Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-сентябры № 31-4
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча муниципалдык кызматтардын кошумча реестрин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча муниципалдык кызматтардын кошумча реестрин бекитүү жөнүндө айыл өкмөттүн башкы адис-юристи Н.Жунусовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча реестри бекитилсин. Тиркеме тиркелет (1 баракта)
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы адиси-юристи Н. Жунусовго тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К. Айдыралиев |
| Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кещешинин 23-сентябрь 2016-жылдагы кезектеги №31-4 токтомуна тиркеме |
№ | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Муниципалдык кызматты стандартташтыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган | Кызматтарды көрсөткөн муниципалдык мекемелер | Муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн шарттары (акылуу/акысыз) |
1 | Материалдык жардам берүү (майрамдык даталарга карата) | Ат-Башы айыл өкмөтү | Ат-Башы айыл өкмөтү | акысыз |
2 | Мектепке чейинки мекемелерде балдардын тамактануусуна кошумча төлөм | Ат-Башы айыл өкмөтү | Ат-Башы айыл өкмөтү | акысыз |
3 | Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык жана материалдык эмес жардамдарды берүү (көмүр отуну, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын эс алуу лагерлерине жеткирүү) | Ат-Башы айыл өкмөтү | Ат-Башы айыл өкмөтү | акысыз |
4 | Кургак учук менен ооруган айыл тургундарынын транспорттук чыгымдарын төлөө | Ат-Башы айыл өкмөтү | Ат-Башы айыл өкмөтү | акысыз |
5 | Томолой, жарым жетим балдарга жащы жылдык белектерди берүү | Ат-Башы айыл өкмөтү | Ат-Башы айыл өкмөтү | акысыз |
6 | Майып болгон адамдарга материалдык жардам берүү | Ат-Башы айыл өкмөтү | Ат-Башы айыл өкмөтү | акысыз |
7 | Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө дарылануу үчүн маалымдама кат берүү | Ат-Башы айыл өкмөтү | Ат-Башы айыл өкмөтү | акысыз |
8 | Айыл тургундарынын турак жайына жана жер аянттарына берилген буйрук, токтомдордун көчүрмөсүн берүү | Ат-Башы айыл өкмөтү | Ат-Башы айыл өкмөтү | акысыз |