ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-сентябры № 2
Өзгөрүш айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 27-сентябрында болуп өткөн VIII-чакырылышынын 1-кезексиз сессиясында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө ПЖ № 215 Жарлыгы жана Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын № Б -13//5479 сандуу буйругуна аткаруу максатында Өзгорүш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөрүш айылдык аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча 2023-жылдын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү убактысы жана графигин бекитүү чечим кабыл алынды.
- Өзгөрүш айылдык аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо,Ү. Акынбеков атындагы орто мектебинин жыйындар залында 2023-жылдын 19-октябрында саат 10.00 дө өтүлөт.
Торага |
| Т. Бечелов |
|
| Өзгөрүш айылдык аймактык кеңештин 2023-жылдын 27- сентябрындагы 1-кезексиз сессиясынын № 2 токтомуна тиркеме № 1 |
Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш – чаралар планы.
№ | Иш- чаралардын мазмуну | Аткарууга жооптуулар | Мөөнөтү |
1 | Жергиликтүү курултайды өткөрүу боюнча уюштуруу комиссиясын түзүү | Жергиликтүү кеңеш, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү | 2023-жылдын 28-сентябрына чейин. |
2 | Тийиштүү аймактын жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн элдик курултайын чакыруу жөнүндө чечимин, анын күн тартибин өткөрүу мөөнөттөрүн бекитүү | Жергиликтүү кенеш, Курултайды уюштуруу жана өткөрүү комиссия | 2023-жылдын 30-сентябрь |
4 | Өзгөрүш айылындагы Элдик Курултайды даярдоого жана өткөрүүгө материалдык –техникалык жактан камсыздоо | Айыл өкмөт башчы : З.Надырбаев. | 2023-жылдын октябрь ноябрь айларында. |
5 | Өзгөрүш айылында өтүлүүчү жергиликтүү Элдик Курултай жөнүндө эл арасына жайылтуу , түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Жергиликтүү кенеш, Курултайды уюштуруу жана өткөрүү комиссия, айылдык кенештин катчысы : М. Надырбаев | 2023-жылдын 18-октябрына чейин. |
6 | Жергиликтүү жамааттардан Элдик Курултайдын делегаттарынын тизмелеринин шайлоо тууралуу протоколдорду жана толтурулган анкеталарды уюштуруу комитетине жөнөтүү | Т. Бечелов , М. Надырбаев, уюштуруу комитетинин курамы. | 2023-жылдын 1-ноябрына чейин. |
7 | Өзгөрүш айылында жыйындарды жана чогулуштарды уюштуруу, жергиликтүү Курултайга 50 делегатты шайлоо | Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы: З. Надырбаев, төрага : Т. Бечелов, уюштуруу комитети жана өткөрүү комиссия курамы. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы : М.Надырбаев. | Бекитилген графиктин негизинде, 2023-жылдын 19-октябрь күнү. |
Жооптуу катчы |
| М. Надырбаев |
|
| Өзгөрүш аймактык аймактык кеңештин 2023-жылдын 27- сентябрындагы 1-кезексиз сессиясынын № 2 токтомуна тиркеме № 2 |
№ | Өткөрүү жайы | убактысы | Жооптуулар
|
1 | Ү. Акынбеков атындагы орто мектебинин ашканасы | 10.00-12.00 | Түзүлгөн комиссия курамы
|
Жооптуу катчы |
| М. Надырбаев |
№ 4 тиркеме
Өзгөрүш айылында жергиликтүү Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Жобо.
1. Өзгөрүш айылынын жергиликтүү Курултайынын делегаттарынын жалпы саны 50 адамдан турат.
2. Өзгөрүш айылынын делегаттары төмөндөгү принцип менен шайланат:
- Жашаган жери боюнча жамааттардан бирден делегат Өзгөрүш айылынын жергиликтүү
- Элдик Курултайына шайланат.
- Жергиликтүү Элдик Курултайга делегаттар 4 жамааттан шайланат алар:
· Беш-булак жамаат 17 делегат;
· Сары-Куурай жамааттан 10 делегат;
· Төңтөрт жамааттан 15 делегат;
· Очок жамааттан 8 делегат:
3. Делегаттарды шайлоо ачык добуш берүү жолу менен ишке ашырылат, эң көп добуш алган талапкер делегат болуп шайланат.
4. Гендердик теңдикти эске алуу менен бир жыныстын өкүлдөрү белгиленген квотага ылайык 70 пайыздан ашык боло албайт. Мисалы 15 делегат шайланса, анын 10 делегаты бир жыныстын өкүлдөрү болсо, 5 делегат башка жыныстын өкүлү болушу тийиш. 20 делегат болгон учурда 14 делегат жана 6 делегат болуп бөлүнөт.
5. Жергиликтүү жамааттардын жыйындарын, тиешелүү аймакка жооптуу болуп бекитилген айылдык Кеңештин депутаты алып барат.
6. Жергиликтүү курултайга делегаттыкка талапкерлерди көрсөтүү ошол жыйынга катышкан жергиликтүү жамааттын баардык мүчөлөрү ээ.
7. Жыйындар имараттын ичинде, ачык асман алдында, коомдук жайларда, ж.б. жерлерде уюштурулуусу мүмкүн.
8. Жыйындардын жана чогулуштардын протоколдору түзүлүшү керек жана ал протоколдорду жана шайланган делегаттардын анкеталары Элдик Курултайды уюштуруу боюнча жумушчу топко тапшырылат.
9. Кайсы бир себептерден улам жергиликтүү курултайдын делегаты мөөнөтүнөн мурда калган учурда , анын мандаты ошол эле аймактан кийинки көп добушту алган делегаттыкка талапкерге ыйгарылат.
10. Өзгөрүш айылынын жергиликтүү курултайы делегаттардын жарымынан көпчүлүгү катышкан учурда укук ченемдүү болуп эсептелинет. Шайланган делегаттардын катышуусун камсыз кылуу жагы ошол аймакка жооптуу болуп бекитилген жергиликтүү кеңештин депутаттарына жана жумушчу топко милдеттендирилет.
11. Өзгөрүш айылынын атынан бүткүл Республикалык Курултайга 1 делегат шайланат. Шайлоо убактысы графикке ылайык жергиликтүү Кеңеш тарабынан белгиленет.
12. Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 26-сентябрындагы № 1 чечими менен бекитилген нускамада бекилген тартипке ылайык жүргүзүлөт.
13. Бүткүл Элдик Курултайга Өзгөрүш айылынын атынан көйгөйлүү маселелер жергиликтүү айылдык курултайында делегаттар тарабынан сунушталат ( 3төн көп эмес ) . Бул көйгөйлөр алдын ала уюшттуруу комитетине жөнөтүлөт.
Торага |
| Т. Бечелов |