Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-декабры № 635
"Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Улуттук филиалынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25 апрелиндеги № 289 токтомунун редакциясына ылайык)
"Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Улуттук филиалынын кызматчыларына эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 569 "Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Улуттук филиалынын кызматчыларынын эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. "Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук филиалынын кызматчыларынын чектүү штаттык саны жана кызматтык маянасына эселөө коэффициенттеринин өлчөмү ушул токтомдун 1-3-тиркемелерине ылайык белгиленсин.";
2) жогоруда аталган токтомдун 1, 2-тиркемелери ушул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
3) ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда 3-тиркеме менен толукталсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 289 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды ишке ашырууга финансылык каражаттарды карасын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
|
|
"Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук филиалынын кызматчыларынын кызматтык маянасына эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат ордунун аталышы | Эселөө коэффициенти |
1 | Директор | 5,99 |
2 | Директордун орун басары | 5,48 |
3 | Башкы бухгалтер | 5,48 |
4 | Менеджер | 3,99 |
5 | Юрист | 3,77 |
6 | Бухгалтер-кассир | 3,86 |
7 | Кадрлар боюнча улук инспектор - иш кагаздарын жүргүзүүчү | 3,60 |
8 | Башкы редактор | 5,48 |
9 | Телевидениенин шеф-редактору | 4,14 |
10 | Баяндамачы | 3,92 |
11 | Улук кабарчы | 3,86 |
12 | Кабарчы | 3,68 |
13 | Алып баруучу | 3,15 |
14 | Редактор | 2,55 |
15 | Координатор | 2,00 |
16 | Режиссёр | 3,59 |
17 | Продюсер | 3,47 |
18 | Улук оператор | 3,86 |
19 | Оператор | 3,48 |
20 | Компьютердик графика дизайнери | 3,53 |
21 | Видеомонтаж инженери | 3,33 |
22 | Радионун шеф-редактору | 3,86 |
23 | Радионун кабарчысы | 3,05 |
24 | Үн режиссёру | 2,76 |
25 | Үн инженери | 2,76 |
26 | Техникалык комплекстин начальниги | 4,17 |
27 | Радиоэлектроника боюнча жетектөөчү адис | 3,33 |
28 | Техникалык контролдоо бөлүмүнүн редактору | 2,45 |
29 | Эфир инженери | 2,76 |
30 | Системалык администратор | 3,86 |
".
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
"Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук филиалынын кенже тейлөөчү персоналынын кызматкерлеринин кызматтык маянасына эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат ордунун аталышы | Эселөө коэффициенти |
1 | Административдик-чарба бөлүмүнүн начальниги | 3,86 |
2 | Айдоочу | 2,78 |
3 | Техник | 1,50 |
4 | Тазалагыч | 1,50 |
5 | Короо шыпыргыч | 1,50 |
6 | Чабарман | 1,50 |
7 | Электрик | 1,50 |
".
|
| 3-тиркеме |
|
|
|
"Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук филиалынын кызматчыларынын чектүү штаттык саны
№ | Кызмат ордунун аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
1 | Директор | 1 |
2 | Директордун орун басары | 1 |
3 | Башкы бухгалтер | 1 |
4 | Менеджер | 1 |
5 | Юрист | 1 |
6 | Бухгалтер-кассир | 1 |
7 | Кадрлар боюнча улук инспектор - иш кагаздарын жүргүзүүчү | 1 |
8 | Башкы редактор | 1 |
9 | Телевидениенин шеф-редактору | 1 |
10 | Баяндамачы | 1 |
11 | Улук кабарчы | 3 |
12 | Кабарчы | 3 |
13 | Алып баруучу | 1 |
14 | Редактор | 2 |
15 | Координатор | 1 |
16 | Режиссёр | 1 |
17 | Продюсер | 1 |
18 | Улук оператор | 1 |
19 | Оператор | 4 |
20 | Компьютердик графика дизайнери | 1 |
21 | Видеомонтаж инженери | 3 |
22 | Радионун шеф-редактору | 1 |
23 | Радионун кабарчысы | 4 |
24 | Үн режиссёру | 1 |
25 | Үн инженери | 1 |
26 | Техникалык комплекстин начальниги | 1 |
27 | Радиоэлектроника боюнча жетектөөчү адис | 5 |
28 | Техникалык контролдоо бөлүмүнүн редактору | 1 |
29 | Эфир инженери | 3 |
30 | Системалык администратор | 1 |
31 | Административдик-чарба бөлүмүнүн начальниги | 1 |
32 | Айдоочу | 5 |
33 | Техник | 1 |
34 | Тазалагыч | 2 |
35 | Короо шыпыргыч | 1 |
36 | Чабарман | 1 |
| Жыйынтыгы | 60 |
".