Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН
ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 3-апрели № 164
У.Э.Бердикожоев жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинин начальниги Бердикожоев Улан Эмилбекович аскер кызматында туруусунун чектүү курагына жеткендигине байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулсун.
Негиз:
- Кыргыз Республикасынын юстиция министри А.Б.Баетовдун сунушу;
- У.Э.Бердикожоевдин билдирмеси.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |