Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-сентябры № 569
"Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Улуттук филиалынын кызматчыларынын эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 180, 2023-жылдын 4-декабрындагы № 635, 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 292 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1993-жылдын 24-декабрындагы, Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 26-июлундагы N 42 Мыйзамы менен ратификацияланган "Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын ишин тоскоолдуксуз жана көз карандысыз жүргүзүүнүн эл аралык-укуктук кепилдиктери жөнүндө макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук филиалынын кызматчыларынын эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
1-1. Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 180 токтомунун редакциясына ылайык)
2. "Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук филиалынын кызматчыларынын чектүү штаттык саны жана кызматтык маянасына эселөө коэффициенттеринин өлчөмү ушул токтомдун 1-3-тиркемелерине ылайык белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 635 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, кызматкерлерге жогорку квалификациясы, эл аралык деңгээлде чыгармачылык жана кесиптик демилге көрсөткөндүгү үчүн бир кызматтык маянага чейинки өлчөмдө ар айлык үстөк төлөнөт;
2) президенттик компенсациялык төлөм төмөнкүдөй төлөнөт:
- техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, кызматкерлерге бир штаттык бирдикке (1 ставкага) 15000 сом өлчөмүндө;
- техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга бир штаттык бирдикке (1 ставкага) 5000 сом өлчөмүндө;
3) президенттик компенсациялык төлөм өргүүлөрдү, ден соолукту чыңдоого жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы зоналарында жашагандыгы жана иштегендиги үчүн эмгек акыга кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт, иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн бир штаттык бирдиктен (1 ставкадан) ашык эмес төлөнөт;
4) техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, кызматкерлерге ченемделбеген жумуш күнү үчүн үстөк кызматтык маянадан 40 пайызга чейинки өлчөмдө төлөнөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 292 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 5-апрелиндеги N 173 "Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Улуттук филиалынын маселелери" жөнүндө токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Бул токтом 2011-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз республикасынын Премьер-министри |
| А.Атамбаев |
|
| 1-тиркеме |
"Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук филиалынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 292 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти |
1 | Директор | 6,60 |
2 | Директордун орун басары | 6,40 |
3 | Башкы бухгалтер | 5,50 |
4 | Менеджер | 5,10 |
5 | Юрист | 4,90 |
6 | Бухгалтер-кассир | 5,00 |
7 | Кадрлар боюнча улук инспектор - иш кагаздарын жүргүзүүчү | 4,50 |
8 | Башкы редактор | 6,20 |
9 | Телевидениенин шеф-редактору | 5,30 |
10 | Баяндамачы | 5,05 |
11 | Улук кабарчы | 5,00 |
12 | Кабарчы | 4,80 |
13 | Алып баруучу | 4,15 |
14 | Редактор | 3,60 |
15 | Координатор | 2,80 |
16 | Режиссер | 4,70 |
17 | Продюсер | 4,55 |
18 | Улук оператор | 5,00 |
19 | Оператор | 4,55 |
20 | Компьютердик графика дизайнери | 4,60 |
21 | Видеомонтаж инженери | 4,25 |
22 | Радионун шеф-редактору | 5,00 |
23 | Радионун кабарчысы | 4,10 |
24 | Үн режиссёру | 3,85 |
25 | Үн инженери | 3,85 |
26 | Техникалык комплекстин начальниги | 5,35 |
27 | Радиоэлектроника боюнча жетектөөчү адис | 4,25 |
28 | Техникалык контролдоо бөлүмүнүн редактору | 3,45 |
29 | Эфирдин инженери | 3,85 |
30 | Системалык администратор | 5,00 |
31 | Административдик-чарбалык бөлүмдүн начальниги | 5,00 |
|
| 2-тиркеме |
"Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук филиалынын техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 292 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти |
1 | Айдоочу | 2,80 |
2 | Техник | 2,80 |
3 | Электрик | 2,10 |
4 | Тазалоочу | 1,80 |
5 | Короо тазалоочу | 1,80 |
6 | Курьер | 1,80 |
|
| 3-тиркеме |
"Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук филиалынын кызматчыларынын чектүү штаттык саны
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 635 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кызмат ордунун аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
1 | Директор | 1 |
2 | Директордун орун басары | 1 |
3 | Башкы бухгалтер | 1 |
4 | Менеджер | 1 |
5 | Юрист | 1 |
6 | Бухгалтер-кассир | 1 |
7 | Кадрлар боюнча улук инспектор - иш кагаздарын жүргүзүүчү | 1 |
8 | Башкы редактор | 1 |
9 | Телевидениенин шеф-редактору | 1 |
10 | Баяндамачы | 1 |
11 | Улук кабарчы | 3 |
12 | Кабарчы | 3 |
13 | Алып баруучу | 1 |
14 | Редактор | 2 |
15 | Координатор | 1 |
16 | Режиссёр | 1 |
17 | Продюсер | 1 |
18 | Улук оператор | 1 |
19 | Оператор | 4 |
20 | Компьютердик графика дизайнери | 1 |
21 | Видеомонтаж инженери | 3 |
22 | Радионун шеф-редактору | 1 |
23 | Радионун кабарчысы | 4 |
24 | Үн режиссёру | 1 |
25 | Үн инженери | 1 |
26 | Техникалык комплекстин начальниги | 1 |
27 | Радиоэлектроника боюнча жетектөөчү адис | 5 |
28 | Техникалык контролдоо бөлүмүнүн редактору | 1 |
29 | Эфир инженери | 3 |
30 | Системалык администратор | 1 |
31 | Административдик-чарба бөлүмүнүн начальниги | 1 |
32 | Айдоочу | 5 |
33 | Техник | 1 |
34 | Тазалагыч | 2 |
35 | Короо шыпыргыч | 1 |
36 | Чабарман | 1 |
| Жыйынтыгы | 60 |