Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 271 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы ПЖ № 215 Жарлыгына ылайык) |
Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин (мындан ары - Уюштуруу комитети) ишин, ошондой эле Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруунун тартибин регламенттейт.
2. Ушул Убактылуу жобо "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында каралган тиешелүү регламенттөөчү документтер белгиленген тартипте кабыл алынганга, ошондой эле аталган конституциялык Мыйзамда каралган тартипте Элдик Курултайдын катчылыгы түзүлгөнгө чейин колдонулат.
3. Өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана жарандык коомду өнүктүрүү максатында талкуулоону талап кылган мамлекеттик маанидеги маанилүү маселелер боюнча чечимдерди биргелешип кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары айыл аймактарынын (пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформаны эске алуу менен), шаарлардын өкүлчүлүктүү жыйындарына, Кыргызстан элинин ассамблеясынын курамына кирген этностук коомдук бирикмелердин жыйналыштарына, чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын бирикмелеринин жыйналыштарына катыша алат, ошондой эле бекитилген квоталарга ылайык шайланган делегаттар Элдик Курултайга катышат.
2. Элдик Курултайдын делегаттарын айыл аймактарынан, шаарлардан шайлоонун тартиби
4. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоодо региондун жана тиешелүү аймактын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тармактык өкүлчүлүк принциптери жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны аркылуу жүзөгө ашырылат.
5. Жергиликтүү кеңеш кезексиз сессиянын чечими менен Уюштуруу комитети бекиткен календардык планга ылайык Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын чакырат.
Чечимде төмөнкүлөр чагылдырылат:
- Уюштуруу комитети бекиткен жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүк ченемине ылайык жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларынын жалпы саны;
- жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча тиешелүү аймакты бөлүктөргө бөлүү ченемдери (поселокторго, кичи райондорго, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарына, кварталдарга, көчөлөргө, чарбаларга, үй чарбаларына ж.б.);
- календардык план менен аныкталуучу мөөнөттөргө ылайык жарандардын жыйналыштарын жана жыйындарын өткөрүүнүн графиги жана жергиликтүү коомдоштуктун өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучулардын саны;
- өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси;
- өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун (мындан ары - жумушчу топ) курамы.
6. Өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү мөөнөтү календардык план менен аныкталат.
7. Жумушчу топтун курамына жергиликтүү кеңештин депутаттары, калктын демилгечи топторунун, жарандык коомдун, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, айыл өкмөтүнүн/мэриянын кызматкерлери жана башкалар кирет. Жумушчу топ беш адамдан кем эмес курамда түзүлөт.
Жумушчу топтун курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчилери кире албайт.
Жумушчу топко жергиликтүү кеңештин төрагасы (төрага жок учурда - төраганын орун басары) башчылык кылат, катчынын функцияларын жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы аткарат. Жергиликтүү кеңеште жооптуу катчынын кызмат орду жок болгон учурда жумушчу топтун катчысынын милдеттери айыл өкмөтүнүн/мэриянын кызматкерине жүктөлөт.
8. Жумушчу топ:
- өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларын шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүүнү координациялайт;
- жыйындардын жана жыйналыштардын протоколдорун түзөт (Уюштуруу комитети бекиткен үлгү боюнча);
- өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү тартибинин долбоорун иштеп чыгат жана жыйналыштын күн тартибин даярдайт;
- өкүлчүлүктүү жыйын өткөрүлүүчү күнү катышуучуларды каттоону жүргүзөт;
- өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын сапаттык жана тармактык курамы боюнча маалымат берет;
- өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын жана Элдик Курултайдын делегаттарынын шайланган курамында бекитилген квотага ылайык тармактык өкүлчүлүк принцибин сактоону камсыз кылуу боюнча аракеттерди көрөт;
- уюштуруу маселелери боюнча башка зарыл чараларды көрөт.
9. Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүнү уюштуруу, материалдык-техникалык камсыздоо жана маалымдоо иштерин жүргүзүү жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт.
10. Өкүлчүлүктүү жыйынга катышууга талапкерлерди көрсөтүү укугуна бул жыйналыштарга/жыйындарга катышкан жергиликтүү коомдоштуктун бардык мүчөлөрү ээ.
Ошондой эле жыйынга тиешелүү аймакта төрөлүп өскөн, бирок башка административдик-аймактык бирдикте жашаган жарандар катыша алат.
Катышуу үчүн көрсөтүлгөн талапкерлердин саны чектелбейт, бирок добуш берүүнүн жыйынтыгында жергиликтүү кеңеш аныктаган сандагы (сандык ченемге ылайык) өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучулары шайланат.
11. Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучуларды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйындары жана жыйналыштары жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген график боюнча өткөрүлөт.
12. Катышуучуларды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынга айылдын же шаардын жыйын/жыйналыш өткөрүлүп жаткан бөлүгүнө жооптуу болуп бекитилген жергиликтүү кеңештин депутаты алып барат.
13. Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучуларды тиешелүү аймактын этностук өзгөчөлүгүн эске алуу, гендердик балансты сактоо, ошондой эле тармактык, курактык таандыктыгы боюнча өкүлчүлүк принциби менен шайлоо сунушталат.
Аталган принциптерди аткаруу боюнча консультациялык түшүндүрмө жана багыт берүү иштери Уюштуруу комитети тарабынан жүргүзүлөт.
14. Жыйналыштарда/жыйындарда катышуучулардын ачык добуш берүүсү менен көпчүлүк добушка ээ болгон талапкерлер өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучусу болуп шайланат.
15. Жумушчу топ жыйналыштардын/жыйындардын протоколдорунун негизинде өкүлчүлүктүү жыйындын шайланган катышуучуларынын ыйгарым укуктарынын аныктыгын ырастайт, алардын тизмесин түзөт жана аталган документтерди жергиликтүү кеңешке берет.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн документтер жумушчу топтун бардык мүчөлөрүнүн колу менен күбөлөндүрүлөт жана 3 жыл бою жергиликтүү кеңештерде сакталып, андан кийин жергиликтүү архивдерге өткөрүлөт.
3. Өкүлчүлүктүү жыйындар
16. Өкүлчүлүктүү жыйын ага шайланган катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүгү (жарымынан көбү) катышса, укуктуу болуп саналат.
17. Жергиликтүү кеңештин төрагасы өкүлчүлүктүү жыйналышка төрагалык кылат, кворум тууралуу маалымат берет, катышуучуларга күн тартибин бекитүүнү сунуштайт.
Күн тартиби бекитилгенден кийин өкүлчүлүктүү жыйындын катчысы, эсептөө комиссиясынын курамы жана анын төрагасы бекитилет.
Өкүлчүлүктүү жыйындын чечимдери ачык добуш берүү менен катышкандардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
18. Элдик Курултайдын делегаттары бекитилген квоталарга ылайык тиешелүү аймактын этностук таандыктыгын эске алуу, гендердик балансты сактоо, ошондой эле тармактык, курактык таандыктыгы боюнча өкүлчүлүк принциби менен шайланат.
Ушул Жобо бекитилгенге чейин айылдык аймактардын саны өзгөргөн учурда ар бир айылдык аймактан квоталанган делегаттардын саны өзгөртүлбөйт жана бул квоталар бириктирилген аймактарга таандык болот.
19. Элдик Курултайдын делегаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугуна өкүлчүлүктүү жыйындын бардык катышуучулары ээ.
20. Элдик Курултайдын делегаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин саны квотанын санынан ашкан учурда ар бир талапкерге жекече кезек менен добуш берилет.
Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын ачык добуш берүүсү менен көпчүлүк добушту алган талапкерлер Элдик Курултайдын делегаттары болуп шайланат.
Элдик Курултайдын делегаттары акыркы добуш берүүдө бирдей сандагы добуш алган талапкерлердин ортосунда чүчү кулак өткөрүү жолу менен аныкталат.
21. Делегаттар шайланган соң кийинки добуштарды алган талапкерлер Элдик Курултайдын делегаттарынын резервине кирет.
22. Өкүлчүлүктүү жыйындын протоколу мамлекеттик тилде таризделет (Уюштуруу комитети бекиткен үлгүгө ылайык), өкүлчүлүктүү жыйындын төрагасы жана катчысы кол коет. Зарыл болгондо жыйналыштын/жыйындын протоколу расмий тилге которулушу мүмкүн.
Элдик Курултайдын делегаттарынын тийиштүү документтеринин тизмеги Уюштуруу комитети тарабынан бекитилет.
23. Өкүлчүлүктүү жыйындын протоколуна Элдик Курултайдын делегаттарынын документтеринин көчүрмөлөрү тиркелет, алар Уюштуруу комитетине аларга мандаттарды берүү үчүн жиберилет.
24. Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.
25. Элдик Курултайдын делегаттары өкүлчүлүктүү жыйындын жыйынтыгы боюнча 3төн ашпаган маселени Элдик Курултайдын кароосуна коёт.
4. Уюштуруу комитети
26. Уюштуруу комитети Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоонун тартибин аныктоочу консультациялык координациялык орган болуп саналат.
27. Уюштуруу комитети өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, башка ченемдик укуктук акттардын жана ушул Убактылуу жобонун негизинде жүзөгө ашырат.
28. Уюштуруу комитетинин жыйналыштары зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Уюштуруу комитетинин чечимдери көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет.
Уюштуруу комитетинин чечимдери зарылдыгына жараша сурамжылоо жолу менен кабыл алынышы мүмкүн.
Уюштуруу комитетинин жыйналышы видеоконференц байланышты колдонуу менен өткөрүүгө жол берилет.
29. Уюштуруу комитетинин чечимдери мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, мекемелер жана уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
30. Уюштуруу комитети:
- Элдик Курултайды өткөрүү ишин уюштурат;
- Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо ишин координациялайт;
- бекитилген квотага ылайык региондук, тармактык, этностук, улуттук жана жаш курактык таандыктуулугу боюнча өкүлчүлүк принциптеринин сакталышын камсыз кылат;
- Элдик Курултайды өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитет;
- ушул Убактылуу жободо камтылбаган жана жөнгө салынбаган маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат.
31. Уюштуруу комитетинин жыйналыштарын төрага жетектейт. Төрага жок учурда анын милдеттерин аткаруу төраганын орун басарына жүктөлөт.
32. Элдик Курултайдын Улуттук кеңеши түзүлгөн учурдан тартып Уюштуруу комитети өз ишинин жыйынтыгын чыгарат.
5. Элдик Курултайдын катчылыгы
33. "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында каралган тартипте Элдик Курултайдын катчылыгы шайланганга чейин анын функцияларын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү бөлүмү аткарат.
34. "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында каралган тартипте катчылык шайланганга чейин Уюштуруу комитети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү бөлүмү менен биргеликте Элдик Курултайдын катчылыгындагы кызмат орундарына белгиленген тартипте шайлоо үчүн талапкерлер жөнүндө сунуштарды даярдайт, ал сунуштарды белгиленген тартипте Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин кароосуна киргизет.
Улуттук кеңеш Элдик Курултайдын катчылыгынын кызматкерлерин дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштайт.
35. Жыйырма бир жашка толгон, жогорку билими бар, соттуулугу жок, өзүнүн ишкердик жана жеке сапаттары боюнча, ошондой эле ден соолугунун абалы боюнча өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлебеген Кыргыз Республикасынын жараны Элдик Курултайдын катчылыгынын кызматкери боло алат.
6. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча башка маселелер
36. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоодо этностук өкүлчүлүктүн принциптери "Кыргызстан элинин Ассамблеясы" Ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин курамына кирген этностук коомдук бирикмелер тарабынан жүзөгө ашырылат.
37. Чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын ичинен Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин чет өлкөдөгү өкүлчүлүгү тарабынан координацияланат. Элдик Курултайдын делегаттарына талапкерлер чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик каттоодон өткөн коомдук уюмдар тарабынан көрсөтүлөт.
38. Элдик Курултайдын делегаттарын этностук жана чет өлкөлүк эмгек мигранттарынан шайлоонун тартиби Уюштуруу комитетинин чечими менен аныкталат.
7. Корутунду жоболор
39. Жергиликтүү коомдоштуктун өкүлчүлүктөрүнүн, "Кыргызстан элинин Ассамблеясы" Ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин курамына кирген коомдук уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жыйналыштары Кыргыз Республикасынын гимни менен башталат жана аяктайт.
40. Элдик Курултайдын делегаттары Элдик Курултайды өткөрүү мезгилине гана шайланат, ал эми делегаттардын ыйгарым укуктары Элдик Курултайдын жалпы жыйыны аяктагандан кийин токтотулат.