Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 5-апрели № 157-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине ылайык:
1. 2023-жылдын 3-мартында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга ("Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо" долбоору) жана Кыргыз Республикасы, "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга ("Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо" долбоору) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-апрелиндеги № 157-т тескемеси менен жактырылган |
2023-жылдын 3-мартында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга ("Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо" долбоору) жана Кыргыз Республикасы, "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга ("Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо" долбоору) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
2023-жылдын 3-мартында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу жана Кыргыз Республикасы, "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу ("Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо" долбоору) (мындан ары - Макулдашуулар) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 8-беренелерине ылайык Макулдашуулар аларга кол коюлганга чейин мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2023-жылдын 16-январындагы чечими, Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 2023-жылдын 24-январындагы чечими, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 2023-жылдын 30-январындагы чечими) менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 71-т тескемеси менен жактырылган.
Долбоордун максаты Лебединовка ГЭСин калыбына келтирүү болуп саналат, бул ГЭСти эксплуатациялоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо электр энергиясын иштеп чыгууну жылына 34,2 ГВт сааттан 53,5 ГВт саатка чейин көбөйтүүгө жөндөмдүү, башкача айтканда иштеп чыгууну 56%га жогорулатат.
Долбоор Кыргызстандын экономикасын модернизациялоо боюнча күч-аракеттерди жумшоо менен 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына толук ылайык келет. Максаты атаандаштыкка жөндөмдүү санариптик экономикага өтүү жана инновациялык жана экологиялык таза технологияларды колдонуунун эсебинен "жашыл" өсүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат. Долбоор "Чакан ГЭС" ААКтын финансылык абалын жакшыртууга өбөлгө түзөт, муну менен энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт.
Долбоордун жалпы наркы 13,8 млн. еврону түзөт, анын ичинен 8,8 млн. евро кредит түрүндө (кредиттин мөөнөтү - 15 жыл, жеңилдетилген мезгил - 4 жыл, пайыздык ставка - 1% + 6 айлык Euribor ставкасы, кредит берүү үчүн бир жолку комиссия - 1%, каражаттарды резервдөө үчүн комиссия - 0,5%) жана 5,0 млн. евро инвестициялык грант түрүндө.
Кредиттик каражаттар белгиленген тартипте "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомуна рекредиттеле тургандыгына байланыштуу Макулдашууларды ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.
Аталган Макулдашууларды ратификациялоо кандайдыр бир финансы-экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык же башка терс кесепеттерге алып келбейт.