилген учурда шаардык кеңеш тарабынан жергиликтүү бюджет бекитилгенден кийин жергиликтүү бюджетке тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштамалар менен мэрия биргелешкен аракеттердин планын шаардык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына киргизүүгө укуктуу.
26.8. Бюджет боюнча шаардык кеңештин туруктуу комиссиясы шаардын артыкчылыктуу маселелерин чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын өзүнүн отурумунда карайт жана биргелешкен аракеттердин планын каржылоо жана ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджетке тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө корутундусу (же чечими) менен шаардык кеңештин отурумуна киргизет.
26.9. Бюджеттик комиссиянын сунушу менен макул болгон учурда жана жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү болгондо шаардык кеңеш биргелешкен аракеттердин планын каржылоо жана ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджетке тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
27.1. Шаардын артыкчылыктуу маселелерин аныктоо жана чечүү боюнча ачыктыкты, айкындыкты камсыз кылуу жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн жергиликтүү коомдук маанилүү чечимдерди кабыл алууга тартуу, ошондой эле жергиликтүү жамааттын, донор уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шаардык аймактын өнүгүшүнө чегерилген каражаттарынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча иш-чаралары жүргүзүлөт.
27.2. Биргелешкен мониторинг жана баа берүүнүн максаттары төмөнкү болуп саналат:
- мэриянын иш-аракеттерине жана муниципалдык кызматтардын сапатына баа берүү жана мониторинг жүргүзүү;
- шаардын территориясында жергиликтүү жана (же) республикалык бюджеттен, эл аралык жана башка донор уюмдардын, спонсорлордун жана башка мыйзамдар менен тыюу салынбаган булактардан каржыланып ишке ашырылуучу жергиликтүү демилгелердин/долбоорлордун/программалардын иш жүзүнө ашыруу натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;
- жергиликтүү демилгелерди/долбоорлорду/программаларды ишке ашыруу процессин, ошондой эле муниципалдык кызматтарды жакшыртуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- этностор аралык конфликттерди алдын алуу жана болтурбоо максатында шаардын аймагында этностор аралык мамилелерге мониторинг жүргүзүү. 22
27.3. Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу үчүн шаардык кеңеш биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топ түзүүгө укуктуу. Шаардык кеңеш ушул Уставдын 27.2.-пунктунда көрсөтүлгөн маселелер боюнча кошумча биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топторду түзүүгө укуктуу. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топтордун иш-аракеттеринин тартиби шаардык кеңеш тарабынан аныкталат.
27.4. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топтун курамына шаардык кеңештин депутаттары, демилгелүү топтордун, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана башка жактар жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоо мүнөздөгү жагдайларга карабастан кирүүгө укуктуу. Топтун курамы шаардык кеңеш тарабынан бекитилет.
27.5. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топ төмөнкүлөргө мониторинг жүргүзүүгө жана баа берүүгө укуктуу:
- мэриянын жана анын структуралык бөлүмдөрүнүн, ошондой эле муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын иш-аракеттерин;
- тийиштүү аймактын жергиликтүү жамаатынын жашоо-турмушун камсыздоо боюнча кызмат көрсөткөн муниципалдык, мамлекеттик, коомдук уюмдардын жана бирикмелердин (суу колдонуучулар ассоциацияларын (АВП), суу менен камсыздоо боюнча чарбалык ишканалардын, жылуулук менен жабдыган уюмдардын иштерин;
- шаардын өнүгүү пландарын (анын ичинде биргелешкен аракеттеги пландарын, социалдык-экономикалык өнүгүү пландарын, стратегиялык өнүктүрүү пландарын ж.б.);
- жергиликтүү жана (же) республикалык бюджеттен, эл аралык жана башка донор уюмдардын, спонсорлордун жана башка мыйзамдар менен тыюу салынбаган булактардан каржыланып ишке ашырылуучу жергиликтүү демилгелердин/долбоорлордун/программалардын ишке ашырылуусун;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын этностор аралык маселелер боюнча иш аракеттерин.
27.6. Аталган милдеттерди аткаруу үчүн биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топ:
- жумуштун планын (графигин) бекитет;
- сурамжылоолорду (анкеттөөнү) жүргүзөт;
- жерине баруу менен, ишке ашырылган долбоордон көрсөтүлүүчү кызматтарды жана/же пайда алуучулар менен түздөн-түз маектерди жүргүзөт;
- документтерди (анкеталарды, графиктерди, отчетторду, каттоо журналдарын, катышуучулардын тизмесин) талдоону жүзөгө ашырат;
-тиешелүү иш-чараларга (тендер, сатып алуу, демилгелерди/долбоорлорду/программаларды ишке ашыруу) катышат;
- демилгелердин/долбоорлордун/программалардын өз убагында бүткөрүлүшүн жана/же көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын камсыз кылуу үчүн сунуштамаларды берет;
- демилгелерди/долбоорлорду/программаларды аткаруунун жүрүшүндө, кызматтарды көрсөтүүлөрдө табылган көйгөйлөр, ошондой эле өзүнүн аткарган жумуштарынын натыйжалары жөнүндө мэрияны, шаардык кеңешти жана жергиликтүү жамаатты өз убагында кабарландырат;
- пландарды ишке ашыруу боюнча, кызматтардын көрсөтүлүшүн жакшыртуу боюнча, долбоордун аткарылышынын жүрүшүнө түзөтүү киргизүү боюнча сунуштарды берет.
27.7. Шаар мэриясы ушул Уставдын 27.1.-27.2-пункттарында көрсөтүлгөн максаттарга жетүүгө жана маселелерди чечүү үчүн өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча биргелешкен мониторинг жана баа берүү топторун түзүүгө укуктуу.
27.8. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү тобунун иштеринин натыйжалары маалымат такталарына илинет, жарыяларда, жалпыга маалымдоо каражаттарында таратылат, ошондой эле талкуулоо үчүн чогулуштарга, коомдук угууларга, жергиликтүү жамааттын курултайларына киргизилиши мүмкүн. 23
28. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу
28.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнү өз иштерин координациялоо үчүн өз ара жардамдашуу, жашоо-турмуш тиричиликтик, социалдык, экономикалык жана маданий милдеттерди биргелешип чечүү өздөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын кыйла натыйжалуу жүзөгө ашыруу максаттарында жашаган жери боюнча аймактык коомдук өз алдынча башкарууну уюштурууга укуктуу.
28.2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кичи-райондордун комитеттери, турак жай комплекстеринин, үй, көчө, кварталдык комитеттер, жамааттар (коомдоштук) кеңештери жана комитеттери формасында, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка формаларда жүзөгө ашырылат.
28.3. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруулардын аймактарынын чектери жашоочулардын сунуштарын эске алуу менен шаардык кеңеш тарабынан белгиленет.
28.4. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу алар шаардык кеңеш тарабынан каттоого алынган учурдан тартып өз статустарына ээ болушат. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жак статусуна алууга укуктуу.
29.1. Муниципалдык менчик - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелерин алуучу булак катары кызмат кылуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга зарыл жергиликтүү жамааттардын менчиги;
29.2. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу жолу менен муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө түздөн-түз катышат, бул кайрылуулар тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө каралышы керек.
29.3. Муниципалдык менчик өзүнө кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын акчалай каражаттарын, баалуу кагаздарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мүлктүк укуктарды камтыйт.
29.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттары, ошондой эле бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттары дагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчиги болуп саналат. Бюджеттик каражаттарды, ошондой эле бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, башкы органдардын алып коюусуна жол берилбейт.
29.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрине ээ болууга жана аны жүргүзүүгө милдеттүү.
Реестрде төмөнкүдөй негизги маалыматтар:
- объектти сыпаттап жазуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же башка юридикалык же жеке жактар ээлик кылган мүлккө муниципалдык менчик объекттерине карата укуктарды ырастаган документтер;
- объекттерди пайдаланууга карата чектөөлөрдүн тизмеси;
- объекттердин бааланган наркы;
- мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин өзгөчөлүктөрүнө жана аларды пайдаланууга байланышкан башка маалымат камтылууга тийиш. 24
29.6. Мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестринин мазмуну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадимки иш учурунда аларды жарандар иликтөө үчүн пайдалана алгыдай болууга тийиш.
29.7. Мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби мэрия тарабынан белгиленет жана шаардык кеңештер тарабынан бекитилет.
30.1. Жергиликтүү бюджет – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш милдеттерин финансылык жактан камсыз кылуу үчүн багытталган шаардын жергиликтүү жамаатынын бюджети. Жергиликтүү бюджет шаардык кеңештин чечими менен бекитилет. Жергиликтүү бюджетти түзүүнү жана аткарууну мэрия жүзөгө ашырат.
30.2. Жергиликтүү бюджет кирешелерден жана чыгымдардан турат:
- жергиликтүү бюджеттин кирешелери – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тескөөсүнө келип түшкөн акчалай каражаттар, алар жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан, салыктык эмес келип түшүүлөрдөн; республикалык деңгээлде бөлүштүрүүчү салыктардан жана кирешелерден; трансферттерден, ыктыярдуу төгүмдөрдөн турат. Жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан, салыктык эмес келип түшүүлөрдөн алынган жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджеттке алууга жатпайт;
- жергиликтүү бюджеттин чыгымдары – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин жана иш-милдеттерин финансылык камсыз кылууга багытталган акча каражаттары.
30.3. Шаардык кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы мамлекеттик салык кызматтарынан, мэриядан жана юридикалык жактардан жергиликтүү бюджеттин долбоорун өз убагында жана сапаттуу түзүү үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды суроого жана алууга, өзүнүн отурумдарына бул органдардын жетекчилерин чакырууга жана угууга укуктуу. Жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
30.4. Шаардык кеңештин бюджеттик комиссиясы бюджеттин долбоорун алдын ала кароону өткөрөт жана мэриянын отчетун угат, бюджеттин долбоору боюнча өз корутундусун, бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту шаардык кеңештин сессиясына берет.
30.5. Жергиликтүү бюджеттин долбоорун кароо ачык жана жалпы эл алдында жүргүзүлөт. Бюджеттин долбоору боюнча, ошондой эле бюджеттин аткарылышы боюнча коомдук бюджеттик угуулар милдеттүү түрдө өткөрүлөт.
30.6. Шаардык кеңеш сессияда жергиликтүү бюджеттин адепки жана такталган долбоорун карайт жана бекитет же болбосо жергиликтүү жамааттын жана бардык кызыктар тараптардын ой-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыгууга жөнөтөт, бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту карайт, бекитет же болбосо аны четке кагат.
30.7. Шаардык кеңештин тиешелүү жылга бюджетти бекитүү тууралуу токтому, ошондой эле бюджеттин аткарылышы тууралуу мэриянын отчету жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга жатат.
31.1. Ушул Уставдын талаптарын үлгүлүү аткаргандыгы, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкандыгы, жеке жана үй-бүлөлүк үлгүлүү жүрүм-туруму, кайрымдуулук ишмердиги, спонсорлугу, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө айкын көмөк көрсөткөндүгү, жергиликтүү жамаатка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга катышкандыгы үчүн тийиштүү жарандарга карата төмөнкүдөй моралдык жана материалдык сыйлоо чаралары колдонулушу мүмкүн:
- алкыш жарыялоо;
- баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо;
- грамоталар менен сыйлоо;
- “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, Үлгүлүү квартал” жана“Үлгүлүү район (кичи район)” ардактуу наамдарын ыйгаруу;
- жамааттын Ардак тактасына илүү;
- жамааттын Ардак китепчесине киргизүү;
- “Шаардын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү.
31.2. Моралдык жана материалдык сыйлоо чараларын колдонуу томөнкү тартипте жүргүзүлөт:
- жамааттын мүчөлөрүн сыйлоого көрсөтүү демилгеси жарандардын чогулушуна, аксакалдар сотторуна, коомдук уюмдарга, аймактык коомдук өз алдынча башкарууларга, көчө, квартал комитеттерине, шаар мэрине, шаардык кеңештин депутаттарына, шаардык кеңештин төрагасына таандык;
- алкыш жарыялоо, баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо, грамоталарды тапшыруу, “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү район (кичи район)” ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө чечим шаар мэри тарабынан кабыл алынат;
- Ардак тактасына илүү, Ардак китепчесине киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө чечим шаар мэринин сунуштамасы боюнча шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынат.
31.3. “Шаардын ардактуу жараны” наамы жергиликтүү жамааттын эң жогорку наамы болуп саналат, ал шаардын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкондугу үчүн шаардык кеңештин чечими менен берилет. Шаардык кеңеш “Шаардын ардактуу жараны” наамы бар адамдар үчүн атайын жеңилдиктерди, ошондой эле алар үчүн стипендияларды жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана башка материалдык сыйлыктарды белгилей алат.
32.1. Ушул Уставдын талаптарын бузган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө карата коомдук айыптоо чаралары колдонулушу мүмкүн.
32.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызмат адамдары ушул Уставдын талаптарын бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
өзгөртүүнүн тартиби
33.1. Жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоору шаар мэринин чечими менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыгат.
33.2. Жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирет:
- шаардык кеңештин төрагасы/шаардык кеңештин төрагасынын орун басары;
- шаардык кеңештин фракциялар коалициясынын төрагасы, же фракциялар;
- шаар мэри/шаардын вице-мэри;
- шаардык кеңештин депутаттары; 26
- мэрия аппаратынын кызматкерлери;
- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү (шаарда жашаган азчылык улуттардын өкүлдөрүн эске алуу менен);
- коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү (ӨЭУ, КУ,КФ, жаштар комитети, аялдар кеңеши, аксакалдар кеңеши, ишкерлер коомчулугу жана башка шаар аймагында иш алып барган уюмдар).
(Жумушчу топтун түзүмү жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарына ылайык толукталышы же өзгөртүлүшү мүмкүн).
33.3. Жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Уставдын долбоору жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Кемин шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайтында (же башка расмий жарыялоо булактарында) жарыяланат жана шаардык чогулуштарга же жергиликтүү жамааттын курултайына талкуулоо үчүн алып чыгарылат, аны ушул Уставда белгиленген тартипте Кемин шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулат.
33.4. Курултайдын делегаттары, ошондой эле чогулуштун катышуучулары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү Уставдын долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды киргизүүгө укуктуу.
33.5. Кемин шаарынын мэри Уставдын долбоорунун акыркы вариантын жумушчу топ тарабынан иштелип чыккандан кийин Кемин шаардык кеңештин кароосуна кабыл алуу үчүн киргизет.
33.6. Шаардык кеңештин Уставды бекитүү жөнүндө токтому шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен кабыл алынат.
33.7. Кабыл алынган Уставга карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добуштары менен аларды чогулуштарда же жергиликтүү жамааттын курултайларында жүргүзүлгөн талкуунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.
33.8. Кабыл алынган Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор чогулуштарда (жыйындарда) же жергиликтүү жамааттын тиешелүү курултайларында талкуулоонун жыйынтыктары боюнча Кемин шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес добушу менен кабыл алынат.
33.9. Жергиликтүү жамааттын Уставы шаардык кеңештин Уставын бекитүү жөнүндө токтому тийиштүү басма сөздө расмий жарыяланган же болбосо Кемин шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же тийиштүү мамлекеттик органдардын расмий веб-сайттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Күчүнө киргенден кийин жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү тууралуу шаардык кеңештин токтомунун көчүрмөсү Уставдын тексттин тиркөө менен Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жиберилет.