Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
2025-жылдын 2-сентябрындагы № 3 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2023-жылдын 25-декабрындагы № 215 токтому менен беитилген |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин системасындагы коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги
№ | Мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциясы (ыйгарым укуктары) | Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар | Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупция-лык тобокелдик-тин деңгээли (төмөн, орто, жогорку) | Түзүмдүк бөлүмдүн (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин) аталышы | Коррупциялык тобокелдикке кабылган кызмат орундары | Башка мамлекеттик органдарда/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болушу мүмкүнбү (ооба болсо, кайсы экенин көрсөтүңүз) | |
Уруксат берүү жана каттоо функциялары | ||||||||
1. | Жеке нотариустардын жайларына карата коюлган талаптарга шайкештик боюнча корутундуларды берүү | Нотариалдык иш жүргүзүү үчүн ылайыксыз имараттар боюнча оң корутундуларды берүү
| Кырдаалдык | Орто | КР ЮМ аймактык бөлүмдөрү | - начальник; - начальниктин орун басары; - башкы адис; - жетектөөчү адис; - адис. | Бул тобокелдиктер КР ЮМ ишине гана тиешелүү болушу мүмкүн
| |
2. | Юридикалык жактарды жана юридикалык жактардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн), жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоону, кайра каттоону жана ишин токтотууну каттоо | Арыз ээсинин кызматкерлер менен түз байланышы.
| Кырдаалдык | Төмөн | Юридикалык жактарды каттоо башкармалыгы (саясий партияларды каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотууну каттоо) | - начальник; - башкы адис; - жетектөөчү адис; - адис.
| Бул тобокелдиктер каттоо функциялары берилген мамлекеттик органдардын ишине таандык болушу мүмкүн | |
КР ЮМ аймактык бөлүмдөрү | ||||||||
Кызмат көрсөтүү боюнча функциялар | ||||||||
3. | Нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү
| Мамлекетке жана жарандарга зыян келтирүү менен документтерге жасалма кол коюу, керээздерди эсепке алуунун алфавиттик китептериндеги жазууларды өзгөртүү (маалыматтарды “мурдагы число менен жазуу” аркылуу киргизүү). Мыйзамсыз сыйлыктарды алуу максатында арыз ээлерине негизсиз тоскоолдуктарды түзүү (документтерди негизсиз талап кылуу)
| Потенциалдуу | Жогору | Мамлекеттик нотариалдык кеңсе | Мамлекеттик нотариустар | Бул тобокелдиктер КР ЮМ ишине гана тиешелүү болушу мүмкүн
| |
Текшерүү функциялары | ||||||||
4. | Нотариустардын ишин текшерүүнү жүргүзүү
| Табылган бузууларды жашыруу коркунучу бар; Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча лицензияны узартууда, токтото турууда жана колдонуу мөөнөтүн жаңыртууда нотариус менен сүйлөшүп алуу
| Кырдаалдык | Орто | Нотариат жана апостилдештирүү башкармалыгы | - начальник; - башкы адис; - жетектөөчү адис; - адис.
| Бул тобокелдиктер текшерүү функциялары берилген мамлекеттик органдардын ишине таандык болушу мүмкүн
| |
Ички функциялар | ||||||||
5. | Кабыл алуу, дайындоо, которуу, ротациялоо, конкурстар Аттестациялоо | Персоналды кабыл алууда, дайындоодо, которууда, көтөрүүдө жана ротациялоодо белгилүү бир адамдын кызыкчылыктарын колдоо; Аттестациялоонун жыйынтыгына таасир этүү менен белгилүү бир адамдын кызыкчылыктарын колдоо | Кырдаалдык | Орто | КР ЮМ конкурстук комиссиясы, адам ресурстарын башкаруу бөлүмү | - бөлүм башчы; - башкы адис; - жетектөөчү адис.
| Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине таандык болушу мүмкүн | |
6. | Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча иштерди жүргүзүү | Кызыкчылыктардын кагылышуусу (аффилирленүү);муктаждыктар-ды адекваттуу баалоонун жоктугу; кош мааниде кабыл алууга өбөлгө түзүүчү ачык эмес, так эмес мүнөздөмөлөр же бир компаниянын продуктун сыраттоочу мүнөздөмөлөрдүтүзүү ж.б.
| Кырдаалдык | Орто | Финансылык пландоо жана материалдык камсыздоо башкармалыгы | - начальник; - мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы; - жетектөөчү адис. | Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине таандык болушу мүмкүн | |
Юридикалык жардам берүү (ЮЖБ) чөйрөсүндөгү функциялар | ||||||||
7. | ЮЖБнын алкагында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттар менен арыз берүүчүлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыздоо | Адвокатты дайындоодо, юридикалык жардам көрсөтүүдө жана адвокаттын акысын төлөө жөнүндө документтерди кароодо сүйлөшүп алуу | Кырдаалдык | Орто | КР ЮМ алдындагы Юридикалык жардам кызматы (ЮЖК), ЮЖК региондор аралык бөлүмдөрү | - башкарма-лыктын начальниги; - сектор башчы; - регионалдык башкармалыгынын начальниги; ЮЖКнын координатор-лору: - башкы адис; - жетектөөчү адис; - адис.
| Бул тобокелдиктер КР ЮМ ишине гана тиешелүү болушу мүмкүн
| |
Айыпталуучуга (сотко чейинки пробация кардарына) карата пробациялык баяндаманы түзүү жөнүндө соттун талаптарын аткаруу боюнча функциялар | ||||||||
8. | Адамды социалдык-психологиялык изилдөөнүн, кылмыш жасоого түрткү болгон социалдык-тиричиликтик жана башка жагдайларды изилдөөнүн натыйжалары боюнча пробация органдарынын корутундусу жана коомдон обочолонтууга, жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын колдонууга байланышпаган жазык жазаларын колдонуу мүмкүнчүлүгү (мүмкүн эместиги) жөнүндө корутундулар
| Сотко чейинки пробациянын кардары менен сүйлөшүп алуу жана айыпталуучунун реалдуу социалдык-психологиялык портретин чагылдырбаган корутундуну сотко жиберүү
| Кырдаалдык | Жогору | КР ЮМ алдындагы Пробация департаментинин аймактык пробация органдары (райондук жана шаардык бөлүмдөрү)
| - начальник; - начальниктин орун басары; - бөлүм башчы; - башкы адис; - жетектөөчү адис; - адис. | Бул коррупциялык тобокелдик КР ЮМ алдындагы Пробация департаментинин ишине гана тиешелүү болушу мүмкүн
| |
Эркинен ажыратууга жана шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга байланышпаган жазаларды аткаруу функциялары (аткаруу жана пенитенциардык пробациянын кардарлары) | ||||||||
9. | Алар тарабынан жаңы укук бузуулардын жасалышын оңдоо жана алдын алуу максатында көзөмөлдө турган адамга карата чаралар комплексин көрүү, пробация кардарына сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди жана алардын жүрүм-турумунун аткарылышын контролдоо боюнча пробация органынын иши | Пробация кардары тарабынан жасалган бузууларды жашыруу жана пробациянын кардарына карата сот актыларын жашыруу тобокелдиги бар; Милдеттенмелерди жарым-жартылай же толук жокко чыгаруу жөнүндө сунушту сотко жиберүү максатында пробациянын кардары менен сүйлөшүп алуу.
| Кырдаалдык | Жогору | Пенитенциардык пробация башкармалыгы
| - начальник; - башкы адис; - жетектөөчү адис; - адис.
| Бул коррупциялык тобокелдик КР ЮМ алдындагы Пробация департаментинин ишине гана тиешелүү болушу мүмкүн
| |
КР ЮМ алдындагы Пробация департаментинин аймактык пробация органдары (райондук жана шаардык бөлүмдөрү) | - начальник; - начальниктин орун басары; - бөлүм башчы; - башкы адис; - жетектөөчү адис; - адис. | |||||||
Эркиндигинен ажыратууга байланышкан жазаларды аткаруу функциялары | ||||||||
10. | Кабыл алуу, дайындоо, которуу, ротациялоо | - мыйзамдуу талаптарга жооп бербеген талапкерлерди кызматка кабыл алуу; - квалификациялык талаптарга ылайык келбеген кызматкерлерди жогору турган кызмат ордуна дайындоо; - учурдагы тартиптик жазаларды жана башка басмырлоочу маалыматтарды жашыруу; - белгиленген талаптарды бузуу менен атайын наамдарды ыйгаруу | Кырдаалдык | Орто | Кадрдык иш бөлүмү | Борбордук аппараты: - Кадрлар башкармалыгын башчысы. Комплектөө жана кызмат өтөө бөлүмү: - Бөлүмдүн башчысы; - улук тескөөчү; - тескөөчү. Уюштуруу-штаттык иштер, талдоо жана кесиптик даярдоо бөлүмү: - улук тескөөчү (кесиптик даярдык боюнча); - тескөөчү (кесиптик даярдык боюнча). ЖАКтын мекемелери: - мекеменин Башчысы; - Кадрдык жана тарбия иштер боюнча мекеме башчысынын орун басары. Кадр тобу: - улук тескөөчү; - тескөөчү.
| Бул тобокелдиктер жазык-аткаруу системасына гана тиешелүү болушу мүмкүн
| |
11. | Жаза өтөөнүн тартибин уюштуруу | - камераларга бөлүштүрүү; - тыюу салынган предметтерди алып өтүү; - айыпкер жана соттолгон адамдар менен уруксат берилбеген байланыш; - тергөөчүнүн, соттун, прокурордун уруксатысыз жолугушуу берүү. - жасалма ооруларды тариздөө максатында медицина кызматкерлеринин айыпкерлер жана соттолгондор менен сүйлөшүүсү. | Кырдаалдык | Орто | Жазык-аткаруу системасынын тергөө изолятору, Башкы медициналык башкармалык | Тергөө изоляторлору: - мекеменин Башчысы; - ыкчам жана режимдик иштер боюнча мекеменин башчысынын орун басары; Нөөмөт бөлүгү: - Нөөмөт бөлүгүнүн башчысы; - улук тескөөчү; - Тергөө изоляторунун башчысынын нөөмөт жардамчысы. Режим жана күзөт бөлүмү: - Бөлүмдүн башчысы; - улук тескөөчү; - тескөөчү; - корпус боюнча улук контролер; - улук контролер; - контролер. Түрмө бөлүмү: - Бөлүмдүн башчысы; - улук ыкчам өкүлү; - ыкчам өкүлү; - отряддын башчысы – социалдык кызматкер; - контролер. Өткөрүү жана текшерип кароо бөлүмү: - Бөлүмдүн башчысы; - улук контролер; - контролер. Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду кар-моо боюнча бөлүмү: - Бөлүмдүн башчысы; - улук ыкчам өкүлү; - ыкчам өкүлү; - отряддын башчысы – социалдык кызматкер; - контролер. Ыкчам бөлүм: - Бөлүмдүнбашчысы; - улук ыкчам өкүлү; - ыкчам өкүлү. Медицина бөлүгү: - башчы– врач; - улук тескөөчү – врач; - фельдшер. Борбордук клиникалык-бактериоло-гиялык лаборатория: - Лаборатория-нын башчысы; - улуктескөөчү врач – лаборант; - лаборант. Финансы-чарба бөлүмү: - Кампа баш-чысы. Түзөттү мекемелери: - Мекеменин башчысы; - Ыкчам жана режимдик иштер боюнча мекеме башчысынын орун басары; - Кадр жана тарбия иштери боюнча мекеме башчысынын орун басары. Нөөмөт бөлүгү: - Нөөмөт бөлүгүнүн башчысы; - мекеме башчысынын нөөмөт жардамчысы. Ыкчам бөлүм: - Бөлүмдүн башчысы; - улук ыкчам өкүлү; - ыкчам өкүлү. Режим жана күзөт бөлүмү: - Бөлүмдүн башчысы; - улук тескөөчү; - тескөөчү; -улук контролер; - контролер. Тарбия бөлүмү: - Бөлүмдүн башчысы; - отряддын башчысы – социалдык кызматкер. Медицина бөлүгү: - башчысы – врач; - тескөөчү – врач; - фельдшер. Финансы-чарба бөлүмү: - Кампа баш-чысы. | Бул тобокелдиктер жазык-аткаруу системасына гана тиешелүү болушу мүмкүн
| |
12. | Шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу | - колонияларга бөлүштүрүү; - КПга которуу (жашаган жери боюнча жана режимге ылайык); - УДОдо чечим кабыл алууну сүрөмөлөө. | Кырдаалдык | Орто | Жазык-аткаруу системасынын атайын комиссиясы (Өкүмдөрдү аткаруу жана атайын эсепке алуу башкармалыгы) | Борбордук аппарат: - Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун Атайын комиссиясы. Түзөтүү мекемелеринде: - Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин комиссиялары; - Түзөтүү мекемелеринин башчылары; - Кадрдык жана тарбия иштер боюнча мекеме башчыларынын орун басарлары; - Тарбия бөлүмдөрүнүн башчылары; - Отряддардын башчылары – социалдык кызматкерлер; - Өкүмдөрдү аткаруу жана атайын эсеп бөлүмдөрүнүн (топторунун) башчылары, улук тескөөчүлөрү жана тескөөчүлөрү.
| Бул тобокелдиктер жазык-аткаруу системасына гана тиешелүү болушу мүмкүн
| |
Соттук-эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча функциялар (СЭК) | ||||||||
13. | Соттук-эксперттик ишти уюштуруу жана жүргүзүү
| - экспертизаны жүргүзүү мөөнөттөрүн тездетүү; - материалдарды (изилдөө объекттерин) кабыл алууда экспертизаны дайындаган адамдар менен эксперттердин, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жеке байланышы; - изилдөөнүн ташылбаган жана ташылуучу көлөмдүк объекттерин (кыймылсыз, кыймылдуу жана башка изилдөө объектилерин) изилдөө үчүн атайын курулманын болбогондугу; - кезектүүлүктү жасалма түзүү жана экспертиза жүргүзүүнүн кезегин сактабоо.
| Кырдаалдык | Жогору | СЭКтин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү | - начальник; - эксперт.
| Бул тобокелдиктер экспертизаларды дайындоо жана жүргүзүү функциялары жүктөлгөн бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн
| |
14. | СЭКтин кызматкерлерин жана эксперттерин кабыл алуу, дайындоо, которуу, конкурстар
| - кабыл алууда, дайындоодо, которууда, кызматынан жогорулатууда үчүнчү жактардын кызыкчылыктарын коргоо
| Кырдаалдык | Орто | Конкурстук комиссиялар, СЭКтин укуктук камсыздоо жана кадрдык иш бөлүмү
| - бөлүм башчы; - башкы адис; - жетектөөчү адис; - адис; - эксперт.
| Бул коррупциялык тобокелдик СЭКтин ишине гана тиешелүү | |
15. | Сертификациялоону жүргүзүү - соттук эксперттин компетенциясынын сертификатын берүү, берүүдөн баш тартуу, токтото туруу, токтотуу жана ажыратуу
| Талапкерлердин сертификациялоо жол-жоболорунан өтүү үчүн берилген документтерин кароо; -квалификациялык экзамендерди өткөрүү; - чечимди кабыл алуу: - компетенттүүлүк сертификатын берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө; - компетенттүүлүк сертификатын токтото туруу, токтотуу жана ажыратуу жөнүндө.
| Потенциалдуу | Жогору | Эксперттик-квалификациялык комиссия
| - начальник; - начальниктин орун басары; - бөлүм башчы; - башкы адис; - жетектөөчү адис; - адис; - эксперт.
| Бул коррупциялык тобокелдик СЭКтин бул эксперттик-квалификациялык комиссиясынын чакан комиссиялары болгон мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү
| |
|
|
|
|
|
|
|
|
|