Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 26-сентябры №1
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” ПЖ №215 чыгыш сандуу Жарлыгын аткаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” ПЖ №215 чыгыш сандуу Жарлыгын аткаруу боюнча маалыматтарды угуп, талкуулап, Боо-Терек айылдык аймактык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ №215 чыгыш сандуу Жарлыгы аткарууга алынсын.
2. 2023-жылдын 15-декабрында борборубуз Бишкек шаарында Элдик Курултай чакырылгандыгы эске алынсын.
3. Боо-Терек айылында Элдик Курултайды уюштуруу боюнча иш-чаралар планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Боо-Терек айылында Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Боо-Терек айылынын жамааттарында Боо-Терек айылынын жергиликтүү Элдик Курултайына делегаттарды шайлоо жана Боо-Терек айылынан бүткүл Элдик Курултайга бир делегатты шайлоо графиги №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Боо-Терек айылында жергиликтүү Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча №4 Жободогу тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Жергиликтүү Курултайдын мүчөлөрүнүн саны 50 делегат деп белгиленсин. Боо-Терек айылынын атынан бүткүл Элдик Курултайга бир делегат шайлансын. Боо-Терек айылында Элдик Курултай Маданият үйүндө өткөрүлсүн.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Мамыралиев А. |
|
| №1 тиркеме |
Боо-Терек айылында жергиликтүү Элдик Курултайды уюштуруу, өткөрүү жана борборубуз Бишкек шаарында өтүүчү бүткүл Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча иш-чаралар планы:
№ | Иш-чаралардын мазмуну | Аткарууга жооптуулар | Мөөнөтү |
1 | Боо-Терек айылында жыйындарды жана чогулуштарды уюштуруу, жергиликтүү Курултайга 50 делегатты шайлоо. | Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У.Буланбеков, Боо-Терек айылында жергиликтүү Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ, айылдык Кеңештин жооптуу катчысы С.Саткыналиева | Бекитилген графиктин негизинде |
2 | Боо-Терек айылындагы Элдик Курултайды даярдоого жана өткөрүүгө материалдык-техникалык жактан камсыздоо. | Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У.Буланбеков | 2023-жылдын 15-декабрына чейин |
3 | Бишкек шаарындагы Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде, укук коргоо органдары менен макулдашып мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти сактоо боюнча иш аракеттерди жүргүзүү | Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У.Буланбеков | Октябрь, ноябрь, 2023-жыл |
4 | Боо-Терек айылында өтүүчү жергиликтүү Элдик Курултай жөнүндө маалыматтарды эл арасына жайылтуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У.Буланбеков жана айылдык Кеңештин жооптуу катчысы С.Саткыналиева | Сентябрь, октябрь, ноябрь 2023-жыл |
55 | Жергиликтүү Кеңешке жергиликтүү Курултайдын делегаттарынын чогулуш жыйындарынын протоколдорун жана анкеталарын берүү | Жумушчу топ жана айылдык Кеңештин жооптуу катчысы С.Саткыналиева | 2023-жылдын 1-ноябрына чейин |
66 | Жергиликтүү жамааттарда делегаттарды шайлоо күнү протокол түзүүгө жардам көрсөтүү | Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У.Буланбеков, жумушчу топтун мүчөлөрү, Боо-Терек айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана айылдык Кеңештин жооптуу катчысы С.Саткыналиева | График боюнча |
7 | Боо-Терек айылынын жалпы Элдик жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү | Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У.Буланбеков, жумушчу топтун мүчөлөрү жана айылдык Кеңештин жооптуу катчысы С.Саткыналиева | 2023-жылдын 18-ноябры |
88 | Боо-Терек айылынын жалпы Элдик жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү | Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У.Буланбеков, жумушчу топтун мүчөлөрү жана айылдык Кеңештин жооптуу катчысы С.Саткыналиева | 2023-жылдын 18-ноябры |
Төрага |
| Мамыралиев А. |
|
| №2 тиркеме |
Боо-Терек айылында жергиликтүү Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы:
1. Мамыралиев А. - Боо-Терек айылдык Кеңешинин төрагасы, өкүлчүлүктүү жыйындын төрагасы;
2. Алымбеков М. - Боо-Терек айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары, өкүлчүлүктүү жыйындын төрагасынын орун басары;
3. Саткыналиева С. - Боо-Терек айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы, жумушчу топтордун катчысы;
Жумушчу топтордун мүчөлөрү:
4. Токтогул уулу И. - Боо-Терек айылдык Кеңешинин депутаты;
5. Макишев И. - Боо-Терек айылдык Кеңешинин депутаты;
6. Сатыбеков М. - Боо-Терек айылдык Кеңешинин депутаты;
7. Атакулова А. - Боо-Терек айылдык Кеңешинин депутаты;
8. Осмонов А. - Боо-Терек айылдык Кеңешинин депутаты;
9. Эсенаманов М. - Боо-Терек айылдык Кеңешинин депутаты;
10. Кабылова С. - Боо-Терек айыл өкмөтүнүн кызматкери;
11. Надырбаева Э. - Боо-Терек айыл өкмөтүнүн кызматкери;
12. Токтоганова С. - Боо-Терек айыл өкмөтүнүн кызматкери;
13. Жузупбекова А. - Боо-Терек айыл өкмөтүнүн кызматкери;
14. Учкемпирова Г. - Боо-Терек айыл өкмөтүнүн кызматкери;
15. Кулушев М. - Боо-Терек айыл өкмөтүнүн кызматкери;
16. Куланбаева Г. - Боо-Терек айыл өкмөтүнүн кызматкери;
17. Абдышов К. - демилгечи топтун мүчөсү.
Төрага |
| Мамыралиев А. |
|
| №3 тиркеме |
Боо-Терек айылында жергиликтүү Элдик курултайды өткөрүү графиги:
№ | Жамааттардан (делегаттарды шайлоо) | Аткарууга жооптуулар | Аткаруу мөөнөтү |
1 | Күмүштак жамааты 15-делегат. Жооптуу депутаттар: 1. Макишев И. 2. Токтогул уулу И. 3. Эсенаманов М. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери: 4. Кабылова С. 5. Надырбаева Э. | Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жумушчу топтун мүчөлөрү жана айылдык Кеңештин жооптуу катчысы С.Саткыналиева
| 2023-жыл 16,17-октябрь |
2 | Кызыл-Бакыр жамааты 15-делегат. Жооптуу депутаттар: 1. Осмонов А. 2. Алымбеков М. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери: 3. Учкемпирова Г. 4. Кулушев М. Демилгечи топтун мүчөсү: 5. Абдышов Курманкул | Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жумушчу топтун мүчөлөрү жана айылдык Кеңештин жооптуу катчысы С.Саткыналиева
| 2023-жыл 17,18-октябрь |
3 | Шоро жамааты 20-делегат. Жооптуу депутаттар: 1.Атакулова А. 2. Сатыбеков М. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери: 3. Куланбаева Г. 4. Жузупбекова А. 5. Токтоганова С. | Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жумушчу топтун мүчөлөрү жана айылдык Кеңештин жооптуу катчысы С.Саткыналиева
| 2023-жыл 19,20-октябрь |
4 | Боо-Терек айылынын жалпы Элдик жергиликтүү Курултайы | Жумушчу топтун мүчөлөрү, айыл өкмөтүнүн башчысы У.Буланбеков жана айылдык Кеңештин жооптуу катчысы С.Саткыналиева
| 2023-жыл 18-ноябрь |
Төрага |
| Мамыралиев А. |
|
| №4 тиркеме |
Боо-Терек айылында жергиликтүү Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Жобо.
1. Боо-Терек айылынын жергиликтүү Курултайынын делегаттарынын жалпы саны 50 адамдан турат.
2. Боо-Терек айылында делегаттар төмөндөгү принцип менен шайланат:
- Жашаган жери боюнча жамааттардан бирден делегат Боо-Терек айылынын жергиликтүү
Элдик Курултайына шайланат;
- Жергиликтүү Элдик Курултайга делегаттар 3 жамааттан шайланат алар:
· Күмүштак жамааты 15 делегат (А.Уметалиева көчөсүнөн баштап Миң-Булак айылына карай, Жаштар көчөсү);
· Шоро жамааты 20 делегат (А.Уметалиева көчөсүнөн баштап Ч.Сатаев көчөсүнүн 243 үйүнө чейин, Ч.Сатаев көчөсүнүн №98 үйүнөн баштап №250 үйүнө чейин);
· Кызыл-Бакыр жамааты 15 делегат (Ч.Сатаев көчөсүнүн №245 үйүнөн баштап Бакыян айылына чейин);
3. Делегаттарды шайлоо ачык добуш берүү жолу менен ишке ашырылат. Эң көп добуш алган талапкерлер делегат болуп шайланат.
4. Гендердик теңдикти эске алуу менен бир жыныстын өкүлдөрү белгиленген квотага ылайык 70 пайыздан ашык боло албайт. Мисалы 15 делегат шайланса, анын 10 делегаты бир жыныстын өкүлдөрү болсо, 5 делегат башка жыныстын өкүлү болушу тийиш. 20 делегат болгон учурда 14 делегат жана 6 делегат болуп бөлүнөт.
5. Жергиликтүү жамааттардын жыйындарын, тиешелүү аймакка жооптуу болуп бекитилген айылдык Кеңештин депутаты алып барат.
6. Жергиликтүү курултайга делегаттыкка талапкерлерди көрсөтүү ошол жыйындарга катышкан жергиликтүү жамааттын бардык мүчөлөрү ээ.
7. Жыйындар имараттын ичинде, ачык асман алдында, коомдук жайларда ж.б. жерлерде уюштурулуусу мүмкүн.
8. Жыйындардын жана чогулуштардын протоколдору түзүлүшү керек жана ал протоколдордору жана шайланган делегаттардын анкеталары Элдик Курултайды уюштуруу боюнча жумушчу топко тапшырылат.
9. Кайсы бир себептерден улам жергиликтүү курултайдын делегаты мөөнөтүнөн мурда чыгып калган учурда, анын мандаты ошол эле аймактан кийинки көпчүлүк добушту алган делегаттыкка талапкерге ыйгарылат.
10. Боо-Терек айылынын жергиликтүү Курултайы делегаттардын жарымынан көпчүлүгү катышкан учурда укук ченемдүү болуп эсептелинет. Шайланган делегаттардын катышуусун камсыз кылуу жагы ошол аймакка жооптуу болуп бекитилген жергиликтүү Кеңештин депутаттарына жана жумушчу топко милдеттендирилет.
11. Боо-Терек айылынын атынан бүткүл Республикалык Курултайга 1 делегат шайланат. Шайлоо убактысы графикке ылайык жергиликтүү Кеңеш тарабынан белгиленет.
12. Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча уюштуруу комитетинин 2023- жылдын 26-сентябрындагы №1 чечими менен бекитилген нускамада бекитилген тартипке ылайык жүргүзүлөт.
13. Бүткүл Элдик Курултайга Боо-Терек айылынын атынан көйгөйлүү маселелер жергиликтүү айылдын курултайында делегаттар тарабынан сунушталат (3төн көп эмес). Бул көйгөйлөр алдын ала Уюштуруу комитетине жөнөтүлөт.
Төрага |
| Мамыралиев А. |